"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Конституциялык реформа, өлкөдөгү соңку жагдай тууралуу “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикменин жетекчиси, эл аралык мамилелер боюнча адис Кубан Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.
КУУнун юридикалык институтунун конституциялык укук боюнча кафедра башчысы, профессор Сүйөркул Косаков Баш мыйзамдын альтернативдүү долбоорун сунуш кылууда. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт сунуш кылган долбоордо президент менен парламенттин "ит жыгылыш" тирешүүсү сакталып калып жатат.
3-май - эркин басма сөздүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата медиа эксперт, көз карандысыз талдоочу Кубан Абдыменди сөзгө тарттык.
Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев тергөө органдары тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү далилдер топтолгонун, жакын арада аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кескин чаралар көрүлөөрүн билдирди.
1-майда экс-президент К. Бакиевдин аппарат жетекчиси К. Жороевдин жүздөн ашуун тарапкери Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акция өткөрүштү.
Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев жаңы бийлик экономика жаатында эң биринчи энергетика тармагына көңүл буруп, бул тармактагы коррупциянын уясын бузуш керек деп эсептейт.
Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева азыркы убактылуу өкмөт легитимдүү болуп таанылмайынча башаламандык токтобойт деп эсептейт.
“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова өлкөдө элдин бөлүнүүсүнө негиз жок, президенттин мындан аркы тагдырын убактылуу өкмөт кабыл алган декреттин негизинде чечүүгө кадам таштай бериш керек деп эсептейт.
Ош облусунун мурунку губернатору, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, коомдук ишмер Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга баам салат.
Экономикалык талдоочу Жаныбек Оморов энергетика тармагы туура башкарылып, иш билги адистер келсе Кыргызстанды гүлдөтөт деп эсептейт.
Парламенттин мурунку төрөгасы, “Элдик кеңеш” кыймылынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев жалпы кыргыз элинин курултайын чакырып, бүгүнкү убактылуу өкмөттү мыйзамдуу кылып бекитүү зарыл деген оюн билдирди.
Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси, белгилүү коомдук ишмер Базарбай Мамбетов убактылуу өкмөттүн алдындагы биринчи кезекте чечүүнү талап кылган маселелер катары токтоп турган заводдорун ишин жандантууну, "Кумтөр" алтын кени боюнча келишимди кайра карап чыгууну, Россия, Казакстан, Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарды колго алууну атады.
Президент К. Бакиев жанын, ага-туугандарын, бала-бакырасын сакташ үчүн жан айласы кылып, эл аралык уюмдардан арга издөөдө. Буга кыргыз эли дагы, эл аралык коомчулук дагы жол бербеши керек дейт саясат талдоочу, аскер жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчакеев.
Нарында курултайга чогулган эл облустук акимчиликке кирип, элдик губернатор шайлады. Таласта облустук акимчилик оппозициянын колунда турат. Бишкекте, Аксыда, Токмокто, Сокулукта каршылык акциялары өтүп жатат. Баш калаанын борбордук аянтын көздөй эл ага баштаганы айтылууда. “Форум медианын” алдында милиция менен митингчилер кагылышты.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Жогорку Кеңеште жакырчылыкты азайтуу, аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тынчтыкты, коопсуздук камсыздоо, адам укугун, басма сөз эркиндигин коргоо маселелерин козгоду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышында кар көп жаагандыктан жаз айларында суу ташкындары болушу мүмкүндүгүн эскертип жатат. Мына ушул жаратылыш коркунучтары жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана ММК менен иштөө бөлүмүнүн адиси Абдишарип Бекилов “Азатыктын” окурмандарына айтып берди.
Оппозиция президент сунуштап жаткан “кеңешме демократияны” талкуулоо үчүн бүгүн Бишкекте жыйын өттү. Президенттин жаңы саясий демилгеси боюнча “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ой-пикир бөлүштү.
“Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорун Президент Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтту. Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, окумуштуу Абдылдажан Акматалиевди ушул темада кепке чакырдык.
Москвадагы болгон жардыруулардан кийин келгин адамдардын үстүнөн текшерүүлөр күчөп, эмгек мигранттарынын турмушу кыйындайт деген тынчсыздануулар болуп жатат. Алардын ой-санаасын баскан маселелер жөнүндө Москвадагы кыргыздардын «Аруужан» коомдук фондунун төрайымы Бактыгүл Сейитбекова айтып берди.
1-апрелде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын лидери Иван Гашпарович жолугушту. Кыргыз-словак мамилелери тууралуу тарыхчы Турат Сырдыбаев “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз