"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Бүгүн акыйкатчы Т. Акун президент К. Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Акыйкатчы андан соң “Азаттыкка” маек куруп, өлкө башчы менен адам укуктары, Исмаил Исаковдун камалышы тууралуу сөз болгонун айтты.
23-мартта Бишкекте өтчү бийликтин Ынтымак курултайына катышчу делегаттардын баары такталды. Бул тууралуу Президенттин Катчылыгынын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал сөзүн курултайдын күн тартибин бекитүү боюнча маселелерден баштады.
Президент Курманбек Бакиев бөлгөн орун боюнча Ынтымак курултайга катышчу делегаттардын тизмеси жарыяланды. Андагы жүз элүү кишинин арасында келишкис оппозициядан бир да өкүл жок.
Эл аралык донорлор Кыргызстанга энергетикалык жана экономикалык каатчылыктын алдын алуу үчүн тогуз миллион доллар берет. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер билдирди. Бул каражат эн оболу энергетикалык системаны чыңдоо жана калктын аялуу катмарынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн жумшалмакчы.
“Азаттык” 8-март - айымдардын эл аралык күнүн утурлап, аялдардын саясаттагы орду тууралуу түз ободо талкуу уюштурду. Ага Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева менен “Ак жол” фракциясынын депутаты Динара Молдошева катышты.
Кыргызстандагы кризистик борборлор аларга кайрылган аялдардын саны күндөн күнгө өсүп баратканын билдирүүдө. Жардам сурап бараар жери калбай калган кыз-келиндердин көбү - көп аялдуулук, расмий катталбаган нике, күчкө салып үйлөнүү өңдүү көрүнүштөрдүн курмандыгы.
Өткөн жылдын этегинде көлөмдүү, отуз үч миң сөздүү кыргыз-фарсы сөздүгү жарык көргөн. Аталган сөздүктүн автору, чыгыш таануучу Нурланбек Балтаев “Азаттыкка” маек куруп бул эмгегин жаратууга он үч жыл сарпталганын айтып берди.
“Московский комсомолец - Кыргызстан” гезитинин баш редактору Улугбек Бабакулов орусиялык басылманын өкүлчүлүгүн Кыргызстанда каттатуу үчүн алтынчы жолу Адилет министрлигине арыз тапшырды. Журналист “Азаттыкка” маек куруп гезитти каттатуу аракетинен баш тартпай турганын, керек болсо соттошууга даяр экенин билдирди.
2-мартта премьер-министр Данияр Үсөнов тарифтер көтөрүлгөндөн кийин айрым бюджеттик мекемелердин айлыгы беш миң сомго жетпеген кызматкерлерине кошумча эки жүз сомдон берилбей жаткандыгы үчүн каржы министрин жемеге алды. 10-мартта чейин кошумча каражаттын баарын төлөп берүүнү тапшырды.
“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде Баш мыйзамды жаңылоонун зарылчылдыгы жок деп бидирди. Анын көз карашында, Мамлекеттик кеңеш түзүү аракеттери мамлекеттик башкаруунун баш аламандыкка гана алып келет.
Бүгүн Бишкекте бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушунун мыйзамдуулук маселесин талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” маек курду.
Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу кечээги жыйынында катарынан “Элдик кеңеш” кыймылын өз катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Анын чоо-жайын “Элдик кеңештин” төрагасы Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова Кыргызстандагы ички иштер органдарын реформалоо боюнча
Тарых илимдеринин доктору, Жалал-Абат университетинин ректору Ташманбет Кененсариев 23-мартта боло турган Ынтымак курултайынын маани-максатына байланыштуу ой-пикир бөлүштү.
Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт.
Аталган кеңештин мүчөсү, укук коргоочу Бурул Макенбаева кеңештин тарап кетишин көз караштар дал келбей калышы менен байланыштырат.
Бишкек жана Ош шаарларында эмгек мигранттар четке аттанган жайларда: аэропорт, бекет, ири базарларда, ошондой эле Эмгек, калкты ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинде ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча маалымат бериле баштайт.
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети кытай тили боюнча мектеп куруу тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды. Ага ылайык, кытай өкмөтү элүү миллион юанды Бишкекте мектеп куруу үчүн кайтарымы жок берет. Мектеп бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Ал арада айрым серепчилер Кыргызстанда кытайлашуу жараяны башталганын, мунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүшү керектигин айтып жатышат.
Казакстанда иштеген жүздөн ашуун кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыкты. Алар Казакстанда соңку бир жылда соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышты, бул маселени чечип берүүгө бийликке эки жумадай убакыт беришти.
Эркин журналист Г.Павлюктун өлгөнүнө кырк күн болду. Бул күнгө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси баштаган медиа уюмдар “Эстен кетпейт. Геннадий Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн” деген акция баштады.
Дагы жүктөңүз