Кыргыз театрынын кийинки муундагы таланттуу актерлорунун бири Данияр Жанжигитов учурда 1937-жылы курулган эски үйдө жашайт. Ал акыркы жылдарда сахнада Индия эпосторундагы хандардын, Айтматовдун чыгармаларында башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө, сынчылардын жылуу пикирлерине арзып келет. Бүгүнкү күндө жалпы эле жаш актерлордун социалдык көйгөлөрү, айрыкча турак жай маселеси эң башкы көйгөй.
Борбор Азия
ишемби 14 Март 2020
Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча да сөз болду.