Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Борбор Азия

Сыдыман: Алты жылга соттолгудай кылмыш кылган эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:53 0:00

Прокуратура блогер Элмир Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу нааразычылык жараткан. Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Чегиртке дыйкандарды кыйнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:36 0:00

Ушул күндөрү Азиянын 20дан ашык өлкөсүн жана Африканы чегиртке каптады. Тажикстандын эң ири дыйканчылык аймагы болгон Хатлон облусундагы дыйкандар чегирткенин айынан ири зыянга учурап жатышат. Түркмөнстандын 35 миң гектар аянттагы эгини чегирткеге жем болду. Өзбекстан чегирткеге каршы күрөшкө ондогон техникалык каражаттарды жумшады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG