Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Борбор Азия

Депутаттар кантип добуш беришти?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга кетердин алдында ар бир пленардык жыйында 30 ашык мыйзамды карады. Алардын баары жөнөкөй маселелер эмес, арасында Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн (ӨЭУ) көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору да бар. Парламентте добуш берүү кандай болот кыскача видеону көрүңүз.

Тажикстандык дарыгерлер.
Тажикстандык дарыгерлер.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска кабылды. Түркмөнстандагы ооруканалар өпкөсү ооругандарга толду. Тажикстанда коронавируска чалдыккан догдурлардын саны 1700дөн ашты. Өзбекстанда илдеттин айынан "кызыл зоналардын" тизмеси улам узарып жатат. 

Казакстанды 30 жыл башкарып, президенттик кызматын өткөн жылы тапшырган Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылды. Бул тууралуу анын расмий сайты кабарлады.

Мурдагы президенттин канцеляриясы "Назарбаев учурда өзүн чектеп отурат. Камтама болууга негиз жок. Ал дагы деле аралыктан ишин улантып жатат", - деп жазды.

Ал арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 15 миң 877 адамга жеткенин жарыялады. Анын ичинен 97 адам каза тапкан.

Буга байланыштуу казак бийлиги келерки дем алыш күндөрү бир катар чектөөлөрдү киргизе турганын жарыялады. Эми Нур-Султан, Алматы, Караганда, Чымкент шаарларында соода борборлорунун, үстү жабылган базарлардын, фитнес борборлордун иши токтотула турганы эскертилди. Ачык жерде тамактануучу жайлар гана иштейт. Коомдук транспорттун каттамы чектелет.

65 жаштан жогору курактагылардын көчөгө чыгышына тыюу салынды.

Ал эми БУУнун Тажикстандагы кеңсеси өлкөдө 1700дөн ашуун медицина кызматкери коронавируска кабылганын 10-июндагы отчетунда жарыялады.

Уюм маалыматты Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинен алганын билдирген. Отчетто илдет 619 дарыгерге, 548 медайымга жукканы жазылган.

Бир аз күн мурда Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамалидин Абдуллазада илдетке чалдыккандар азая баштаганын айткан эле.

"Тажикстан май айынын ортосунда коронавирус илдетинин эң жогорку көрсөткүчүн басып өттү. Андан бери илдетке кабылгандар акырындап азайып баратат", - деген ал.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5 миң 221ге жетти. 51 адам каза тапты. Бирок тажикстандыктар каза болгондордун саны мындан бир нече эсе көп деп эсептешет.

Түркмөнстанда коронавирус илдети күн өткөн сайын күчөп бараткандай. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчыларынын маалыматына караганда Ашхабаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө катуу карантин өкүм сүрүүдө. Медицина кызматкерлери ооруканадан чыгарылбай, ооруканага сырттан эч ким киргизилбей да жатат.

"Ашхабаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө 245 адам өпкө оорусунун курч түрү менен түшкөн. Эки адам каза тапты, беш адам жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. Дарыгерлерди, медайымдарды жана санитарларды сыртка чыгарбай жатышат".

Кабарчынын маалыматына караганда Түркмөнстандын ооруканалары учурда болуп көрбөгөндөй оор шартта иштеп жатат.

Өпкөсү сезгенип келгендердин саны кескин өсүп, "Тез жардам" кызматы чакырууларга жетишпей калды. Ага карабай түркмөн бийлиги "өлкөдө коронавирус жок" деген позицияны бекем карманып отурат. Ошол эле учурда карантиндик чектөөлөрдү кайрадан күчөтүп, көчөлөрдү, коомдук жайларды дезинфекциялоо иштерин жандандырды.

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 1-августка чейин узарды. Илдеттин жугушу басаңдабай жатканына байланыштуу Ташкенттеги ири соода борборлору жабылганын шаардык милиция башкармалыгы кабарлады.

Ташкенттеги 71 район "кызыл зона" деген тизмеге киргизилгени кабарланды. Шаардык милиция башкармалыгы эми ал райондорду улуттук гвардиянын аскерлери көзөмөлдөй турганын билдирди.

"Ал райондордо 24 сааттык көзөмөл уюштурулат. "Кызыл зонага" кирген райондун тургундарына үйүнөн дүкөнгө жана дарыканага чейин гана чыкканга уруксат берилет. Ошондо да беткап тагынышы абзел".

Өзбекстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 5 миң 700гө жетти. 19 адам каза болду.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатат. Акыркы суткада 95 жаңы учур катталды. Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2657 адамга жетти. Анын ичинен 31 адам каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG