Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Борбор Азия

«Fitjab» стартабы 5 млн. долларга бааланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Кыргызстандыктар жасаган фитнес-тиркеме 5 миллион доллар турат. Жакында эле инвесторлордон аны каржылоо сунушу түштү. Тиркеменин авторлору видеосабактагы көнүгүүлөрдү хиджабчан айымдар аткаргандыктан, шариятка каршы келбесин айтышууда.

Сардабадагы кырсыктан кийинки көрүнүш.
Сардабадагы кырсыктан кийинки көрүнүш.

Өзбекстанда Сардаба кырсыгынын кесепеттерин жоюуга салым кошпогон фермерлер жеринен ажырап калышы мүмкүн экени тууралуу эскертүү алышты. Жергиликтүү жетекчилер «Ормон опуза» кылбаса ишкерлер кайрымдуулук кылбайт деп эсептешет.

Ал арада тамы кыйраган сардабалыктар бийликке нааразылык билдирип чогулушту.

Өзбек бийлиги фермерлерди жана ишкерлерди Сардаба кырсыгынын кесепеттерин жоюуга салым кошууга мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Анжиян облусунун Бостон районунун фермерлери билдиришти. Алардын бири фермерлер кайрымдуулук кылууга аргасыз экенин айтты:

Ар бир фермерден эки миллион сумдан талап кылып атышат.

«Ар бир фермерден эки миллион сумдан талап кылып атышат. Эки миллион сум 200 доллар болот. Кимдир-бирөө салым кошуудан баш тартса жеринен ажырап калышы мүмкүн экенин эскертишти. Биз жакында эле коронавирус пандемиясынын убагында муктаждарга жардам бериш үчүн ачылган «Мээрим жана көмөк» фондуна 100-200 доллардан берген элек. Эми «Сардабага жардам бергиле» деп атышат».

Бул сөздөрдү Бостондогу башка фермерлер да ырасташты. Бирок алардын коопсуздугунан улам фермерлердин аты-жөнү жарыяланган жок. Фермерлердин дагы бири Сардаба кырсыгынын кесепеттерин жоюуга керектүү каражатты бир аптанын ичинде топтоп берүүгө милдеттендирилип жатканын кабарлады:

«Сардаба кырсыгынын кесепеттерин жоюш үчүн ар бир фермерден 200 доллардан топтолуп атканын райондук акимияттан телефон аркылуу кабарлашыптыр. Мен акимият кызматкерлери менен көп байланышпаганга аракет кылып, көбүнчө телефонумду өчүрүп жүргөнгө аракет кылам. Ага карабай менден акча сурап үйүмө келишиптир. Накталай эки миллион сум тапшырышым керек экенин айтышты. Акыркы жылдары кайрымдуулук көйгөйгө айланып кетти. Кайрымдуулук кылуудан баш тартсаң акимият кызматкерлери «жериңди тартып алабыз» деп коркутушат. Мен аларга «жок» деп айтуудан чындап корком. Будай сатылары менен эки миллионду берип кутулайын деп турам».

Бостон райондук администрациясынын жооптуу кызматкери фермерлердин жерин кайтарып алуу тууралуу сөз болгонун ырастады. Бирок ал аткаминер жерди кайрып алуу тууралуу сөздөр фермерлерди опузалаш үчүн гана айтылганын билдирди:

Биз жардамды өзүбүз үчүн сурап аткан жокпуз да.

«Негизи көпчүлүк фермерлер акчасы бар туруп да кайрымдуулук кылууну каалашпайт. Ошондуктан анча-мынча ормон опузага барганга туура келет. Бирок муну коркутуу дегенге болбойт. Президент фермерлерге өзгөчө көңүл буруп атканда алардан жерди тартып алуу оңой дейсизби? Биз жардамды өзүбүз үчүн сурап аткан жокпуз да. Азыр бүт өлкө Сардабага жардам бергенге аракет кылып атат. Ушундай оор учурда биздин район жардам бербей карап турса уят эмеспи?»

Өзбекстанда фермерлерди жана ишкерлерди кайрымдуулукка мажбурлоо Шавкат Мирзиёев премьер-министр болуп турганда башталган. Бийлик ал аракетин мыйзамдаштырыш үчүн ар кандай фонддорду түзүп жатат.

Мындан эки ай мурун да президент Мирзиёевдин демилгеси менен коронавирус пандемиясынын убагында муктаждарга жардам берүү максатында «Мээрим жана көмөк» аттуу фонд түптөлгөн.

«Азаттыкка» кайрылгандар учурда фермерлер жана ишкерлер эле эмес, бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин маяналары да кыркылып, кайрымдуулук фонддоруна которулуп жатканын ырасташты.

Сардаба кырсыгынын айынан тамы кыйраган айрым жарандар 25-июнда нааразылык акциясына топтолушкан. Алар мурунку үйлөрун мурунку ордуна куруп берүүнү талап кылышты. «Азаттыктын» өзбек кызматы нааразылык билдирип чыккандарды милиция кармап кеткенин жазды.

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда 1-майда Сардаба суу сактагычы жарылып кеткен. Анын кесепетинен облустагы 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган. Төрт киши каза болуп, бир адам дайынсыз жоголгон. Сегиз бала бакча, 14 орто мектеп, жети оорукана, 52 чакырым жол, бир лицей, 99 көп кабаттуу үй, төрт көмөкчордон жана үч мечит жайгашкан 20 миң гектар аянтты суу баскан. Натыйжада 2,5 миңден ашык үй жарактан чыккан.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынганын маалымдаган.

Сардаба суу сактагычын куруу 2010-жылы башталган. Аны куруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин демилгеси болгону айтылган. Суу сактагыч 2017-жылы курулуп бүткөн. Ага 922 миллион куб метр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метрди түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG