Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Борбор Азия

Орусиялык басылмалар жума ичинде Борбор Азия чөлкөмүнүн коронавируска каршы күрөшү тууралуу бир топ макала, кабарларды жазышты.

"Кыргызстан коронавируска тесттен өтө албай калды" деп жазды «Независимая газета».

Макалада өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабай расмий Бишкек социалдык чыңалуудан чочулап, өзгөчө абал режимин киргизбей койгону баяндалат.

COVID-19 менен күрөшүүгө эл аралык донорлор берген миллиондогон доллар каражаттын дайыны чыкпай калганы, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттардын, дары-дармектердин, оорукана жана дарыгерлердин жетишсиздиги белгиленет.

«Премьер-министр Кубатбек Боронов коомдогу нааразылыкты басуу үчүн саясатчыларды парламенттик шайлоо алдында адамдарды чогултуп, жыйын өткөрүүдөн баш тартууга чакырды. Журналисттерге позитивдүү макалаларды көбүрөөк жазууну сунуштады», - дейт басылма.

«Бишкекке бир гана Москва менен Бээжин жардамга келди» деп, Орусиянын Роспотребнадзор мекемесинин кызматкерлери Ошко жөнөтүлгөнүнө, Кытайдын дем алдыруучу аппараттар менен камсыздаганына басым коюлат.

Бишкектеги саясий серепчи Марс Сариевдин пикирине таянып, «Кыргызстанда чакан жана орто бизнес кризистен чыга албай калды, чет жактан мигранттар кайтып, адамдар күнүмдүк кирешесинен кол жууп, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун рейтинги кескин түшүп кетти» деп бүтүм чыгарган макаланын автору.

«Регнум» агенттигинде "Кыргызстандын президенти ишкерлер менен медик студенттерден жардам сурады", "Кыргыз бийлиги дарыгерлердин жетишсиздигинен актана албай жатышат", "Кыргызстандык аткаминерлер санитардык-эпидемиологиялык кызматтын аянычтуу абалын кокустан билип калышты" деген өңүттөгү кабарлар жарык көрдү.

Анда президент Сооронбай Жээнбеков медициналык окуу жайлардагы студенттердин ыктыярчы топторун коронавирус менен күрөшкө чакырганы жана ишкерлерден социалдык тилектештик билдирип, дарыгерлерге жардам көрсөтүүсүн суранганы, вице-премьер-министр Аида Исмаилова санэпидем кызматынын абалына арызданып, Кыргызстандагы медициналык кризисти башка өнүккөн өлкөлөрдөгү абалга салыштырып, жайгарууга аракет жасаганы баяндалат.

Ал эми ​«Росбалт» басылмасы «​Кыргызстандын абактагы экс-президенти коронавирустан качып барып, пневмония жуктуруп алды» деп жазды. Басылма Алмазбек Атамбаевдин COVID-19га тапшырган анализдери таза чыкканы менен өпкөсү кагынып, дарыланып жатканына токтолгон.

Июндун соңунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

«Бишкекте тез жардам парламент депутатына да келбейт» деп жазды EurAsia Daily басылмасы.

Анда депутат Жылдыз Мусабекова төрт-беш күндөн бери үйүндө ооруп жатканын жазган "Фейсбуктагы" посту тууралуу айтылып, депутаттын өкмөттүк «Тез жардам» менен жеке медициналык клиникалардын дарыгерлери да жардамга келбей койгонуна арызданганы белгиленет.

«Новая газета» басылмасында болсо "Экинчи толкундун канаты" деген аталыштагы баян жарык көрдү.

Макалада Борбор Азияда коронавирустун жайылышы күчөп, кошуна өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан киргени баяндалып, Орусия алар менен аба каттамдарын ачууга даярданып жатканы айтылат.

Казакстан менен Кыргызстанда коронавирус өкмөт, парламенттен баштап мурдагы жана азыркы президенттердин айланасында аныкталып жатканы белгиленет.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан чыныгы эпидемиологиялык абалды жаап-жашырып жатканы айтылып, Өзбекстандын расмий статистикасы күмөн санатып жатканына токтолот.

Жалпысынан Казакстан менен Кыргызстандагы абал бирдей каралып, кошуналарда коронавирусту медиктер эң көп жуктуруп алып жатканы, буга эки өлкө бийлиги тең дарыгерлердин өзүн айыптап жатканына басым жасалат.

Мындай кырдаалда "Москванын Борбор Азияга эшигин ачып жатканы туурабы?" деп суроо салат макаланын автору.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Режиссер Шакен Аймановдун эстелигинин жанында отурган кыз. Алматы.
Режиссер Шакен Аймановдун эстелигинин жанында отурган кыз. Алматы.

Коронавирус илдети менен Борбор Азия өлкөлөрү ар кандай ыкмалар менен күрөшүүдө.

Мисалы, Казакстанда 5-июлдан тарта өлкө боюнча 14 күндүк карантин чарасы кайрадан киргизилери жарыяланды. Өзбекстан коронавирус аныкталган аймактарды гана катуу көзөмөлгө алууну улантып жатат. Тажикстан тескерисинче, карантин чараларын жумшартты жана мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Казакстан

4-июлда бул өлкөдө коронавирус жугузуп алган жаңы 1 644 учур катталды. coronavirus2020.kz сайтынын маалыматында, 1072 учурда оорунун белгилери байкалган эмес.

Бул Казакстанда коронавирус инфекциясы катталгандан берки эң көп катталган учур. Буга чейин 23-июнда 1630 учур катталып, антирекорд койгон. Бирок канча адам бир күндө коронавирустун курмандыгы болгону белгисиз.

Жаңы дайындалган Алексей Цой башында турган Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты келерки аптада жарыялай турган болду. Өзгөрүлгөн алгоритмге ылайык, өлгөндөр тууралуу маалымат жумасына бир гана жолу берилет.

Алексей Цой.
Алексей Цой.

coronavirus2020.kz сайтындагы акыркы маалыматка таянсак, Казакстанда пандемия башталгандан бери 188 адам каза тапты.

COVID-19 жана пневмония дарты күчөгөндөн улам казак бийлиги 5-июлдан тарта бир катар шаарларда 14 күндүк карантин кайра кире турганын кабарлады.

Бул тууралуу 2-июлда кабарлаган казак өкмөтү кырдаал жакшырбаса, чектөө узартылышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Карантин учурунда аш-той, ар кандай кечелерди, спорттук жана маданий иш-чараларды, жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Көчөдө, парктарда үч кишиден гана басууга уруксат берилет. 65 жаштан жогорку курактагыларга көчөгө чыгууга болбойт. Чачтарач жана сулуулук салондору, фитнес борборлору, аквапарк, диний жана маданий мекемелер, жабык базарлар, көңүл ачуучу жайлар, бала бакчалар, компьютердик клубдар жабылат.

Спорт менен ачык аянттарда гана өз алдынча машыгууга уруксат берилет. Мамлекеттик ишканалардын жана башка мекемелердин кеңселериндеги кызматкерлердин 80% аралыктан иштеши керек. Медициналык мекемелерге алдын-ала жазылган бейтаптар гана барууга тийиш.

Казакстан - Аптекага кирүү үчүн кезекте тургандар. 29-июнь, 2020-жыл.
Казакстан - Аптекага кирүү үчүн кезекте тургандар. 29-июнь, 2020-жыл.

Ачык жердеги коомдук тамактануучу жайлар, ачык абадагы курулуш объектилери, тынымсыз ырааттуулукта иштеген өндүрүштүк мекемелер санитардык тартипти дыкат сактоо менен иштеши шарт.

Бул документке Казакстандын Алматы, Нур-Султан, Чымкент шаарларынын жана Алматы, Чыгыш Казакстан, Кызыл-Ордо, Павлодар, Караганда облустарынын башкы санитардык врачтары кол койду.

Бул аймактарда карантиндик чектөөлөрдүн так иштешине жергиликтүү полиция көз салат.

Буга чейин Казакстандын вице-премьер-министри карантин чараларына баш ийбегендерди 200 доллар айыпка жыгуу тууралуу токтом долбоору даярдалып жатканын, документ 5-июлда даяр болорун билдирген.

Өзбекстан

4-июлда Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9500гө жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Оору жугузгандардын көбү борбор калаа Ташкентте жана Ташкент облусунда катталган.

6251 адам айыкты, 3220сы дарыланып жатат. 29 адам каза тапты.

Кырдаалга байланыштуу өзбек бийлиги 1-июлдан тарта карантин чараларын кайрадан күчөттү.

Ири базарлар жана соода түйүндөрү дем алыш күндөрү дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн жабыла турган болду.

Көчөгө беткапсыз жана колкапсыз чыгууга тыюу салынды. Коомдук транспортто адамдар аралыкты сактап отуруусу кажет. Супермаркеттерге кирген ар бир адамга беткаптар акысыз берилет.

"Сары" жана "кызыл" деп жарыяланган квартал, айыл же көчөлөрдө таңкы саат 07:00дөн түнкү саат 23:00гө чейин үч адамдан ашык чогулууга, ал эми 23:00дөн 07:00гө чейин сыртка чыгууга такыр тыюу салынган.

Өзбекстан.
Өзбекстан.

Бул талаптарды бузгандар административдик жазага тартылат. Негизи Өзбекстан коронавируска каршы күрөштүн өзгөчө ыкмасын тандап алган. Алар айылда бирөөдөн коронавирус табылса, анын кошуналарын же ошол көчөнү карантинге алат. Ал жерди милиция көзөмөлдөйт.

Ал эми шаарда көп кабаттуу үйдүн тургунунан вирус чыкса, милиция ал үйгө кирип-чыгууга тыюу салат.

Тажикстан

Ал эми Тажикстан кадимки турмушка кайта баштады. Мисалы, Хатлон облусунда коронавируска каршы күрөшүү үчүн пайдаланылган ооруканалар мурдагы режим менен иштөөгө өттү.

Учурда бул облуста коронавирус жуккан 44 гана бейтап калган. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 9-июндан тартып, илдетке кабылгандардын саны кыскарды.

Дүйшөмбү шаардык мэриясы тейлөө тармагындагы 10 200гө жакын ишкер кайрадан ишин жанданта турганын кабарлады.

4-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кылмыш кодексине жана Административдик мыйзам бузуулар боюнча кодекске өзгөртүү киргизүүнү колдоп, кол койду.

Дүйшөмбү, Тажикстан.
Дүйшөмбү, Тажикстан.

Тажик президентинин пресс-кызматы мыйзамга өзгөртүү COVID-19 илдетинин жайылышын токтотуу максатында киргенин кабарлады.

Мыйзам мамлекеттик медиаларга жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, беткап тагынбагандар 116-290 сомони айып төлөйт, ооруну тараткандар эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер бул "жоругу" дагы кайталанса, беш жылдан 10 жылга чейин соттолот.

Жалган маалымат тараткандар 580ден 1160 сомониге чейин, ал эми мындай кабарды чыгарган ЖМК 8700 сомониден 11600 сомониге чейин айып төлөөгө милдеттендирилет.

Тажикстандын медиа өкүлчүлүгү бийликтин бул кадамын жарандык коомдун оозун басуу аракети катары баалады. Буга чейин бир нече эл аралык уюмдар мыйзам сөз эркиндигине тоскоол болорун эскертишип, тажик президентин ага кол койбоого чакырышкан.

Расмий маалымат боюнча Тажикстанда илдетке чалдыккан 51 адам каза тапкан. Бирок тажикстандыктар каза болгондордун саны мындан бир нече эсе көп деп эсептешет.

Түркмөнстан

Борбор Азиядагы коронавирус жуккандар бар же жогун ырастабаган бул өлкөдө мамлекеттик жана жеке ишканалар аралыктан иштөөгө өткөнү маалым болду.

Борбор калаа Ашхабадда медициналык мекемелер карантинге алынып, 5-июлдан баштап он күнгө жабылып жатканын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Көптөгөн мекемелер кызматкерлеринин жарымын калтырып, жарымын он күндүк эмгек өргүүсүнө чыгарган. Он күндөн кийин өргүүдөн келгендерди ишке чыгарып, мурда иштегендерди эс алдырууга кетире турганы маалым болду.

Өлкөдө өпкө оорусуна чалдыгып андан каза болгондор да жок эмес. Буга чейин борбор калаага кирүүгө тыюу салынганы, аймактар аралык каттамдар токтотулганы кабарланган.

Кыргызстан

Кыргызстанда болсо бийлик кырдаал күндөн күнгө курчуп жатканына карабастан, карантин чараларын күчөтүүгө, өзгөчө абал киргизүүгө шашылган жок.

4-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардын жетекчилерин абалдын курчушуна даяр болууга, оорукана үчүн кошумча орундарды даярдай берүүгө чакырды.

Талдоочулар бийлик өзгөчө абалдын экономикалык кесепетинен чочулап, катуу чараларга баруудан тайсалдап жатканын белгилешет.

Расмий маалымат боюнча, 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан.

Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG