Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Борбор Азия

Алматыда калкты илдетке текшерүүдө
Алматыда калкты илдетке текшерүүдө

Казакстандык дарыгерлер алты кишилик палатага он беш кишиден жаткырып, күнүнө 20 сааттан иштеп жатканын айтып жатышат. Өзгөчө абал алынгандан кийин өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны кескин түрдө өсүп кетти. 

20-июнга карата Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы жуккан 1 048 жаңы учур катталганын кабарлады.

Жалпы өлкө боюнча вирус жуккандардын саны 25 008ге жетти. 113 адам кайтыш болду.

Соңку күндөрү Алматы менен Нур-Султанда ооруканалар COVID-19 инфекциясы жуккан бейтаптарга толду. Орун жоктугунан ооруканалар оор акыбалдагы кишилерди гана кабыл алып жатканын билдирди.

«Ооруканада орун калбай калды. Бейтаптар аябай көп. Догдурлар 20-24 сааттан иштеп жатабыз. Дем ала албай кыйналып жаткан адамдар да коронавирустун бардыгына ишенишпейт. Ушундай мамиленин айынан илдет жайылып кетти. Жагдай оор. Азыр толук карантинде отурушубуз керек эле», - деди шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө иштеген догдур.

COVID-19: Казакстанда ооруканада орун калбады
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:01 0:00

Ал медицина кызматкерлери жетишпей жаткандыгы да курч маселеге айланганын белгиледи.

Нур-Султандагы ооруканада анестезиолог болуп иштеген Габит Нурханулы бейтаптар күндөн күнгө көбөйүп жатканын айтты:

«Жандандыруу бөлүмү, техникалык жабдыктар алты кишиге ылайыкталган. Ал жакта азыр он беш адам жатат. Эки эсе көп. Улгайган адамдардын абалы оор. Алар көбүрөөк көзөмөлдү, дарылоону талап кылышат. Биз эки-үч нөөмөттө иштеп жатабыз. Медкызматкерлер жетишпейт. Канчага чейин чыдайбыз билбейм. Адам мынча көп болорун күткөн эмеспиз. Италиядагы кырдаал бизде кайталана турган болуп калды».

Нур-Cултандагы Саламаттык сактоо башкармалыгы шаардык ооруканалар 90 пайыз толгонун билдиришти. Алматынын башкы санитардык догдурунун айтымында, инфекциялык ооруканалардын 95 пайызын коронавирус менен ооругандар ээледи.

Саламаттык сактоо министрлиги кошумча убактылуу бейтапканалар ачыларын айтып, медкызматкерлердин жетишсиздиги боюнча кабарларды четке какты.

«Азыр 15 500 догдур иштеп жатат. Керек болгондо санитардык врачтар кошумча медкызматкерлерди сурашат. Бизде кошумча 1,5 миң дарыгер ишке чыгууга даяр. Бейтаптар көбөйсө, жардамга муктаж болсо, ар бир оорукана өзүнө дарыгерлерди чакыра алат», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип.

Казакстанда коронавирус жугуп, кайтыш болгондордун саны 113кө жетти. Бирок саламаттык сактоо министринин орун басары Лаззат Актаева бул тизмеге кирбеген дагы 54 өлүм катталганын, коронавирус жугузуп алган бейтаптардын башка өнөкөт оорулары да болгонун айтты.

Элбашы илдетке чалдыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:55 0:00

Май айынан бери вирустан өлгөндөр көмүлгөн атайын көрүстөндө жайлар көбөйдү. Алардын саны менен казак бийлиги жарыялаган расмий статистика дал келбейт. Алматыда эле 2,5 жумадан бери мүрзөнүн саны 38ден 64кө чейин көбөйгөн. Ошол эле маалда Алматы шаарында 15 гана киши өлгөнү, Алматы облусунда курмандыктар жок экени айтылды.

18-июнда мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да илдетке чалдыкканы кабарланган. Анын алдында Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, мындан улам казак премьер-министри Аскар Мамин баштаган бир нече өкмөт өкүлү карантинге чыккан.

Казакстанда коронавирустун күч алышына байланыштуу 20-21-июндан тартып Алматы, Нур-Султан, Караганды, Чымкент, Павлодар менен Экибастуз шаарларында чектөө чаралары күчөтүлө турган болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

"Достук" бекетинде чырылдаган энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Коронавирус илдетинин айынан Ош шаарына чукул жердеги кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети жабык турат. Ушул тапта ал жерде 150дөй адам топтолуп калды. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар. Алардын көбү "Достуктун" жанындагы иштебеген базарды пааналап жатышат. "Азаттыктын" өзбек кызматынын видеосу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG