Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун сайтындагы карта “Пандора кагаздарында” кыргызстандык кеминде бир саясатчы бардыгын көрсөтөт. Кыргызстандык бизнесмендер же саясатчылар канчалык офшорлордун пайдасын көрөт? Назарбаевдин “бейрасмий жубайынын” миллиондору, Азербайжан лидеринин Лондондогу кымбат хансарайларытууралуу ачыкка чыккан маалыматтар эмнеси менен маанилүү? “Биз жана дүйнө” программасында айтып беребиз.
Борбор Азия
бейшемби 7 Октябрь 2021
Европа Биримдигинин расмий делегациясы бул күндөрү Борбор Азияда жүрөт. Шаршембиде Алматыда "Евробиримдик - Борбор Азия" деген аталышта форум өттү. Аксыда кен казганы жаткан кытайлык “Ориел Голд” компаниясына байланыштуу нааразылык чыкты. Жергиликтүү айрым тургундар суу булганат деген тынчсыздануусун айтууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирди.