Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Борбор Азия

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт лотереясына каттоо быйыл 6-октябрда башталып, 9-ноябрга чейин уланат. Бирок өткөн жылы грин-карт утуп алган миңдеген жарандар пандемия чектөөлөрүнөн улам виза албай калышкан.

Ташкенттик Сабир аттуу жигит былтыр грин-карт утуп алганын, бирок учурда виза жараяны боюнча таңкыстык жаралып, мындан улам кете албай жатканын айтты:

"Мен 2020-жылы грин-карт утуп алдым. Быйыл 30-сентябрга чейин иммиграциялык виза алышыбыз керек болчу. Бирок кырдаалдан улам жараян узарып кетти. Биз элчиликтин интервьюга чакыруусун күткөнбүз. 28-сентябрда 41 адам элчиликке кириптир, бирөөнө виза берилбептир. Калгандарына элчилик "мөөнөтүңөр бүттү" деп башка эч кимди кабыл алган жок. Азыр элчилик жабык", - деди ташкенттик жигит.

Эске салсак, буга чейин грин-карт утуп алган миңдеген чет өлкөлүк жарандар пандемиядан улам Америка Кошмо Штаттарына "иммиграция мүмкүнчүлүгүнөн кол жуудук" деген жүйө менен Жо Байдендин администрациясына каршы доо арыз беришкен.

Доогерлердин адвокаты Кертис Моррисон 141 өлкөдөн 24 миңден ашык адамдын атынан сотко кайрылганын билдирген. Алардын арасында 350 өзбекстандык да бар экени айтылат.

Колумбия штатынын соту доо арызды 30-сентябрда карап, АКШнын Мамлекеттик департаментине грин-карт жеңүүчүлөрү үчүн 6914 виза резервде калтырууну милдеттендирди. Бул визалардын жалпы санынын 31% гана түзөт.

Сот эмне үчүн мындай чечим чыгарганын же виза бардык талапкерлер үчүн сакталбаганын түшүндүргөн эмес.

Жүздөгөн адамдар, анын ичинде ташкенттик Сабир дагы мыйзамдуу түрдө АКШга кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап каламбы деп коркот.

"Кээ бир доогерлер адвокатка 500 доллардан берип, сотко кайрылышкан. Жеңген 350 өзбекстандык да адвокатка ар бири 500 доллардан төлөгөн. Алардын иштери сотто каралды. Бирок мен муну кеч билип калдым. Азыр 7 миңге жакын доогердин арызы каралып жатат дешти. Биз сотко кайрылган жеңүүчүлөр жөнүндө гана айтып жатабыз. Бул виза ала тургандардын жалпы санынын 30% түзөт. Калган жеңүүчүлөрдүн визасы, анын ичинде менин визам эмне болорун эч ким билбейт", - деди Сабир.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы доогерлердин арызы боюнча АКШнын Ташкенттеги элчилигине маалымат алуу үчүн кайрылган, бирок азырынча комментарий ала элек.

АКШ соту быйыл сотко арызын тапшырган 6914 лотерея жеңүүчүсүнө гана виза берилерин билдирген. Калгандары Конгресс кароого тийиш болгон мыйзам долбооруна гана үмүттөнүшүүдө.

"Чет өлкөдө жашоо: Америка" китебинин автору, өзбекстандык журналист Бахтияр Шохназаровдун айтымында, жарактуулук мөөнөтү бүткөнүнө карабай грин-карт жеңүүчүлөрү дагы деле иммиграциялык виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Бекеринен айтышпаса керек "үмүт акыркы болуп өчөт" деп. Алар адвокаттарды жалдаш керек. Пандемияга байланыштуу бул жараян кечеңдеп жаткандыктан, бул жерде эч кимди күнөөлөгөнгө болбойт. Бул табигый кырсык катары каралышы керек. Мындан тышкары, пандемия лотереянын жеңүүчүлөрүнө эле эмес, элчиликтерге жана консулдуктарга да көйгөйлөрдү жараткан. Элчиликтердин иши токтотулду, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери виза алуу үчүн кайрылгандардын баарынын талаптарын аткара алышкан жок. Бул жерде сиз элчиликтин кызматкерлерин күнөөлөй албайсыз, анткени аларда кошумча эмгек ресурстары жок. Грин-карттын жеңүүчүлөрү АКШнын жарандары эмес, ошондуктан Американын мамлекеттик администрациялары алардын талаптарын аткарууга милдеттүү эмес. Ошого карабастан, лотереянын жеңүүчүлөрү кам санабай, адвокаттарды жалдаш керек", - деди Шохназаров.

Жыл сайын АКШ иммиграциялык виза программасынын алкагында ар кайсы өлкөдөн келген иммигранттарга 55 миңге чейин грин-карт берет. Мамлекеттик департамент 2023-жылга карата 55 миң грин-карт ойноторун кабарлады.

Грин-картка катышуу укугуна ээ болгон 201 өлкөнүн ичинен Судан, Алжир, Украина жана Өзбекстандан кайрылгандар биринчи орунда турушат. Жылына бул лотереяга дүйнө жүзү боюнча 10 миллионго жакын адам катышат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, лотереяга жыл сайын Өзбекстандан 5 миңге жакын адам онлайн катышат.

Деген менен Өзбекстандын расмий эсеби боюнча 2007-2015-жылдар аралыгында грин-карт лотереясына катышкандардын саны 12 эсе өсүп, 119 миңден 1 миллион 387 миңге чейин жеткен.

Муну жергиликтүү байкоочулар Өзбекстанда адамдарды америкалык грин-карт лотереясына катышууга үндөгөн ортомчу фирмалардын көптүгү менен да түшүндүрүшөт.

32 миллион калкы бар Өзбекстандан грин-картты жылына орто эсеп менен 5 миңдей адам утуп алат. Булардын 3 - 3,5 миңи Самарканд шаарынын тургундары. Бирок АКШга алардын текшерүүлөрдөн өткөндөрү гана бара алат.

Ал эми 2020-жылдын 31-январында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы айрым мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген болчу.

Мунун себеби катары Кыргызстан жарандарын электрондук биометрикалык паспорт менен толук камсыз кылбаганы айтылган.

Бирок быйыл 20-январда президенттикке киришкен Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамптын саясий демилгелерин жойгон жарлыктарга кол коюп, Кыргызстандын жарандарына киргизилген иммиграциялык виза чектөөсү жокко чыгарылган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгын журналисттер алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:35 0:00

"Октябрь окуяларына" байланыштуу соттук ишти кароо башталды. Анын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-министр Курсан Асанов, саясатчы Жеңиш Молдокматов жана башкалар айыпталууда. Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин жалпы журт баалап жатат. 5 күндө кыргыз балбандары 5 медаль - 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утушту. Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Бул аларга "сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн" тапшырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG