Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Борбор Азия

Казакстан. Алматы облусунун Панфилов районундагы казак-кытай чек арасынан 15 чакырым алыста жайгашкан Пенжим айылы.
Казакстан. Алматы облусунун Панфилов районундагы казак-кытай чек арасынан 15 чакырым алыста жайгашкан Пенжим айылы.

Алматы облусундагы казактар менен уйгурлар жашаган Пенжим айылында 27-октябрда мектеп окуучуларынын калайман мушташы болду.

Окуяга кечке жуук чоңдор аралашып, ал айылдагы үйлөрдүн жана автоунаалардын терезелерин сындырган жаңжалга айланган. Чатак тартылган видео интернетке тарады. Жергиликтүү бийлик мунун этникалык кагылыш эмес экенин билдирип жатат.

Эки окуучунун эрегиши

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, 27-октябрда Алматы облусунун Панфилов райондагы Пенжим айылында мектеп окуучуларынын ортосунда калайман мушташ чыккан. Ага кечинде чоңдор да аралашып, кайсы бир топ айылдагы үйлөр менен автоунаалардын терезелерин талкалап кеткен.

Панфилов райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Төлеген Жанузаков мектептеги мушташтан бир окуучу жаракат алып, ооруканага түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, мушташ жана башаламандык фактысы боюнча иш козголду.

“Бир окуучу Розыбакиев орто мектебинде чыккан мушташтан токмоктолгон окуя боюнча райондук полиция бөлүмүндө кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Андан башка кечинде айылдын жаштары топтолуп алып, үйлөрдүн жана автоунаалардын терезелерин сындырган аракеттер боюнча дагы териштирүү жүрүп жатат”.

Пенжим айылындагы башаламандыкка 30га чукул адам аралашканы айтылды. Полиция 28-октябрга караган түнү көчөгө чогулгандарды таратып, чырды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү штаб түзүлгөнү кабарланды.

"Окуяны улут аралык араздашуу катары кароого болбойт"

Ал эми Панфилов районунун акими Талгат Умралиев жаңжалды улут аралык келишпестик деп эсептебейт. Анын айтымында, чыр эки окуучунун келишпестигинен улам келип чыккан:

Талгат Умралиев
Талгат Умралиев

“Бул жаңжал каяктан чыкты? Розыбакиев атындагы орто мектепте окуган балдар мушташып, бир бала ооруканага түшкөн. Жабыркаган окуучу аман-эсен. Мен бүгүн ага бардым. Башкы дарыгер менен сүйлөштүм. Түндө башынан операция болуптур. Уюган кан алынып салынды. Бул окуяга байланыштуу жаштар түнү чогулуп, улуттук маселени көтөрүштү. Бирок бул жерде улут аралык маселе жок. Окуянын улуттар ортосундагы мамилеге эч кандай тиешеси жок. Облус акиминин тапшырмасы менен штаб түзүлдү. Акимдин орун басары жана полициядан адамдар келди. Алар азыр окуя эмнеден чыкканын териштирип жатышат”, – деди райондун жетекчиси.

Окуучуларды басмырлоо көрүнүшү

Мушташтын себептерин териштирүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 28-октябрда айыл тургундары менен жолугушту.

Жыйында уйгур тектүү мектеп окуучусунун апасы чырдын себеби мектеп окуучулары бирин-бири басмырлап келген көрүнүш эбактан бери тамыр алганын эске салды:

“Бул окуянын чыгышына эмне себеп болду? Бул иш кечээ эле чыга калган жок. Биздин балдар сентябрь айынын башында мектепке бара баштагандан бери эле алар эшикте же коридордо жүрө албай калышты. Биздин уйгур балдар мектепке батпай калды. Ажаатканага дагы жалгыз чыга алышпайт. Чыкса дагы чогуу чыгып жүрүштү. Бул иш мына ошондой нерселерден башталган. Биздин балдарга түкүрүп өтүшөт. Сабыр кылып келдик”, – деди ал.

Казакстан менен Кытайдын чек арасынан 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Пенжим айылында 12 миң калк жашайт. Анын 7 миңден ашууну казактар, 5 миңдейи уйгурлар. Пенжимдеги жергиликтүү калк дыйканчылык менен алектенет.

Айыл аксакалы Эрбол Асыгалиев жаңжалдын себеби жаштарда эмес, аларга үлгү болгон үй-бүлө башчыларындагы улутчулдукта экенин айтууда.

“Мына, азыр балдарга бөлүнүп-жарылып, аларга “казактын ашканасына кирбе, таксисине отурба, дүкөнүнө барба” деген сыяктуу бузуку үгүт жүргүзгөндөр бар экен. Жаш балдар үйүндө ошондой нерселерди угуп чоңоюшса, анан алардан эмнени күтүүгө болот? Ал тургай азыр “уйгурдун мечити, казактын мечити” деп намазгөйлөр экиге бөлүнүп жатса, анан дагы эмне дешибиз керек. Дүкөнгө кирбесе мейли, ашканага барбай эле койсун. Бирок бир мечитке кирбей жатса, кандай? Акыры бизди бириктире турган динибиз го”, – дейт айыл аксакалы Эрбол Асыгалиев.

Полицияга калайман мушташка катышкандардын биринин үйүнүн алдына кечинде 30га чукул адам чогулганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Башка бир топ бир нече үйдүн жана автоунаалардын айнектерин сындырып кеткен.

Айылдагы үйлөрдүн биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, бирок полиция анын окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

“Өрт үйдүн мешинен чыкканы белгиленди. Андан жабыркагандар жок", - деп билдирди райондук полиция бөлүмү.

28-октябрда соцтармактарда жана мессенжерде Пенжим айылындагы мектеп окуучуларынын мушташы тартылган видео тасма тарады.

Анда бир топ өспүрүмдөр мектептин короосунда мушташып, бир маалда алардын бири жерге жыгылып, башкалар ага жардам берүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү полиция Пенжим айылын жана ага чектеш конуштарды сыртынан жана ичинен кайтарууга алганы кабарланды.

2020-жылы 8-февралда Жамбыл облусунун Кордай районундагы Сортөбе айылындагы казактар менен дунгандар катышкан улут аралык жаңжал Масанчи, Булан-Батыр жана Ауакатты айылдарында жапырт башаламандыкка, 11 кишинин өлүмү менен аяктаган.

Мирзиёевдин дымагы, Борбор Азиянын эртеңи
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:16 0:00

“Бүгүнкү Өзбекстан – кечээки Өзбекстан эмес”. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев Өзбекстан өзгөргөнүн, алдыда чоң максат турганын жар салды. Анын дээрлик атаандаштык жок шайлоодогу жеңишин Борбор Азиянын лидерлери жапырт куттукташты. Мирзиёевдин кайра шайланышы чөлкөм үчүн эмнеси менен маанилүү? Кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG