- Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги чыңалууну чечүү үчүн коңшу өлкөнүн коопсуздук комитетинин башчысы менен жолукканы айтылууда. Бул арада Ташиевди Чоң-Алайга коштоп барган вертолёт аварияга учурады. - Баткенде чек-арада жайгашкан Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылып, айылдан көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Алардын айтымында, Таш-Тумшукта жашаш кооптуу болуп калды. - Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласынын Британиядагы хан сарайынын курулушу аяктап калды. Күйөө бала Кулибаев ал үйдү 15 миллион фунтка Ханзаада Эндрюдан сатып алган.
Борбор Азия
жума 4 Июнь 2021
Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.