Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Борбор Азия

Жээнбековду үй камагына чыгаруу талабы жаңырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:56 0:00

"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Дагы бир ири камоо. Канадалык "Центерра" компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө зыян келтирген деп мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды. - Бул арада ушул эле Кумтөр ишине байланыштуу камалган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун жактоочулары аларды үй камагына чыгарууну талап кылып, митингге чыгышты. Аларды колдоо үчүн Украинадан Жусупбек Шарипов учуп келди. - Кыргызстанда ишкер Адыл Гапаров алгачкы жолу чегиртке өстүргөн ферма ачты. Ал чегирткеден ун өндүрүп, Кытайга сатууда.

Тажикстан жана Өзбекстан Спитамен районундагы өткөрүү пункту. 2018-жыл
Тажикстан жана Өзбекстан Спитамен районундагы өткөрүү пункту. 2018-жыл

Тажикстандыктар Өзбекстанга автоунаа менен атайын уруксатсыз кире албай турат. Ушул айда эки өлкөнүн президенттери көрүшкөндөн кийин деле чек арадагы өткөрүү пункттары ачылбай турганын айтышууда.

Тажикстандыктар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө болгон сапарынан кийин бардык өткөрүү пункттары ачылып, коңшу өлкөгө баруу жеңилдейт деп үмүттөнүшкөн. Бирок учурда өткөрүү пункттары жабык бойдон калууда.

Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон. Дүйшөнбү шаары. 2021-жыл.
Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон. Дүйшөнбү шаары. 2021-жыл.

14-июнда Тажикстандын ар кайсы аймактарынан келген ондогон жаран Матчин районундагы Фотехабад өткөрүү пунктуна чейин барып, чек арадан өтүүгө аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес.

Алардын бири Камилжан, өзбек лидери Мирзиёевдин сапарынан кийин абал өзгөрдү деп ойлоп келгенин айтты.

"Мен президенттердин жолугушуусунан кийин жолдор ачылды деп ойлоп келгем. Бирок мурдагыдай эле жабык экен. Бул чек арада турганыма төрт күн болду. Өзбекстанга барып үйлөнөйүн дегем", - дейт тажикстадык Камилжан.

Учурда Өзбекстанга автоунаа менен Орусиянын жарандары гана кире алат. Ошондой эле өзбек тараптан расмий уруксат алгандарга гана чек арадан өтүүгө уруксат берилген. Ал эми тажикстандыктар болсо оболу Өзбекстандан расмий чакыруу алып, андан кийин тажик бийлиги тарабынан уруксат алганда гана коңшу Тажикстанга өтө алат.

Анткен менен Тажикстанга эки жума мурда келген Обиджон Атабаев колунда айтылган расмий документтер болсо деле Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө кайта албай жатат.

"Менин аялым Өзбекстанда. Менде бардык тастыктоочу документтер бар. Эки баланы тарбыялайбыз. Мен Тажикстандын жараны болгондуктан, коңшу Өзбекстанга виза алуу жараянынын жеңилдетилишин каалайм. Учурда визам бар, бирок машина өткөрбөй жатат. Коңшу өлкөгө аба каттамы менен гана бара алабыз, бирок автоунаа менен тыюу салынган. Айырмасы эмнеде түшүнбөй жатам", - деди Атабаев.

Тажикстандык Рамил Мансуров да Өзбекстанга автоунаасы менен кире албай турат.

"Чек арада эки күндөн бери күтүп турам. Өзбекстандагы жумушума кайтайын дегем. Өзбекстандык компанияда иштейм, бирок чек ара ачылбай жатат. Тажикстандын паспорту менен ушул турган коңшу өлкөгө өтө албай, такалып турабыз. Ушул пунктта күткөндөрдүн баарынын көйгөйү бирдей", - деди Мансуров.

Короновирус пандемиясынан улам Өзбекстан менен Тажикстан былтыр март айында чек араларын эки тараптуу жаап койгон. Пандемиянын көрсөткүчтөрү азайгандан кийин чек араларды ачуу мүмкүнчүлүгү бир нече жолу талкууланып, бирок маселе толугу менен чечилбей келет.

11-июнда эки коңшу өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунан кийин деле бул маселеге чекит коюлган жок.

Ташкент аэропорту.
Ташкент аэропорту.

Ошол эле учурда тажикстандык оор жүк ташуучу унаалар чек арадан өтүп, коңшу өлкөгө тоскоолдуксуз кирет. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда аба каттамы ачык, бирок эки өлкөнүн чек араларындагы өткөрүү пункттары эмне үчүн толук ачылбай жатканы белгисиз бойдон калууда.

Соңку айларда Тажикстандан Орусияга Өзбекстан аркылуу транзит өтүүнү каалагандар күндөн күнгө көбөйгөн. Апрелдин соңундагы чатактан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жаап, жарандарынын ары-бери каттоосуна чектөө киргизген. Мындан улам эми тажикстандыктар үчүн Өзбекстан транзиттик аймак катары чоң мааниге ээ болууда. Бирок өзбек-тажик чек аралары жеңил унаа менен өтүүгө качан уруксат берери белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG