Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Борбор Азия

Депутаттын үйүнөн 250 миң доллар жана маңзат табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:23 0:00

Кыргызстан жана Түркиянын президенттери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарада жолугушту. Бул - Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары. Кадамжайда жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн 50 килодон ашуун маңзат жана 250 миң доллар табылды. УКМК депутат кезектеги маңзат партиясын Тажикстандан алып, Өзбекстанга жөнөтүп жаткан учурда колго түшкөнүн кабарлады. Өзбекстандын Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектин сакалын күчтөп алдыртты.

АКШнын "Манас" арэпортундагы транзиттик борбору. Бишкек. 6-март, 2014-жыл
АКШнын "Манас" арэпортундагы транзиттик борбору. Бишкек. 6-март, 2014-жыл

Вашингтон аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин террорчуларга каршы болочок операциялар үчүн база жайгаштырууга жер издеп жатат. Мындай мазмундагы макалалар америкалык маалымат каражаттарында жарык көрүп келатат.

Буга чейин Пентагон өз аскерлерин убактылуу Өзбекстанга же Тажикстанга жайгаштырышы мүмкүн экени айтылса, The New York Times гезитинин 6-июндагы санына чыккан макалада ыктымал варианттар арасында Кыргызстан да аталды.

"АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин америкалык Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) маалыматтарды топтоо, террорчуларга сокку уруу үчүн жаңы жолдорду табууга аргасыз", - деп жазышты авторлор Марк Мазетти жана Жулиан Барнес. Алар жакшы, ыңгайлуу варианттар чектелүү деп эсептешет.

Андай мүмкүнчүлүктөрдүн бири – Пакистан болушу мүмкүн. Американын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) көп жылдар бою ал өлкөдөгү базаларды колдонуп, тоолуу аймактарда согушкерлерге дрондордон сокку уруп келген, бирок 2011-жылы ортодогу мамилелер начарлаганда ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Исламабад көптөн бери “Талибанды” колдоп жүргөнү жаңы келишимге көлөкө түшүрүшү мүмкүн", - деп улантышат журналисттер.

Андан ары дипломаттар эл аралык коалиция буга чейин ооган согушунда пайдаланып келген мурдагы советтик жумурияттардын аймактарын да караштырып жатканы, бирок буга Орусия президенти Владимир Путин караманча каршы болушу ыктымал экени баяндалган.

Брюс Паньер
Брюс Паньер

“Азаттык” радиосунун талдоочусу Брюс Паньердин пикиринде да, Москвага Тажикстан же Өзбекстанда америкалык база орун алышы мүмкүн деген план жакпайт:

"Менимче, Москва менен Бээжин Вашингтондун ооган өкмөтүнө жардамды улантуу үчүн эмне сунуш кыларынан кабардар. Ондогон куралдуу согушкер топтор тооруган Ирактагыдай башаламандык, туруксуздук кайталанбайт деген кепилдик болууга тийиш. Экинчиден, Орусия же Кытай ЖККУ же Шанхай Кызматташтык уюму менен бирге болобу, бул вазийпаны өздөрүнө алууну каалашабы? АКШ сунуш кылган нерселерди өздөрү жасай алышабы? Акчалай чыгымдарга алар даярбы? Эл аралык коомчулук алдында бул багыттагы өз аракеттерин коргой алышабы? Иракта бир нече жыл мурун күбө болгондой туруксуздук очогунун пайда болушун алдын алуу үчүн америкалыктар акчасын сарптагысы келсе, бул үчүн чакан күчтөрүн жайгаштырууну көздөсө, менимче көбү акыр-аягында макул болушу мүмкүн, себеби өздөрү жоопкерчиликтен кутулушат".

АКШ базасын жайгаштырышы мүмкүн деген мамлекеттердин катарында буга чейин америкалык маалымат каражаттары Тажикстан менен Өзбекстанды аташкан.

Мазетти жана Барнес бул ирет Кыргызстан тууралуу да учкай сөз кылышты. Тактап айтканда, макалада: “Америкалык дипломаттар Борбор Азиядагы жайларды, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстандагы базаларды кайрадан колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Ал жерлерде ооган согушу маалында америкалык жүздөгөн аскер жана чалгындоо кызматынын өкүлдөрү жайгашкан” деп айтылат.

Брюс Паньер кеп мурункудай чоң база тууралуу эмес, чектелген сандагы аскерлер тууралуу жүрүшү мүмкүн деген оюн ортого салды:

"База деген сөздү укканда дароо жүздөгөн, миңдеген аскер жайгашкан жайды элестетесиң. Мисалы, андайды буга чейин Ханабад же "Манас", Дүйшөмбү аэропортун пайдаланышканда көргөнбүз. Менимче, бул ирет сөз ошондой вариант тууралуу жүргөн жок".

Америкалык аскерлер Борбор Азияга кайтабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:16 0:00

Кыргызстанда америкалык аскерлердин базасы (кийин транзиттик борбор деп аталган) "Манас" эл аралык аэропортунда 2002-жылдан 2014-жылга чейин турган.

The New York Times гезитиндеги макалада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушул айда Тажикстандын башкы дипломаты менен телефондон сүйлөшкөнү, бирок база маселеси козголгону же козголбогону белгисиз экени жазылган.

Майдын этегинде “Талибан” кыймылы кошуналарына кайрылып, өз аймагында америкалык базага орун бербөөнү катуу эскерткен. Андай кадам жоопсуз калбайт деп белгилеген.

Америкалык аскерлерди Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгаруу каралган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG