Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Борбор Азия

Бажычынын эбегейсиз байлыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:52 0:00

Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал коррупциялык схема түзүп, эбегейсиз мүлк топтогонун билдирди. Бажычыга “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюлду. - Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук милициясы бул окуяны көп аял алуу фактысы катары териштирип жатат. - Amnesty International уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандар бийликтин адам чыдагыс кыйноолоруна туш болуп жатканын сынга алды. Бээжин эл аралык уюмдардын мындай билдирүүлөрүн четке кагып келет.

Таиланд. Пхукет.
Таиланд. Пхукет.

OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору жана "Клооп медиа" кыргыз бажысынын мурдагы башчыларынын Таиланддагы эң кымбат элиталык курортто эс алган учурун таап чыкты.

Анда Райымбек Матраимов менен анын кол астында иштеген Замирбек Карашевдин үй-бүлөсү биргеликте эс алганын ачык булактарга таянып, иликтеген.

Байлар эс алган Трисара курорту

Таиланддын Пхукет аралынын булуңунда жайгашкан Трисара Trisara элиталык курортунда эшиги океанга караган ондогон жеке виллалар бар. Мында Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана мурдагы бажычы Замирбек Карашевдин үй-бүлөлөрү чогуу эс алганын OCCRP ачык булактарга таянып жазды.

Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын Инстаграмм баракчасынан алынган скрин-фото. Таиланд, Пхукет. Трисара курорту.
Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын Инстаграмм баракчасынан алынган скрин-фото. Таиланд, Пхукет. Трисара курорту.

Буга негизги далилдер Карашевдин кызы менен Матраимовдун жубайынын Инстаграммындагы посттордон алынган. Уулкан Тургунованын “Трисара түндөсү” деген ат менен 2019-жылы 8-январда жарыялаган сүрөттөрү иликтөөчүлөрдүн Трисарага кызыгуусун жараткан.

Алар Трисараны изилдеп отуруп, орусиялык блогердин YouTube видеосуна көзү урунган. Анда Тургунованын фотосундагы четинде кызы отурган бассейн менен короонун көрүнүшү салыштырып, журналисттер блогер тарткан вилланын дал өзү деген бүтүмгө келген.

Орусиялык блогер видеодо бул вилланы бай адамдар эс алчу жер деп сүрөттөгөн.

“Салам, эл-журт, карагылачы, жагдай мындай. Биз Трисарага кайра кайтып келдик. Эмнеге дейсиздерби? Анткени өткөндө биз бул жакта болгондо отелдин айланасын абдан аз тартып калганбыз. Бул отель аябай кооз. Ошондуктан биз бүгүн бул жакка кайра кайтып келдик. Анан калса бул жакта дайыма миллиарддерлердин жакындары, достору жана тааныштары толтура болот. Ошондуктан биз бул жакты көрүп, ойноп, бул эмне деген жай экенин билип кетели деп чечтик”.

OCCRP Матраимовдун жубайы менен блогердин видеосун талдаган. Таиланд. Пхукет. Трисара курортундагы вилланын көрүнүшү.
OCCRP Матраимовдун жубайы менен блогердин видеосун талдаган. Таиланд. Пхукет. Трисара курортундагы вилланын көрүнүшү.

Күнүнө 5 миң доллар доллар төлөнгөн вилла

Ошентип, вилланын ички-тышкы көрүнүштөрүн фотолор менен салыштырган иликтөөчү журналисттер аны 39-номерлүү Trisara Signature вилласы деген жыйынтык чыгарды.

Басылма ырастагандай, кышкысын анын ижара акысы орточо бир түнгө 5 миң АКШ долларына барабар. Төрт уктоочу бөлмөдөн турган вилланын аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Анан да жеке ашпозчусу жана үй кызматчысы бар. Иликтөөдө эс алуу жайындагы алардын фотосу да изилденген.

Замирбек Карашевдин кызынын Инстаграммга койгон жана курортун сайтынан алынган фото-скриндерди салыштыруу. Таиланд. Пхукет. Трисара курорту.
Замирбек Карашевдин кызынын Инстаграммга койгон жана курортун сайтынан алынган фото-скриндерди салыштыруу. Таиланд. Пхукет. Трисара курорту.

Тургуновадан кийин экинчи бажычы Карашевдин кызы дагы Инстаграмга Трисарадан бир топ сүрөттөрдү чыгарган. Ал анан эшик-терезеси океанды караган вилланын ичи-тышын көрсөткөн видеону койгон. Иликтөөчүлөр аны курортун сайтындагы жарнамалык сүрөттөр менен салыштырып, аны №20 вилла деген бүтүм чыгарды. Бул вилланын аянты да 1600 чарчы метрди түзүп, үч уктоочу бөлмөсү бар. Анын бир күндүк ижарасы 4400 АКШ доллары экени көрсөтүлгөн.

Трисара курортунун картасындагы виллалардын жайгашуусу. Таиланд. Пхукет.
Трисара курортунун картасындагы виллалардын жайгашуусу. Таиланд. Пхукет.

Ошентип OCCRP Матраимов менен Карашевдин үй-бүлөсү эс алган №39 жана №20 эки вилла курорттун түштүк жагында катарлаш жайгашканын аныктаган.

Басылма комментарий берүү суранычына бул үй-бүлөлөрдүн биринен да жооп болбогонун белгилейт. "Азаттык" дагы бул макалада аты аталган адамдар менен байланышууга аракет кылып андан майнап чыккан жок.

Райымбек Матраимов “эң таанымал” мурдагы бажы кызматкери. OCCRP жана медиа өнөктөр бажыдагы анын көмүскө иштерин иликтеп, аткезчиликке байланыштуу бир топ фактыларды жарыялаган.

Матраимов кызматтан кеткени менен анын саясий таасири артып, ага таандык деген партия былтыр жыйынтыгы жыдыган парламенттик шайлоодо эң көп добуш алууга жетишкен.

"Клооп" мурдагы бажычы Замирбек Карашевдин Матраимов менен алака-катышын териштирген. Карашев апрелде бажыдагы кызматынан бошотулган.

Иликтөөчү-журналист Болот Темиров Карашев тууралуу анын өспүрүм кызынын Инстаграмдагы постуна чейин ачык булактарда маалымат аз болгонун айтты:

“Замирбек Карашев деген мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Анан ал былтыр октябрдагы окуядан кийин парламентте ага берилген депутаттын суроосуна ал “бажы тармагында эч кандай коррупциялык схемалар жок” деп жооп берген. Ал бажы тармагында ар кайсы кызматта иштеп келген. Анын төраганын орун басарлыгына ким аркылуу келгени жана анын ага чейинки ишмердиги тууралуу маалыматтар жок болчу. Анан анын кызынын социалдык тармакка жүктөгөн сүрөттөрү аркылуу анын үй-бүлөсүнүн каякта эс алганы аныкталып, андан ары анын байланышын иликтеп чыгышкан.”

2019-жылы бажы кызматынын төрага орун басары болгон Замирбек Карашев ага чейин Ош бажысын, “Манас” эл аралык аэропортундагы бажыны башкарган. Ал кызматтык жагынан бирде Райымбек Матраимовдун жетекчиси болсо, бирде анын кол астында иштеген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлукка айыптап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Матраимов тергөө менен кызматташып, 2 миллиард сом зыянды төлөп, жазадан кутулган. Кийин УКМК Матраимовго кирешени адалдоо деген экинчи иш боюнча кайра кылмыш ишин козгоп, 18-февралда камакка алган. Бирок жыйынтыгында кылмыш курамы табылган жок деген негиз менен териштирүү токтотулуп, ал эркиндикке чыккан.

"Клооп" менен OCCRP (Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору) ушул жылдын 22-апрелинде, Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварында жайгашкан, чатырында таажысы бар элиталуу үйдөн жаңы пентхаус сатып алганын аныктаган.

"Клооп" пентхаус канчага алынганы азырынча белгисиз экенин, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр батирдин баасы 200 миң доллар турарын жазат.

Батирге мурда Айбек Абдуллаев аттуу адам ээлик кылган. Ал кезде пентхаус бир жыл бою Бишкектин Ленин райсотунун чечими менен камакта турган. Камактан алынгандан үч күн өтпөй Матраимов бул апартаментти сатып алган.

“Абдуллаев жөнүндө азырынча маалымат жок. Байланышууга да мүмкүн болгон эмес. Бишкектин Ленин райсоту батир эмне себептен камакка алынганын дагы түшүндүрүп бере алган жок. Матраимовдун өкүлү комментарий берүү тууралуу суранычыбызга жооп берген жок”, - дейт “Клооп” сайты.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

Аманданын "ажайып" дүйнөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:18 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG