Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Борбор Азия

Кемпир-Абад иши: Төрт жаран 20-февралга чейин камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:40 0:00

Соңку күндөрү Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты. Ал арада министр Кутманова абанын сапатын ченеген аппараттарга ишеним аз экенин айтты. Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккан балдар көбөйдү. Дем алуу органдарынын вирусунан жапа чеккендерге ооруканаларда орун жетишсиз. Иранда "коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөн" деген айып менен соттолгон адам дарга асылды. Бул демонстранттар кириптер болгон экинчи өлүм жазасы. 

Бишкек абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Бишкекте 11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG