Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Борбор Азия

2022: Борбор Азиядагы козголгон эл, кооптонгон бийлик
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:51 0:00

Ондогон адам өмүрү кыйылган толкундоолор, чек арадагы куралдуу жаңжал, энергетикалык кризис чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийлигине катуу сыноо болду. Узаган жылда Кыргызстандын кошуналарында болгон коомдук-саясий окуяларга сереп салабыз.

Өзбекстан: “Док-1 Макс” дарысы 19 баланын өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө себеп болгону айтылган “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту.

"Биз өлүм үчүн өкүнөбүз. Өкмөт муну иликтеп жатат. Тергөө уланууда. Чоо-жайын иликтөө бүткөндө билебиз", - деди 29-декабрда компаниянын өкүлү Хасан Харрис.

Reuters агенттиги Marion Biotech компаниясынын кеңсесине полиция кызматкерлери келгени тартылган сүрөттү жарыялады.

Өзбекстанда өткөн аптада ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. Жызак, Кашкадарыя, Навои жана Самарканд облустарында жарыкчылык менен кош айтышкан наристелердин 15и үчкө чыга элек, калганы алты жашка чейинкилер.

15-декабрда Самарканд облусундагы Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун башкы дарыгери облустук Саламаттык сактоо башкармалыгына берген маалыматында "Док-1 Макс" дарысын ичкен 21 балада "бөйрөктүн бузулушунун, бөйрөк кемтигинин" белгилери пайда болгонун билдирген.

Ошондон кийин "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынган. Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддын дарыканаларынан алынган "Док-1 Макс" дарыларын экспертизадан өткөрө баштаган. Натыйжада, дарыдан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирди. “Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштады.

Өлкөнүн омбудсмени каза болгондордун бирине да соттук-медициналык экспертиза жасалбаганын айтып, прокуратураны кырдаалды терең иликтеп, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону суранды. Акыйкатчынын баланын укуктары боюнча өкүлү жагдайды толук көзөмөлгө алды.

Жеткинчектердин өлүмүнө алып келген бул окуя тууралуу дүйнөнүн алдыңкы маалымат каражаттары жазышты.

Өзбекстандык адистер "Док-1 Макс" сыяктуу препараттар 12 жаштан өткөндөргө ылайыктуу экенин, бирок бул дарынын нускамасында эки жаштан баштап колдонууга болору көрсөтүлгөнүн белгилешүүдө.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Казак бийлиги бул дары Казакстанда жоктугун, анын каттоо мөөнөтү 2018-жылы аяктаганын билдирди.

Буга чейин Индиянын Maiden Pharmaceuticals Ltd компаниясы чыгарган жөтөлгө каршы дарыдан Гамбияда 70 бала чарчап калганы айтылган. Бирок Индия өкмөтү жана дары чыгарган компания айыптоолорду четке каккан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Индия акыркы он жылда фармацевтикалык экспортун эки эсе көбөйтүп, пайдасы 24,5 миллиард долларга жетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG