Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Борбор Азия

Татьяна Зеленскаянын 2021-жылы чек арадагы кагылышуудан кийин тарткан сүрөтү.
Татьяна Зеленскаянын 2021-жылы чек арадагы кагылышуудан кийин тарткан сүрөтү.

Бишкектик сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын чыгармалары саясий репрессиялардан согушка жана спорттук жеңиштерге чейин бардыгын чагылдырат. Кыл калем чебери тууралуу Крис Риклтондун макаласын сунуштайбыз.

Өңү-түсү таанылгыс, бийлик белгиси катары погон тагынган, сот адилеттигинин таразасын колуна алган, өкүмчүл мамлекеттин жогорку даражалуу өкүлү жарык багытталган кишинин кичинекей тулкусуна өйдөтөн эңилип турат.

Көңүл чөктүргөн бул сүрөттүн четтеринде коюу туман арасынан кийимдеринен гана таанылгыдай аскер жана милиция кызматкерлери менен башка караандар да байкалат. Кызыл тактар ар дайым болуп турчу коркунучту туюндурат.

Бишкектик сүрөтчү-иллюстратор Татьяна Зеленскаянын бул графикалык чыгарманы тартышына эмне түрткү болгонун баамдоо кыйын эмес.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту кыргызстандык журналист Болот Темировду "паспортун мыйзамсыз алган" деген шылтоо менен жарандыктан ажыратып, бала чагында жашаган Орусияга чыгарып салууну чечти.

23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров "документтерди жасалмалаган" деген айып менен Кыргызстандан Орусияга депортацияланды. Жактоочулары бул чечимди анын кесиптик ишмердиги үчүн өч алуу деп баалашты.
23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темиров "документтерди жасалмалаган" деген айып менен Кыргызстандан Орусияга депортацияланды. Жактоочулары бул чечимди анын кесиптик ишмердиги үчүн өч алуу деп баалашты.

Темировдун жактоочулары ага каршы козголгон кылмыш иши улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн коммерциялык кызыкчылыктары жөнүндө иликтөө жүргүзгөндүгү үчүн атайын козготулган дешет.

Бул өкүмдөн кийин Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү укук коргоочулар, БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкөдө репрессия күчөп кетти деп сынга алышты.

Темировдун бийлик менен беттешүүсү сүрөтчү Зеленскаянын санариптик чыгармачылыгындагы жаңы тема болуп калды. Бул багыттагы өнөр Кыргызстандагы соңку коогалаңдуу жылдарда элдин көңүлүн бурган таң каларлык көрүнүш болууда.

"Түнөргөн караңгылыкта Темиров – сүрөттөгү өң-түсү бар жалгыз адам, ал алдыга тайманбай тиктеп турат” дейт Зеленская “Азаттыктын” кабарчысына курган маегинде өзүнүн бул чыгармасы тууралуу айтып жатып.

Татьяна Зеленская, бишкектик сүрөтчү
Татьяна Зеленская, бишкектик сүрөтчү

“Башкалар – полициялык-желдет өкүмзорлордун иерархиясын гана көрсөткөн керсейген караандар”, - деп чечмелейт автор сүрөттүн мазмунун.

ЧЕК АРАДАГЫ МУҢ ЖАНА КӨЗ ЖАШ

Зеленскаянын эң белгилүү сүрөттөрүнүн бири бүгүнкү күндөгү эң кайгылуу көрүнүштү чагылдырган.

2021-жылы апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өтө чоң кагылышуу болуп, атышуу учурунда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова окко учкан. Анын өлүмүнө көпчүлүк эл кайгырып, эмоциясын социалдык тармактар аркылуу билдиришкен.

2021-жылы апрель айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатактан улам эки тараптан 150дөн ашуун адам көз жумган.
2021-жылы апрель айында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатактан улам эки тараптан 150дөн ашуун адам көз жумган.

Зеленская тарткан бул сүрөттө көчөт кыздын элеси Кыргызстандын Баткен аймагында өскөн сейрек кездешкен айгүл гүлү аркылуу чагылдырылган. Дал ошол жерде катуу салгылаш жүрүп, эки өлкөдөн ондогон адамдар набыт болгон.

Артиллериялык аткылоо убагында кулап түшүп ыйлаган баланын таасирдүү сүрөтү социалдык тармактардагы аватарларда 2022-жылдын сентябрында экинчи чоң жаңжал башталганда деле колдонулуп жаткан. Бул ирет былтыркыдан да көбүрөөк жоготуулар болду.

“Мен атайылап кандайдыр бир душманды сүрөттөөгө аракет кылбадым. Андан көрө биздин дүйнөбүздүн канчалык назик, морт экендигин баса белгилеп, зомбулукту тез арада токтотууга чакыргым келди”, - дейт Зеленская.

Сентябрдагы кагылышуулардан кийин Зеленская коогалаӊдуу аймактан качкан адамдарга башпаанек сунуштап жол боюнда турган баткендик окуучуларга таазим этүүнү, кайгыга эмес, тилектештикке басым жасоону чечти.

2022-жылы чек арадагы жаңжалдан кийин Баткендин балдары аткылоодон качкан адамдарды жолдон күтүп, өз үйлөрүнө чакырып чыгышкан.
2022-жылы чек арадагы жаңжалдан кийин Баткендин балдары аткылоодон качкан адамдарды жолдон күтүп, өз үйлөрүнө чакырып чыгышкан.

АЖЫДААРДАЙ КОРРУПЦИЯ

Көбүнчө Зеленская адамдарды каймана түрдө сүрөттөгөндү жакшы көрөт, бирок капкара түтүн чыккан морлордун фонунда тартылган жин-шайтандардын кимдер экендиги дароо эле түшүнүктүү болот. Түтүктөр — жыл сайын кыш келгенде ыш каптаган Бишкектин булганыч абасынын символу. Бул сүрөттү Зеленская 2019-жылы тарткан.

“Азаттык”, Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору жана Kloop басылмасы жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөр мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовдун Кыргызстандан жүздөгөн миллион долларды алып кеткен схемаларга катышы бар экенин аныктады. Иликтөөнүн жыйынтыктары жарыяланганда, көптөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгып, бул таасирдүү адамды камакка алууну талап кылды.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков коомчулуктун нааразылыгына жооп иретинде өзүнүн тарапкери деп айтылган кишини актап, “фактыларды бергиле” деп туруп алган.

Зеленскаянын айтымында, өлкөдөгү кырдаалга карата “эмоционалдуу реакциясы” Интернетте ушунчалык таасирге ээ болот деп күткөн эмес.

АКШнын санкцияларына кабылып, өз мекенинде жоопко тартылса да, мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимов Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири бойдон калууда.
АКШнын санкцияларына кабылып, өз мекенинде жоопко тартылса да, мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимов Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири бойдон калууда.

Жээнбеков 2020-жылы президенттик кызматтан кеткенден бир нече ай өткөндөн кийин Матраимов камакка алынып, казынага зыян келтиргени үчүн соттолгон.

Бирок ал түрмөгө отурбай эле айып пул жана мамлекетке каражат төгүп берүү менен кутулуп кетти. Ошондуктан АКШнын санкцияларына кабылган ишкер өз жеринде толук жазасыз калгандай сезилет.

АЯЛЗАТ КОРДОЛГОНДО

2017-жылы Зеленская жана анын аниматор күйөөсү Егор Танков Кыргызстандын көп жерлеринде таралган ала качуу адаты жөнүндө бир катар мультфильмдерди жарыялады.

Бул жосундан жабыркаган кыз-келиндердин чыныгы тагдырын баяндаган “Бир жолу мени уурдап кетишти” деген анимациялык тасма жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жаратты.

Гендердик зомбулук бүтүндөй өлкөдө оор көйгөй бойдон калууда. Укук коргоочулар мамлекет зордукчуларды сот жообуна тартууга кызыкдар эмес дешет.

Бул көз карашты айыптаган Зеленскаянын чыгармасын 2021-жылы Айзада Канатбекова аттуу жапжаш кызды ала качкандар мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин нааразычылык акциясына катышкандар көтөрүп чыгышкан.

Күчкө салып ала качуу Кыргызстанда кеңири жайылган адат бойдон калууда.
Күчкө салып ала качуу Кыргызстанда кеңири жайылган адат бойдон калууда.

Бул сүрөттө биз Кыргызстандын күн түстүү желегиндей боёлгон автоунаага кызды күч менен ала качкандарга кайдыгер караган укук коргоо органдарынын сөлөкөтүн гана көрөбүз.

Зеленскаянын 2020-жылы тартылган дагы бир унутулгус чыгармасында тоодо турган аял сүрөттөлөт. Ал мойнуна илинген эки дөңгөлөктүн салмагына майышып турат...

Бул жерде сүрөт жөн эле метафора эмес болчу. Ошол кезде залим күйөөсү аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү асып коюп, үстүнө чакалап суу чачканын тарткан видео тасма Интернетте тарап, абдан кызуу талкууга алынган.

Аялдарга карата зомбулук — Татьяна Зеленскаянын чыгармачылыгынын негизги темаларынын бири.
Аялдарга карата зомбулук — Татьяна Зеленскаянын чыгармачылыгынын негизги темаларынын бири.

Зеленская жүрөк ооруткан көрүнүштөрдү сюрреалисттик маанайда чагылдырган көз карашы “зомбулукка кабылган бардык кыргыз аялдарынын эстелиги” болуп калса экен дейт.

Зордук-зомбулук коомчулукта катуу айыпталып жатканда ошол аялдын күйөөсү камакка алынган, бирок жергиликтүү сот аны эки жылдык сыноо мөөнөтү менен бошоткон.

МАЙРАМДАГАНГА ДА МААНАЙ КЕРЕК

Зеленскаяны Кыргызстандагы коомдук турмуштун караңгы жактарына гана сүрөттөйт деп айыптагандар бар.

Анын жаркын көрүнүштөрдү жан дили менен сүрөттөй тургандыгына Токио Олимпиадасында бир күмүш жана эки коло медаль алып, өлкөнүн намысын коргогон үч спортчу кыздын сонун портрети далил болот.

Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын кыздары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы жеңиштин салтанатында нурга бөлөнүп турганын Зеленская таасын сүрөттөп, бул чыгарма да социалдык тармактарда кеӊири таралды.

Аялдар күрөшүнө катышкан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргошту.
Аялдар күрөшүнө катышкан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргошту.

Ушундай эле окуя быйыл жайында Бишкектин сейил бактарынын биринде караоке ырдап, интернетте видеосу чыгар замат жылдызга айланган үй кожойкеси Бегимай Турусбекованын портретин тартканда да болду.

Зеленская жараткан чыгармада сейил бакта Турусбекованын ырдап, жүздөгөн жаңы күйөрмандары смартфондорго тартып жатканы сүрөттөлгөн.

Элет жеринде туулуп-өскөн өзгөчө үндүү ырчы келин көрүүчүлөрдү “Титаник” тасмасындагы ыр катары кеӊири таанылган Селин Диондун “Менин жүрөгүм талпынат” (My Heart Will Go On) ырындай ажайып чыгармаларды келиштире ырдап чыгып, көрүүчүлөрдү суктандырды.

Ырдап чыккан тасмасы социалдык тармактарга жайылгандан кийин үй кожойкеси Бегимай Турусбекованын жылдызы жанды.
Ырдап чыккан тасмасы социалдык тармактарга жайылгандан кийин үй кожойкеси Бегимай Турусбекованын жылдызы жанды.

Ошондон бери Турусбекова өз өнөрүн Кыргызстандагы өкмөттүк аземдерде жана Орусия телесиндеги “Саламатсызбы, Андрей!” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховдун программасында көрсөттү.

“Мени анын жөнөкөйлүгү таң калтырды — кызгылт көйнөк кийип, жоолукчан эле барыптыр”, — дейт Зеленская “Азаттыктын” кабарчысына алгач ирет паркта ырдап чыгып, атактуу болуп кеткен Турусбекованын видеосу жөнүндө сөз кылып.

“Өнөр секиси бүт бойдон плакатка окшош эле, муну көрбөй, байкабай калуу мүмкүн эмес болчу”, - деди сүрөтчү.

Бишкек жана Ташкент: Чек ара келишими ратификацияланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:03 0:00

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча мыйзамдарга кол койду. Бул документтерди колдобой койгон депутаттарга дагы деле кысым болуп жатканын айрым эл өкүлдөрү бугункү парламент жыйынында ачык айтып чыгышты. Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев алтын комиссиясынын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетти. Украинада эл энергетикалык кризистен жапа чегип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG