Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Борбор Азия

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Ташкентте, 22-декабрь, 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев Ташкентте, 22-декабрь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында казак-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жана союздаштык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ташкентте президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев тарыхый делген казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары жай айында Алматы шаарында жолугушкан.

"Биз көп ишти бүтүрдүк. Бардык суроо-талаптарга тыкыр мамиле жасадык. Министрлерди жана комиссия мүчөлөрүн уктук. Кандайдыр бир маселе болсо президенттердин деңгээлинде чечилет деген ойдомун", - деди Шавкат Мирзиёев.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 2300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган.

2002-жылы Астана менен Ташкенттин ортосундагы "Казак-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө" келишимге ылайык, чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон. Советтер Союзунун бийлиги "экономикалык кызыкчылык" үчүн улуттук республикалардын жерлерин бири-бирине өткөрүп, СССР ыдырагандан кийин эгемен мамлекеттердин чек арасын тактоо көйгөйгө айланды.

Астана менен Ташкент сырткы кол салуудан чогуу коргонот

Бейшембиде Ташкентте президенттер ошондой эле эки өлкө ортосундагы союздаштык жөнүндө келишимге кол коюшту. Эми Астана менен Ташкент сырткы кол салуудан чогуу коргонот.

"Шавкат Мирзиёев менен жаңы эле тарыхый келишимдерге кол койдук. Бул документтер эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жана бир туугандык мамилелердин тарыхына алтын тамгалар менен жазыларына толук ишенем. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык жөнүндө келишим элдерибиздин байланыштарын мындан ары да чыңдоого жана түпкү кызыкчылыктарына жооп берет", - деп билдирди Токаев.

Жаңы келишимде эки өлкө эми сырткы кол салуулардан биргелешип коргонуу жана коопсуздук боюнча багыттар камтылган.

Борбор Азиядагы эки чоң коңшунун карым-катнашы 1998-жылкы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2013-жылкы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдин негизинде жүрөт. Мындан сырткары ар кайсы багыттарда кызматташуу жөнүндө дагы 90дон ашуун документ бар.

Казак лидеринин эки күндүк мамлекеттик сапарында негизги жолугушуулар 22-декабрда өттү. Акордонун басма сөз кызматы билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алакаларды кеңейтүүнү талкуулап, 15тен ашуун келишимге кол коюлду.

"Биз Өзбекстан менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз. Казактар менен өзбектер эзелтен бери бир тууган эл. Бизди маданият, каада-салт, тил жана дин бириктирип турат. Ошондуктан бүгүнкү сапарга өзгөчө маани берем. Мен өз ара мамилелерибизди жаңы деңгээлге чыгарарыбызга ишенем. Эки өлкө ортосундагы кызматташтык канчалык күчтүү жана ийгиликтүү болсо Борбор Азиядагы кырдаал ошончолук туруктуу болот", - деди Токаев.

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эки элдин биримдигин баса белгилеп, "тагдырыбыз жана келечегибиз бир экенине ишенем” деди.

"Казакстан Өзбекстанга миллард доллар инвестиция салган"

Токаевдин сапарынын биринчи күнүндө эки лидер Ташкенттеги "Жаңы Өзбекстан" паркындагы "Эгемендик" монументине гүл коюп, Төлө бийдин 15-кылымдын биринчи жарымында курулган күмбөзүнө зыярат кылышты.

Быйыл Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетти. Талдоочулар Токаевдин Ташкентке сапарынан кийин бул сумма 8 миллиард долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдошууда.

Казак президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун илими кызматкери, экономист Вячеслав Додонов Zakon.kz басылмасына курган маегинде, Казакстан Өзбекстанга миллард долларга чукул инвестиция салганын айтты.

"Өзбекстандан Казакстанга караганда, тескерисинче Казакстандан Өзбекстанга кыйла көп инвестиция жөнөтүлөт. Бул жараян соңку жылдары кыйла кеңейди. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча Өзбекстанда казакстандык инвестициянын дээрлик миллиард доллары топтолгон" .

"Газ үчилтигинен" кабар жок

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Токаевдин Ташкент сапарында Москва демилге көтөргөн Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен дал ушул "газ биримдигин" түзүү маселеси каралганы маалымдалган жок.

Бул демилгени Владимир Путин өткөн айдын аягында Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунда билдирген эле.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Токаев Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинин алкагында сентябрда Өзбекстанга барган.

Өзбек лидери Мирзиёев октябрда КМШ саммитине, “Борбор Азия – Орусия” жана “Борбор Азия – Европа Биримдиги” отурумдарына байланыштуу ноябрда эки жолу Астанага келип кетти.

Казакстан менен Өзбекстан кимден коргонот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:13 0:00

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шейшембиде парламентте туруп элине кайрылды. Өзбек лидери элин кыйнаган энергоркризистин себептерине токтолуп, эскилиги жеткен инфраструктураны жаңылоо миллиарддаган долларды талап кыларын айтты.

36 миллион калкы бар өлкөдө быйыл ызгаар катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Социалдык тармактарда блогерлер карапайым эл кантип каржалып жатканын көрсөткөн видеолорду жарыялап жатат.

Президент Шавкат Мирзиёев 20-декабрда парламенттеги кайрылуусунда бул кризиске да токтолуп, эскилиги жеткен энергетикалык инфраструктураны жаңылоо миллиарддаган долларды талап кыларына токтолду.

"Калктын алты жылда 13% өстү. Ишканалар эки эсе көбөйдү, 50 миң өндүрүш ишканасына кошумча энергия керек. Энергияга болгон талап 35% өстү. Бүгүн аны канааттандыруу үчүн 25-30 млрд. доллар каражат керек. Ал үчүн бир гана инвестиция тартуу зарыл".

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Кыш түшкөнү коңшу өлкөдө "өкмөт бүгүнкү энергетикалык кризисти чече албайт" деген сын күчөгөн. Ферганада газ берүүнү талап кылып акцияга чыккандардын алды камалды.

Өзбек лидери келерки жылдан тарта өкмөттүн иши түп-тамырынан өзгөрүп, оболу министрликтер менен мекемелердин саны 61ден 28ге чейин кыскара турганын айтты.

"Көптөгөн министрлер алмашат. Мамлекеттик кызматкерлердин саны акырындап 30-35% кыскарат. Кызматта өз жумушун мыкты билген, ишке берилген, эл ыраазы болгон министрлер гана калат" , - деп эскертти Мирзиёев.

Президент парламенттеги эки жарым саатка созулган кайрылуусунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө учкай гана токтолду. Бирок серепчилер Мирзиёев дал ушул кайрылууда референдумдун датасын жарыяларын айтышкан. Ал беймаалым бойдон калды. Коңшу өлкөдө референдум жазында өтөрү буга чейин маалым болгон. Жаңыланган Конституция кабыл алынса, Мирзиёевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга жол ачылат.

Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлуп, Каракалпакстан Автоном Республикасына тиешелүү беренелерден улам нааразылык чыккан.

Андыктан шейшембиде өзбек лидер Каракалпакстандагы кырдаалга да токтолбой койгон жок.

"Биздин негизги максат - Өзбекстанда өнүккөн жана гүлдөгөн Жаңы Каракалпакстанды куруу. Кылымдар бою эт менен тырмактай биригип жашап келген элдерибиздин достугуна эч кандай күч таасир эте албайт. Анткени биздин тарыхыбыз жана келечегибиз бир", - деп белгиледи Мирзиёев.

Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдерди бийлик күч менен басканда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги ондогон жай тургун каза тапканын, анын 516сы кармалганын билдирген.

12-декабрда айыпталган 22 кишинин соту Бухара облусунда башталган. Учурда бул жараян боюнча чечим чыга элек.

"Борбор Азиядагы бардык коңшу өлкөлөр жана биздин стратегиялык өнөктөш мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого басым жасайбыз", - деп билдирди.

Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев.
Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев.

21-22-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Расмий маалыматка ылайык, лидерлер эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун, алака-катыштын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Токаевдин Ташкент сапарында Москва демилге көтөргөн Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен "газ биримдигин" түзүү маселеси каралар-каралбасы маалымдалган жок.

Мирзиёев 10-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келмек. Ошол маалда Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити өтмөк. Соңку маалда Ташкент бул аймактык бирикмеге байкоочу болуп катышып жүрөт.

Саммиттин алдында Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси Мирзиёевдин сапары кийинкиге калганын, коңшу мамлекеттин башчысы Бишкекке ушул жылдын аягына чейин келерин жарыялаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG