Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Борбор Азия

Жахангир Артыкхожаев.
Жахангир Артыкхожаев.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынды. Эки жарым миллиондой калкы бар баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына сөгүш берилди.

16-январда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сынга алды.

"Ташкенттин акимин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан ары жыла албаганы үчүн, буту жер баспай калган үчүн иштен бошоттум".

Баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына акыркы сөгүш берилди. Мирзиёев Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратурага кызматтан алынган аткаминерлердин ишмердүүлүгүн иликтеп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Gazeta.uz басылмасы дүйшөмбүдө таң эрте Ташкенттеги эл аралык аэропортто Жахангир Артыхожаевди Өзбекстандын күч кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн экенин жазды.

Экс мэр үй-бүлөсү менен Түркиянын Стамбул шаарына учуп бараткан жеринен кармалганы айтылат. Бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Артыкхожаев аралашкан "күмөндүү" келишимдер

48 жаштагы Жахонгир Артыкхожаев кызматка келгенге чейин Tashkent City жана Artel Engineering ишканаларынын жетекчиси болгон. Анын AKFA Group компаниясы Өзбекстанда алюминий жана желим терезе-эшиктерди жасаганы менен белгилүү.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин өлкөдөгү эң кымбат мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде жалпы баасы 2 миллиард долларлык Tashkent City долбоору тендерсиз эле Артыкхожаев​дин компанияларына берилген.

Буга чейин Ташкенттин мэрине байланышкан табышмактуу схемаларды британиялык Кристиан Ласслетт иликтеп чыккан. Анын айтымында, Артыкхожаев президент Шавкат Мирзиёевдин коррупциялык аракеттерин иликтеген батыштагы журналисттердин көзүн жазгыруу үчүн өз компанияларын Аброр Ганиев аттуу жаранга каттай баштаган.

Артыкхожаевдин аты "акылдуу" газ эсептегич тендерине да аралашкан. 2020-жылы мекеме аралык комиссиянын чечими менен "Худудгазтаъминот" акционердик коому өткөргөн тендерди Жахангир Артыкхожаев жана "Акфа/Артель" корпорациясынын ээси менен байланышы бар Texnopark фирмасы утуп алган.

Келишимге ылайык, "Технопарк" фирмасы "Худудгазтаъминот" акционердик коомуна алты үлгүдөгү 3.546.148 даана газ эсептегич, 2.455.176 даана газ эсептегич кутучасын жана 1.292.969 даана регуляторлорду жеткирип берүүгө милдеттенме алган.

Шавкат Мирзиёев жана Жахангир Артыкхожаев.
Шавкат Мирзиёев жана Жахангир Артыкхожаев.

Көп өтпөй Анжияндагы батирлердин биринде "Остен" газ эсептегичи орнотулгандан эки саат өткөндөн кийин жарылып кеткен. Бул окуядан кийин президент Шавкат Мирзиёев бул газ эсептегичтерди өзбекстандыктардын үйлөрүнө орнотууну тездетүү боюнча атайын жарлыкка кол койгон.

"Озодлик" радиосу 2021-жылы өзбек бийлиги пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүп берген 8 миллиард доллардын изин иликтеген. Расмий документтерге ылайык, жоопкерчилиги чектелген үч компания 2020-жылдын март айында чыккан токтомго ылайык объектилерди көзөмөлдөө жана куруу боюнча келишим түзгөн.

Бул келишимдин негизги "олжолуу" аткаминери Ташкендин мэри Жахангир Артыкхожаев болгон. Анткени анын жеке кеңсеси тарабынан көзөмөлдөнгөн ишкана, өзбек өкмөтүнүн медициналык мекемелердин курулушу боюнча буйругу чыккандын эртеси 10 миң орундуу оорукананын курулушуна эки бирдей келишим түзгөн.

Ошол эле учурда, Юкарычирчик шаарындагы 20 миң орундуу оорукананы да Жахангир Артыкхожаевдин кол астындагы ишкана курган.

"Озодликтин" иликтөөсүндөгү документтерде көрсөтүлгөндөй, пандемияда курулган объекттердин дээрлик бардыгын Артыкхожаевге тийиштүү компаниялар жүргүзгөн.

Бирок Ташкент шаарынын мэриясы бул иликтөө боюнча комментарий берген эмес.

"Бекер тамак энергокризисти чечпейт"

Артыкхожаев 2018-жылдын апрель айынын аягынан тарта Ташкент шаарынын мэри болуп иштеди. Өткөн аптада ал сууктан улам борбор калаадагы тойканаларда беш күн бою элге акысыз палоо таратуу демилгесин да көтөргөн.

Шаар жетекчисинин бул демилгеси соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, колдонуучулар "Акысыз тамак-аш бул элди энергетикалык көйгөйлөрдөн алаксытуу жолу, Артыкхожаев кырдаалды курчутуп жатат" деп сынга алышкан.

Өзбекстанда кыштын ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөгөн. Дем алышта Ташкенттин айрым тургундары үйлөрүнүн алдына каршылык акциясына чогулуп, социалдык түйүндөрдө шаардын мэрин гана эмес, президенттин да кызматтан кетишин талап кылган учурлар болду.

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Өлкөдөгү ири соода борборлоруна кечки саат бешке чейин гана иштөө эрежеси киргизилди.

16-январда Энергетика министрлиги батирлерде бирден гана жылытуучу жабдыктарды колдонууну, жеке ишкана жана уюмдардын кызматкерлерине онлайн режимде иштөөнү сунуштады.

Байге сайып окурман издеген китеп дүкөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда. Адатта мындай сынактарга жаштар катышат. Уюштуруучулар калкты китеп окутууга үйрөтмөйүнчө, коомдо илимий жана экономикалык прогресс болушу кыйын экенин белгилешет. "Оку" басма үйү 2018-жылдан бери ондой сынак өткөрүп, ага 60 миңдей адам катышкан. 26-февралда мектеп окуучулары, студенттер жана жалпы окурмандар үчүн 11-сынакты өткөрө турган болууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG