Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Борбор Азия

Ооган кыргыздары: Тумоо каптап, көз жумгандар бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:19 0:00

Коңшу Казакстанды козгогон кандуу окуяларга бир жыл болду. Суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясын улай тутанган кандуу тополоң кеминде 238 кишинин өмүрүн алган. Ооганстанда миңдеген балдардын өпкөсү кагынып, дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясы жайылууда. Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздардын арасында да ооруп, көз жумгандар бар. Бишкекте наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган беш дарыгер үй камагына чыкты. 

Январь окуясына бир жыл: Викрам жана Чолпонбек кордуктан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:26 0:00

Кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Казакстандагы Январь окуяларына бир жыл толду. Ал кезде Кыргызстандын эки жараны да каза болгон. Айрым кыргызстандыктар камакка алынып, кээ бири кыйноого кабылып, ден соолугун жоготуп, бүгүнкү күнгө чейин калыбына келе албай убара. Коомдо резонанс жараткан Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун “кыйноо” боюнча кылмыш иштери тергелип бүтө элек. Алар коңшу өлкөдө ырайымсыз ур-токмокко алынып, кабырга-буту сынган, баш-мээси чайкалган оор абалда Кыргызстанга жеткирилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG