Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Борбор Азия

Эркин медиага кысым, “Азаттыктын” айланасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:24 0:00

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Муну менен буга чейин алгач сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөгөн мамлекеттик органдар эми “Азаттыкты” толугу менен жабууга аракет кылууда. Бийлик түзүмдөрүнүн мындай кадамы коомчулуктун, журналисттердин жана эл аралык уюмдардын терең тынчсыздануусун жаратууда. Кыргызстандын тарыхында эркин медиага, анын ичинен “Азаттыкка” кысым көрсөткөн учурлар болуп, ар бийликтин тушунда ар кандай сценарий менен ишке ашкан. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын,  “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуяларды жана анын кесепеттерин талдайбыз.  

Абактагы активист Атай Бейшенбекке дагы үч иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:16 0:00

Кемпир-Абад ишинин алкагында камалган Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголду. Германия Украинага "Леопард" танктарын берет. Украин президенти Зеленский коргонууну бекемдөө үчүн тез арада заманбап танктарга муктаж экенин айткан. "Азаттыктын" айланасындагы кырдаалга угармандары кабатыр.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG