Ушул жумада Кожомкул атындагы спорт ордосунда куудул Жаныбек Алыкулов “Куудул олтуруш”долбоорун өткөрөт. Элдик оозеки чыгармачылыктагы куудулдук өнөрдү өнүктүрүү максатында “Чоңко” маданий борборунун демилгеси менен уюштурулуп аткан бул отурушка Күмөндөр Абылов, Келдибек Ниязов, Рахман Разыков баштаган куудулдар жана ырчы-чоорчулар катышат.
Ушул күндөрү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде түштүктөн келген сүрөтчүлөр Кожон Дарбанов менен Равшанбек Маматкуловдун “Чийген таш” аттуу көргөзмөсү өтүүдө.
Бүгүн Нарын жергесинде “Учур” телетеатрынын гастролу башталат. Артистер Ат-Башы районунун айылдарында, Нарын шаарынын айылдарында болушуп “Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” өзбек драматургу Иброгим Содиковдун “Апендинин беш аялы” аттуу комедиясын тартуулашат.
Бул жумада кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссерлорго устаттык сабактарды өттү. Анын алкагында кинодраматургия жаатында, актерлук чеберчилик боюнча, кинорежиссура, монтаж иштери жана башка ушул сыяктуу маалыматтар берилди. Устаттык сабак бүгүн жыйынтыкталат. Ага катышкан улан-кыздар Эрнест Абдыжапаровдун көзөмөлү алдында тасма тартууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми ал тасмлардын бет ачаар аземи ноябрь айында өтмөкчү.
Айгүл Жунушалиева, Бишкек 11-апрелде Бишкекте “Чийген таш” аттуу көргөзмө өттү. Анда сүрөтчү Кожон Дарбановдун эмгектери эл сынына коюлду. Ал тогуз жылдан бери Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы ар кыл жазуу-чиймелер чегерилген байыркы доордон бери сакталып калган таштар жайгашкан жерде жашайт. Кожон Дарбанов жана көргөзмөнүн уюштуруучусу айкелчи Равшан Маматкулов бул иш-чара тууралуу “Азаттыкка” маек куруп беришкен.
“Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны кыргыздын профессионал ырчыларынын ичинен алгачкылардан Чайковский атындагы Москва консерваториясынын аваздык-вокалдык ырдоо классын бүтүргөн жогорку билимдүү опера ырчысы, Республиканын эл артисти Сейдакмат Токтоналиевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына жана жаркын элесине арналды.
Бүгүн Бишкекте Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыкты тапшыруу аземи болот. Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант ордосу” тарабынан уюштурулган сынакка 35 жашка чейинки акындар катышты. Анда өлкөнүн баардык аймактарынан чыгармалар кабыл алынып, тематикалык жактан чектөө коюлган жок. Уюштуруучулардын айтуусунда бул жолу өзгөчө элет жериндеги жаштарга көңүл бурулду.
Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Баткен облусундагы Айгүл тоо деген жерде дүйнөнүн эки-үч жеринде гана өсүүчү сейрек кездешкен Айгүл деген ажайып гүл өсөөрү белгилүү. Айгүл дал ушул апрель айында гүл ачат. Бир кезде бул гүлдүн таптакыр жоголуп кетүү коркунучу туулуп, аны жергиликтүү мектептин мугалимдери өз демилгеси менен коргоого алган болчу. Бул гүлдүн бүгүнкү абалы тууралуу “Азаттык” үналгысына белгилүү обончу, Баткен облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси Апас Жайнаков маек куруп берди.
Бүгүн Бишкек гуманитардык университетинде белгилүү адабиятчы, акын Абдылдажан Акматалиевдин “Жан дүйнөм” аттуу поэзия кечеси өтөт.
Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Учурда Москвада жашаган белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген бул күндөрү Кыргызстан аймактарын кыдырып, “Манастын төрөлүшүн утурлай” деп аталган даректүү-публицистикалык жаңы тасмасына каармандарды издөөдө. Режиссер ошол тасманын тартылышы тууралуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна жооп берди.
Бүгүн Бишкекте Казакстандан келген Калибек Куанышбаев атындагы казак музыкалык-драма театрынын гастролу башталат.
Бүгүн Баткенден белгилүү кинорежиссер Нурбек Эгендин “Ыйык Атажурт” фонду, “Санжыра” кинокомпаниясы жана “Шоокум” журналы менен бирдикте республиканын жаштары менен жолугушуусу башталды.
Дагы жүктөңүз