Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов акыркы сапарга узады. Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.
Илгери бала кезде «ал эки заманды көргөн адам» деп айткандарды көп укчу элек. Көрсө мындай сыпаттоо орус падышалыгы менен совет бийлигин көрүп калган, жашап калгандарга көбүрөөк айтылчу экен.
Алай районунун Мурдаш, Жошолу айылындагы жайлоолор. Бир кезде бул айылдардагы жаштардын көбү Орусияга агылып, жайлоолор ээн калган. Азыр анын көркүн жаштар ачып жаткан экен. Жайлоого эс алганы келгендер да көбөйгөнүн айтышты.
2017-жылы Стамбул шаарынын Малтепе аймагындагы сейил бактардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилип, айкели тургузулган. Бирок андан бери айкелдин тегерек чети каралбай, айкел тургузулган таштын бетине чапталган жазуудагы тамгалар түшүп калган.
"Азаттык+" бул жолу кыргыз клип дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдү талкуулады. Кыргызстандагы эң көп көрүлгөн жана эң кымбат клиптер кайсылар? Сапаттуу клиптердин жаралышына эмне тоскоол болуп жатат?
Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулунун (1831–1865) элесине арналган илимий жыйын.
Эл акыны Элмирбек Иманалиев комуздун коштоосунда кыргыз саясатчыларына кайрылуу жасады. Автор чоңдорго арнаган ырында Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы тууралуу кеп козгоп, саясатчыларга ачуу сын айткан.
Кыргызстандагы театрлар быйылкы сезонду жыйынтыктап, эс алууга кетти.
Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго арналган кинокербен өлкөнү кыдыра баштады. Таластан башталган иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өтөт.
Борбордук Азия университетинде кыргызстандык мугалимдер билимин жогорулатып жатат. Алар үйрөнгөндөрүн эми окуучулар менен бөлүшүп, үй шартында кантип лабораториялык иштерди жүргүзсө болорун айтып бермей болду. Буга чейин ушундай эле мугалимдердин окуусуна Казакстан менен Тажикстандан 60 агартуучу ке
Нарында шырдак фестивалы өтүп жатат. Эл аралык фестиваль Теңир-Тоодо тогузунчу жолу өтүүдө. Быйыл чет элдик туристтер өзгөчө көп келишти.
Дагы жүктөңүз