19-20-июлда Соң-Көлдүн жээгинде “Акмөөр” фестивалы болду. Фестивалга атайын келбесе да, капыстан туш болгон туристтердин көптүгү иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү катары бааланды. Эми Ак-Талаа районунун жетекчилиги бул фестивалды эки жылда бир жолу өткөрүүнү пландоодо.
Капарбек Токтошевдин аңгемелеринен элеттик турмуштун деми уруп, карапайым адамдардын тиричилиги, кулк-мүнөзү алдыга тартылат.
Борбор азиялык дин аалымы Абу Бакр Мухаммед ибн Абу Сахл Ахмед Ас Сарахсий (имам Сарахсий) диндин өнүгүшүнө, илимге кошкон салым жөнүндө маек.
Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Балдардын заманбап искусствосу» деген темада талкуу өткөрдү. Ага искусство таануучулар, билим берүү мекемелеринин адистери, музей жана театр жетекчилери катышты.
Францияда экология министри, президенттин партиялашы Франсуа де Рюжи өз ыктыяры менен кызматтан кетти.
«Ашар» уюмунун 30 жылдык мааракеси тууралуу тарыхчынын блогу.
Ноокат районунун Гулистан айылында алты муундан бери устачылыкты аркалап келе жаткан үй-бүлө бар. Өткөн кылымдагы буюмдарды сактап, атадан калган өнөрдү аздектеп келе жаткан өнөр ээси менен баарлаштык. Уста Ахмаджан Пазылов таканын түрүн жана аны жасоо жол-жобосун айтып берди.
Зайырбек Ажыматовдун буга чейин үч ыр китеби чыккан. Ушу тапта төртүнчүсүн чыгаруунун камылгасын көрүп жүрөт.
«Борбор Азия таланттарды издейт» деген долбоордун Кыргызстандагы алгачкы кадрлары тартылып жатат.
Рыскул Калдыманов айылда жашап, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган азыноолак чыгармалары болбосо, адабий процесске кызуу аралашкан жок.
Акындар Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урмамбетовдун алым сабагы.
Дагы жүктөңүз