12-июлда кыргыздын ажайып сулуу кызы, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнүнө 75 жыл толду.
«Ооз» деген сѳздү чечмелеп кѳрѳлү.
Бишкекте жаш активисттердин демилгеси менен “Китепкөй Ала-Тоо” долбоору башталды. Беш күндөн бери борбор калаадагы мектеп окуучулары, студенттер кечкисин Ала-Тоо аянтында китеп окуп, элди да китеп окууга чакырып жатышат. Бул иш-чара буга чейин ишке ашып келген “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун уландысы.
Жакында Кыргызстанда көркөм котормо сынагынын жыйынтыгы чыкты.
Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейин текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия анда сакталган 250 картинанын ичинен эки сүрөт жасалма экенин аныктады. Музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев бул дооматты четке кагып, комиссия бир тараптуу иштеп жатканын айтууда.
«РухЭш» сайты өткөргөн котормолор конкурсу акыркы убакта бул жанрдын алкагы кеңейгенин көрсөттү. Адистердин айтымында, кийинки кезде англис, француз, немис, чех, түрк, орус, казак, өзбек, итальян тилинен кыргызчаланган чыгармалар көбөйдү.
«Улан», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Биздин балалыктын асманы» өңдүү кинотасмалары аркылуу чыгаан талант атыккан кинорежиссер Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл күздө 84 жашка чыкмак.
Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мурдагы маданият министри Марклен Баялинов акыркы сапарга узады. Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.
Илгери бала кезде «ал эки заманды көргөн адам» деп айткандарды көп укчу элек. Көрсө мындай сыпаттоо орус падышалыгы менен совет бийлигин көрүп калган, жашап калгандарга көбүрөөк айтылчу экен.
Алай районунун Мурдаш, Жошолу айылындагы жайлоолор. Бир кезде бул айылдардагы жаштардын көбү Орусияга агылып, жайлоолор ээн калган. Азыр анын көркүн жаштар ачып жаткан экен. Жайлоого эс алганы келгендер да көбөйгөнүн айтышты.
2017-жылы Стамбул шаарынын Малтепе аймагындагы сейил бактардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилип, айкели тургузулган. Бирок андан бери айкелдин тегерек чети каралбай, айкел тургузулган таштын бетине чапталган жазуудагы тамгалар түшүп калган.
Дагы жүктөңүз