Акындар вирус жөнүндө, дарыгерлердин каармандыгы, мугалимдердин кадыры туурасында ырларды жаза баштады.
«Аш көп болсо каада көп» дегендей, илгерки бир доордо эсирген бай-манаптардын ойлоп тапкан «оюндарынын» бир түрү ушул «Өпкө чабыш» болгон.
Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхын бурмалоо учурлары тууралуу блог.
Кыргыз тилинде «кудай» сөзүнө байланышкан көп сөздөр айтылат. Анда ушул сөздөргө токтололу.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жазгүл Келдибекова айылдагы уздардын башын бириктирип, шырдак жасай баштаганына он жылга аяк басты. Бул аралыкта ал чет өлкөдөн кардар табууга жетишти.
Турдалы Токбаев социалисттик кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн биринчи катарында болгон.
Өмүрзак Коңурбаев 1942-жылы августта камакка алынган.
Өлкөдө карантинге байланыштуу театр жана музейлер жабылган. Бирок үйдө отуруп эле спектакль көрүп, музейдеги көргөзмөлөргө баш бага аласыз.
Карантинде китеп окугандардын катары калыңдады. Электрондук китепканаларга киргендер да көбөйүп, өлкөдө китеп окуу таймаштары жана ар кандай эстафеталар өтүп жатат.
Айыкпас дарттын аргасын издеп кыйладан бери Москвада дарыланып жаткан белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов 70 жашында дүйнөдөн кайтты.
«Жетинчи канал» 6-апрелде көрөрмандарга «Эфир» деп аталган кыргызча сериал тартуулай баштады.
Туура 10 жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Дагы жүктөңүз