Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Акылбек Жапаров 2005-жылдагы март окуясында Аскар Акаевдин бийлиги кулаганда бириккен оппозициялык күчтөрдүн атынан бийликке келген. Ал эми 2010-жылы биринчи-вице-премьердин ордун ээелеген Жапаров Курманбек Бакиев менен кошо бийликтен кеткен.
Кырчындай жүзгө жакын жигиттин өмүрү кыйылып, Ак үй алды канга боёлгон Апрель революциясына 10 жыл болду.
Карантин чыгармачыл адамдардын да ишмердигин өзгөртүп жатат. Үйдө отурууга аргасыз болгон өнөр адамдары поэзия кечелерин онлайн өткөрүп, түз эфирде “Манас” айта баштады. Үн күчөткүчтөрүн коюп алып, балкондо концерт берген ырчылар да жок эмес.
Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.
"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында жай, жаз деген сөздөрдүн бир нече маанисин чечмелейбиз.
"Сөз дайра" берүүсүндө бет, кеп, кепе деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.
Мурзабек Тазабек уулу - алгачкы муун интеллигенттердин бири. Айылда агартуу, чарба жагында иштеп жүргөн кезинде камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.
Амангелди Мисиров өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсан. Анын каармандары да өзүндөй жөнөкөй, турмуштук көрүнүштөн адабий формага көчүрүлгөн тагдырлар.
Заманабыздын залкар ойчулу жана жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу блог.
Нарындык ордочулардын бул жолку мелдешине жети команда катышкан. Алар Ат-Башы, Кочкор жана Нарын районунун ордочулары. Ар жылы уюштурулган бул таймаш алты айга созулат. Жыйынтыгы жаз айында чыгат.
«Делбирим» фильмин Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук делбирим» повестинин негизинде тарткан режиссёр фильмдин каармандары өбүшүп жаткан жерин кыркып салганы үчүн Өзбекстандын «Milliy TV» телеканалын сотко берүүгө камынууда.
Сөз дайра берүүсүнүн бул чыгарылышында куу, куур деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.
Дагы жүктөңүз