Ак тандай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн утурлай таланттын шакирттери Улуттук филармонияда "Төкмө келсе төр бошот" деп аталган эскерүү кечесин уюштурду. Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо аракети чыр менен коштолууда.
Тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мурзакметов бир канча жылдан бери кыргыздын уят жана сөгүнгөн сөздөрүн топтоп, талдап жүрөт. Илимпоз уят сөздөр да тилдин байлыгы деп эсепейт. Ал "Ачык Time" подкастында кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев грыжадан, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап, дарыланууга муктаж.Кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү кармалды.Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кабыл албай жатат.
Маданият министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салууну сунуштады. Демилге маданий чөйрөдө ар кандай талкууланып, айрымдар бул сапаттуу музыканы өнүктүүгө аракет, күйөрмандын укугун коргоо десе, айрымдар чыгармачылыкты чектөө катары баалап жана андай кадамг
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин көзү тирүү болгондо 12-январда 80 жашка чыкмак.
Куудулдар алардын «Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан» аттуу концертине бийлик бут тосуп жатканын айтып чыкты. Уюштуруучулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аларды суракка чакырганын айтты.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги, анын ичинде Кыргызстандагы православдар 7-январда Исанын туулган күнү (Рождество) майрамын белгилеп жатышат. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын туткандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.
Таанымал кыргыз адабиятчысы, сынчысы Калык Ибраимов жаңы ырлар шиңгилин сунуштайт.
Сүрөтчү, керамист, дизайнер Замир Илипов «Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыккан китептин сүрөттөрүн, «Беш берен», “Манастын келиши”, «Сейтек» аттуу композицияларын жараткан. Ал кыргыз эл жомокторуна, балдар адабиятына байма-бай сүрөттөрдү тартып келет.
Дагы жүктөңүз