2020-жыл ичиндеги сөздөрү интернетте мемге айланып, коомчулукта күлкү да, талкуу да жараткан саясатчылардын билдирүүлөрүн топтодук. Сөздөн жаңылган депутат, парламентте сөгүнгөн премьер, ашканадан хайп жаратып, кызматка барган саясатчы жана башкалар тууралуу видео баян.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 29-декабрда кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленди.
«Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан?» концертинин жарнамасын ОшТВ телеканалы эфирден бербей койду.
"Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында мугалим, алып баруучу, диктор, акын Максат Жангазиевдин “Декабрдын кечи” аталышындагы поэзия кечеси “Алтын Бак” ресторанында өттү.
Дүйнөнү каптаган оору, карантиндеги жашоо жана Беларустагы миңдеген киши катышкан нааразылык чаралары... Мунун баары “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" сүрөтчүлөрүнүн кадрларында сакталган окуялар. Эмесе, 2020-жылдагы мыкты сүрөттөр менен таанышыңыздар.
Таанымал куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов ОшТВ телеканалы бийликти сындаган концерттин жарнамасын эфирге бербей жатканына даттанышты. Алардын жаңы тамашасы «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» деп аталат.
Жаш акын Максат Жангазиев ырларында турмуштагы карама-каршылыктар тууралуу баяндап, конфликттүү кырдаалдарды ачык сүрөттөгөнү менен калемдештеринен өзгөчөлөнүп турат.
2020-жылы «Азаттык» радиосунун жамаатында орду толгус жоготуу болду. Чыгаан журналист, көпчүлүктүн устаты Бүбүкан Досалиева жана белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салышты. Аларды жаркын элесине арналган баянды сунуш кылабыз.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тойчубек Абакиров менен Тынчтык Сапарбек уулунун "Ак-Талаа" деген живопистик чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Жумгалдагы музыкалык драма театрынын имараты көп жылдан бери кулайын деп араң турат. Эскилиги жеткен имаратта маданиятка баш-оту менен берилген өнөрпоздор эмгектенишет.
27-декабрда журналист Бейшенбек Бекешов 61 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Замандаштары анын чыгармачылыгынын оош-кыйыш жактарын талдап, коомдук турмушка кайдыгер болбогон жигердүү жарандык турумун эскеришет.
Кыргыз эл артисти Султан Каримовдун дарыланышы үчүн каражат керек болуп жатат.
Дагы жүктөңүз