Быйыл пандемияга карабастан чоң шаарларда балатылар орнотулду. Өлкө боюнча жаңы жылдык жасалганын өзүнө эле 1 миллион 700 миң сомдон ашуун каражат жумшалды.
Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму башталды.
1917-жылы айтылуу Октябрь революциясынын натыйжасында Совет өкмөтүн негиздеген Владимир Ленинге 1920-жылы кыргыз элинин атынан кат жиберилгенинен бери 100 жыл өткөнүн изилдөөчү Асел Даниярова эске салат.
Кыргызстанда кыл кыяк тарткан өнөр адамдары саналуу. Алардын бири - Залина Касымова. Ал кыл кыяктын үнүнө ылайыктап “Менин сүйүүм”, “Мезгил закымдары”, “Сезим ыргактары” аттуу 20га жакын күү жаздырган.
Илимпоз жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова 1920-жылы 1-майда ала-тоолук он айдың орусча жазган жана Владимир Ленинге даректелген каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, илим чөйрөсүнө киргизишти.
17-декабрда журналист жана көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак узакка созулган оорудан кийин 70 жашында каза болду. Маркумдун сөөгү Таластагы өз айылында жерге берилди.
Акын Алыкул Осмоновдун 105 жылдыгына жана акын, коомдук, мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.
Жыпара Акунованын “Талкаланган тагдырлары” эне-баланын армандуу жашоо-турмушу, баңгиликтин азап-тозогун көркөм иликтөөгө алган чыгарма. Биздин күндө, ушу заманда болуп жаткан окуя.
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында залкар композитор жана коомдук ишмер Мукаш Абдраевдин 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Кыргыз элинин таланттуу журналисттеринин бири, маркум Жаныбек Жанызактын (1950–2020) жаркын элесин кичүү кесиптеши Аскер Сакыбаева эскерет.
Айтылуу кыргыз журналисти, интернетчи, википедиячы Жаныбек Жанызак дүйнө салды. Анын ары талаш-тартыштуу, ары талыкпай изденген чыгармачыл дүйнөсү тууралуу Т.Чоротегиндин блогу.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дирижер, композитор Борис Фефермандын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Дагы жүктөңүз