Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум акын Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.
Кыргызстандагы китепканалардын 192синин имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж. Алардын ичинен 42си авариялык абалда. Каражатка байланыштуу китеп фонддору да жаңыланбай келет. Борбордук китепканалар болсо эл аралык уюмдардын, чет өлкөлөрдүн акчасына жанын багууда.
Николай Рерих атындагы үй музейинде 5-декабрда “Кыргыз Ата, кыргыз Эненин келиши” аттуу күү кечеси болду. Аталган кечеде күү атасы аталган Кенжебек Алдаяр жаңы чыгарган жети күүсүн жана Кара Молдонун “Камбаркан (Сынган Бугу)”күүсүн чертти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлду.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бакудагы сапары маалында өздөрү жикчил санаган ырга шилтеме кылганын терең айыптады. Расмий Анкара анын кинесин четке какты.
Дүйнө жана кыргыз коомчулугу залкар жазуучу жана ойчул, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата анын жаркын элесин эскерүүдө. Таанымал айтматов таануучу, сынчы Калык Ибраимов жаңы өңүттөгү блогун сунуштайт.
Белгилүү актер, режиссер Марат Козукеев тирүү болсо 50 жашка чыкмак.
Кыргыз Республикасынын “легендарлуу” Жогорку Кеңешинин төрагасы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов “Бийлик сырлары” берүүсүндө жаштардын мамлекеттик кызматтарга келиши, М. Горбачев, Т. Усубалиев, А. Акаев ж.б. мамлекеттик ишмерлер жөнүндө көз караштары менен бөлүштү.
«Көк Теңир күүсү», «Манас илими», «Кыргыз жан», «Кыргыз ата», «Кыргыз Эне», «Кырк ууру кыргыз», «Огузхан» аттуу жүздөн ашык күүлөрдүн ээси Кенжебек Алдаяр «Кыргыз ата, кыргыз эненин келиши» аттуу сүкүт күү кечесин өткөрдү.
Бишкекте бир тууган эже-сиңдилер зордук-зомбулукка каршы инсталляция даярдашты. “Колдор” деп аталган инсталляцияга ар бир көрүүчү кирип, коомдогу кыздар кабылган басымды сезсе болот. Авторлордун айтымында, мындай эмгекти жаратууга быйыл 8-мартта Бишкекте болгон тилектештик жүрүшү себеп болгон.
Дагы жүктөңүз