Таанымал кыргыз журналисти Бейшенбек Бекешов 27-декабрда жүрөгү кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды кыргызстандыктар терең кайгыруу менен кабыл алышты.
Сүрөтчү, керамист, дизайнер Замир Илипов «Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыккан китептин сүрөттөрүн, «Беш берен», “Манастын келиши”, «Сейтек» аттуу композицияларын жараткан.
Жыл жыйынтыгы чыгарылып жатканда, 2021-жылга да сереп сала кетели. Коронавируска каршы күрөш маалында айрым жаңы технологиялык демилгелер күтүлгөндөн да тездеп жүзөгө ашырылмакчы. Алардын оош-кыйыш жактары барбы?
Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүрканов менен кичүү кесиптеши, жазуучу Мирзохалим Каримовдун памирлик кыргыздар тууралуу маеги.
"Кыргыз кайрык" долбоору "Жаралыш" аттуу музыкалык перформансын көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул перформанс музыкалык үч жанрды өзүнө камтыды. Неофольклор, элдик фольклор жана классикалык заманбап музыкалар колдонулду. Үч жаңы музыкалык жанрды бириктирген спектакль кыргыз маданиятында алгачкы жолу коюл
Жеткинчектер Санта Клаус, Аяз Ата, Аяз Кызга ж.б. майрамдык каармандарга ишенишет. Алардын жомокко аралаш кыялын колдогон чоң эле кишилер, ал түгүл бакыйган ири аскер кызматындагылар да дүйнөдө аз эмес экен.
Быйыл пандемияга карабастан чоң шаарларда балатылар орнотулду. Өлкө боюнча жаңы жылдык жасалганын өзүнө эле 1 миллион 700 миң сомдон ашуун каражат жумшалды.
Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму башталды.
1917-жылы айтылуу Октябрь революциясынын натыйжасында Совет өкмөтүн негиздеген Владимир Ленинге 1920-жылы кыргыз элинин атынан кат жиберилгенинен бери 100 жыл өткөнүн изилдөөчү Асел Даниярова эске салат.
Кыргызстанда кыл кыяк тарткан өнөр адамдары саналуу. Алардын бири - Залина Касымова. Ал кыл кыяктын үнүнө ылайыктап “Менин сүйүүм”, “Мезгил закымдары”, “Сезим ыргактары” аттуу 20га жакын күү жаздырган.
Илимпоз жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова 1920-жылы 1-майда ала-тоолук он айдың орусча жазган жана Владимир Ленинге даректелген каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, илим чөйрөсүнө киргизишти.
17-декабрда журналист жана көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак узакка созулган оорудан кийин 70 жашында каза болду. Маркумдун сөөгү Таластагы өз айылында жерге берилди.
Дагы жүктөңүз