Белгилүү актер, режиссер Марат Козукеев тирүү болсо 50 жашка чыкмак.
Кыргыз Республикасынын “легендарлуу” Жогорку Кеңешинин төрагасы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов “Бийлик сырлары” берүүсүндө жаштардын мамлекеттик кызматтарга келиши, М. Горбачев, Т. Усубалиев, А. Акаев ж.б. мамлекеттик ишмерлер жөнүндө көз караштары менен бөлүштү.
«Көк Теңир күүсү», «Манас илими», «Кыргыз жан», «Кыргыз ата», «Кыргыз Эне», «Кырк ууру кыргыз», «Огузхан» аттуу жүздөн ашык күүлөрдүн ээси Кенжебек Алдаяр «Кыргыз ата, кыргыз эненин келиши» аттуу сүкүт күү кечесин өткөрдү.
Бишкекте бир тууган эже-сиңдилер зордук-зомбулукка каршы инсталляция даярдашты. “Колдор” деп аталган инсталляцияга ар бир көрүүчү кирип, коомдогу кыздар кабылган басымды сезсе болот. Авторлордун айтымында, мындай эмгекти жаратууга быйыл 8-мартта Бишкекте болгон тилектештик жүрүшү себеп болгон.
“Кыргызстандын Брюс Лиси” аталган 10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов эл аралык “Интеррекорд” агенттигине катталды. Ал теннистин шаригин колундагы "нунчак" менен бир мүнөттө 42 жолу кайтарып рекорд жараткан. Нурмухаммад алдыда "Гиннестин дүйнөлүк рекорддор” китебине кирүүгө аракет көрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, маркум обончу Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгынын урматына жалпы өлкө боюнча «Апаз Жайнаков жумалыгы» уюштурулду.
Даңазалуу футболчу Виктор Понедельник 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ростов-на-Дону шаарында жерге берилмекчи.
Кыргыздын чыгаан журналисти, акыны жана публицисти Алым Токтомушев (1947–2014) калтырган мурасты иликтөөнүн чети да оюла элек. Анын кичүү кесиптеши Аскер Сакыбаеванын блогу.
Кытайлык кыргыз Гүлмира Макелек кызы Муса Баетовдун «Сагынам», Апаз Жайнаковдун «Кыргыз жери», Нурак Абдракмановдун «Сага» аттуу обондорун ырдап жүрөт. Ал өзү ыр жаратып, ага обон да жазат. Анын обондору эл арасында ырдала баштады.
Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Эдилбек уулу Уландын кларнет аспабындагы концертти өттү.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде ”Жаңыртуу" жана "Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби" фонду уюштурган өзгөчө балдардын кол эмгегине таандык “Жердеги жылдыздар” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбековдун китепканаларды жоюп, жаңы форматка өткөрүү тууралуу демилгеси талкууга түштү.
Дагы жүктөңүз