Акын Алыкул Осмоновдун 105 жылдыгына жана акын, коомдук, мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.
Жыпара Акунованын “Талкаланган тагдырлары” эне-баланын армандуу жашоо-турмушу, баңгиликтин азап-тозогун көркөм иликтөөгө алган чыгарма. Биздин күндө, ушу заманда болуп жаткан окуя.
Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында залкар композитор жана коомдук ишмер Мукаш Абдраевдин 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Кыргыз элинин таланттуу журналисттеринин бири, маркум Жаныбек Жанызактын (1950–2020) жаркын элесин кичүү кесиптеши Аскер Сакыбаева эскерет.
Айтылуу кыргыз журналисти, интернетчи, википедиячы Жаныбек Жанызак дүйнө салды. Анын ары талаш-тартыштуу, ары талыкпай изденген чыгармачыл дүйнөсү тууралуу Т.Чоротегиндин блогу.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, дирижер, композитор Борис Фефермандын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
Залкар манасчы Жусуп Мамайдын мурасына каршы айрым аткаминерлердин аракеттери токтой элек. 17-декабрда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын кеңсесинде бул жаатта дагы бир талкуу өткөрүлмөкчү. Тарыхчы Т.Чоротегиндин блогу.
Өзбекстандык белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов «шариаттын мыйзамдарына каршы келгендиктен» музыкалык карьерасын токтотуп жатканын билдирди.
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Куттуу боз үй» аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум акын Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.
Кыргызстандагы китепканалардын 192синин имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж. Алардын ичинен 42си авариялык абалда. Каражатка байланыштуу китеп фонддору да жаңыланбай келет. Борбордук китепканалар болсо эл аралык уюмдардын, чет өлкөлөрдүн акчасына жанын багууда.
Николай Рерих атындагы үй музейинде 5-декабрда “Кыргыз Ата, кыргыз Эненин келиши” аттуу күү кечеси болду. Аталган кечеде күү атасы аталган Кенжебек Алдаяр жаңы чыгарган жети күүсүн жана Кара Молдонун “Камбаркан (Сынган Бугу)”күүсүн чертти.
Дагы жүктөңүз