Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Экономика

Базар-Коргон районундагы куурап бараткан күрүч талааларынын бири. Июль, 2020-жыл.
Базар-Коргон районундагы куурап бараткан күрүч талааларынын бири. Июль, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында эгин талааларына суу жетпей, аптаптуу ысыкта жашыл талаалар куурап баратат. Базар-Коргон районунун бир топ айылдарынын дыйкандары өткөн айдан бери сугат суу талашып келе жатышат.

Суунун жетишсиздигинен пахта, беде жана күрүч талаалары четинен жараксыз боло баштады. Адистер быйылкы кургакчылык дыйкандарга терс таасир этерин айтып жатышат.

Жергиликтүү дыйкан Умитжан Эргешов четинен саргайып куурап бараткан жашыл эгиндерин көрүп зээни кейийт. Жаз алды 100 миң сом насыя алып, эки гектардан ашык жерге күрүч айдаган дыйкан мээнетке жана чыгымга ичи күйүп турат. Суусу жок аянттагы куураган шалы өсүмдүгүн четинен өрттөп жаткан экен.

«Көрүп тургандай күрүч талаалары четинен куурай баштады, - деди ал. - Азыр 30 сотых жердеги жашыл шалы саргайып баратат. Суу жок, быйыл түшүм да болбойт окшойт. Мына, карасаңар, куурап калгандарын өрт койсоң жанып кетет. Канча мээнет талаага кетти! Жаныбыздагы көлмөдөн суу чыгарганыбыз менен чыгымы көп болуп жатат. Быйыл түшүм болбосо жашоо кандай болот деп кооптонуп турабыз. Карантин да бир топ залакасын тийгизди эле. Эми жамгыр көбүрөөк жааса, суу да бир аз көбөйүп калар».

Куурап бараткан күрүч өсүмдүгү. Июль, 2020-жыл.
Куурап бараткан күрүч өсүмдүгү. Июль, 2020-жыл.

Базар-Коргон районунун Сейдикум айылынын көпчүлүк тургундары быйыл Умитжан сыяктуу эле күрүч өстүрүшкөн. Сууну көп талап кылып, 90 күн сууда жетилген өсүмдүк үчүн быйыл агын суу жок. Мындан сырткары түшүм алып жаткан пахта да суудан кечикти. Ак алтын өстүргөн фермерлер да ойлонуп турган убак.

52 жаштагы фермер Толкунбек Акбаров быйыл 2,5 гектардай жерге пахта жана күрүч эккен. Дыйкан чанак түйүп калган пахтасы кургакчылыктан күбүлүп жатканын айтты:

Толкунбек Акбаров.
Толкунбек Акбаров.

«Үй-бүлөдө жалпы 12 жан жашайбыз. Биздин негизги кирешебиз дыйканчылыктан көз каранды. Ушундан улам быйыл 1,5 гектардай жерге пахта, 80 сотыхтай жерге шалы эккем. Негизи шалы сууну көп талап кылып, 90 күн суу астында жатып жетилет. Бирок азыр сугат суу жетишсиз болуп жаткандыктан күн сайын куурап жатат. Кээ бир айылдаштарым бир гектар шалы үчүн 50 миң сомго чейин чыгаша кылышкан. Бирок эгини куурап, эч нерсеге жарабай калды. Ал эми менин пахтам азыр гүлдөп, чанак түйүп калды. Негизи ушул маалда сугарып алыш керек болчу. Азыр бул өсүмдүк чаңкап, чанактарын төгө баштады. Анын баары түшүмдүүлүккө зыянын тийгизет. Былтыр ушул эле 1,5 гектар жерге эгилген пахтадан беш тоннадан ашык түшүм алгам. Быйыл эки тонна пахта терип алсам деле кубанам. Азыр айылдаштар менен сууну кезектешип пайдалануудабыз».

Куурай баштаган пахта талаалары. Июль, 2020-жыл.
Куурай баштаган пахта талаалары. Июль, 2020-жыл.

Айылдагы «Алмаз-Суу» суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Мырзабек Маматов мындай жагдай биринчи ирет болуп жатканын билдирди:

«Казанда болсо чөмүчкө чыгат экен. Суу быйыл өтө тартыш болуп жатат. Суунун башына чейин барып келдик, ал жакта да ошол мүшкүл. Кара-Дарыя сайынан келген каналдардан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун дыйкандары пайдаланат. Ал жакта да ушул көйгөй болуп жатат. Адистер «алдыдагы күндөрү суу мындан да азайышы мүмкүн» деп жатат. Биз болгон сууну элге кезек менен бөлүп берип жатабыз. Эгин талааларына суу жетпей кургап жаткандары да бар. Биз аларды да карап, тегиз суу бергенге аракет кылуудабыз. Кургаса тегиз кургап, сугарсак тегиз суу ичели деген максат».

Жаз айларында жээктен ашып кооптуу жагдай жараткан Кара-Үңкүр дарыясында эми азыр бир тамчы суу жок. Кургакчылыктын айынан быйыл июнь айынын орто ченинде эле агын суу келбей калды. Жыл сайын августка чейин сейдикумдук дыйкандар ошол дарыянын суусун пайдаланышчу. Адистер сугат суунун мынчалык тартыштыгы 2008-жылы болгонун белгилеп жатышат. Дыйкандарды тынчтандыруу максатында мураптар азыр күнү-түнү суу бөлүштүрүү менен алек. Алардын бири Максат Эргешов мындай деди:

«620 гектар жерге секундасына 350 литр гана суу келип жатат. Ал эч жерге жетпейт экен. Аны да бир суткага берет, андан кийин да кезек күтүүгө туура келет. Элге суу жеткирип берем деп өзүмдүн эгиним куурап кетти. Баары тегиз болсун, дыйкандар арасында нааразылык күч албасын деп аракет кылып жатабыз. Бизде бир гана жол турат. Ал үчүн Сейдикум айылындагы эски суу кампаларын оңдоп чыгыш керек. 13 суу скважинасынын экөө гана иштейт. Мындан ары ушундай суу тартыш боло берсе элге кыйын болуп калат».

Базар-Коргон районундагы суу жетпеген күрүч талаалары. Июль, 2020-жыл.
Базар-Коргон районундагы суу жетпеген күрүч талаалары. Июль, 2020-жыл.

Базар-Коргон районунун эгин талааларын Кара-Үңкүр жана Сузак районунун Кара-Дарыя дарыяларынан келген суу камсыз кылат. Адистер быйыл аба ырайы кургакчыл келип, дарыялардагы суунун көлөмү 50% чейин азайганын айтып жатышат. Ушундан улам таңкыстык кийинки жылдары да болушу мүмкүн. Базар-Коргон райондук айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу бөлүштүрүүчү аймактарда күзөт менен иштеп жатканын кабарлады:

«Күн сайын өзүм, акимдин биринчи орун басары, райондук суу чарба департаментинин башчысы суу бөлүштүрүүчү аймактарды кыдырып жатабыз. Былтыр күрүч кымбаттап, быйыл шалы эккендер көп болду. Ал түгүл дарыянын жээктеринен бери уруксатсыз эгин айдап алышкан. Быйыл аларды да туура түшүнүп, жетилтип алгыла дедик. Буудайдын түшүмдүүлүлүгү да суу таңкыстыгынан быйыл аз болуп жатат. Дыйкандарга түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз».

Райондун Кайырма суу сактагычында азыр 19 млн. куб метр суу чогулган. Жыл сайын ал суу үч айыл өкмөттүн тургундарына август айынан тартып бериле баштайт. Райондун жетекчилиги алдыда мында да катаал аба ырайы болорун эске алып, суу сактагычтагы сууну пайдаланууга бере элек. Райондун аймагында 20 миң гектардан ашык эгин аянты болсо, анын алты миң гектарына суу жетпейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Сөөлжандан пайда көргөн дыйкан
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Кара-Суу районунун тургуну Мамазакир Каримов бир нече жылдан бери күнөскана иштетет. Мурда ал жашылча-жемишти өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди пайдаланып келген. Соңку эки жылдан бери сөөлжандын жардамы менен биогумус колдоно баштады. Табигый таза жер семирткичтерди саттыкка да чыгарып пайда көрүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG