Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты. Дүйнөнү пандемия каптай электе эле бал сатууда кыйынчыкка тушуккан балчылар, эми чек ара жабылып, экспорт маселеси андан да татаалдашып кеткенин белгилешет.
Экономика
шаршемби 29 Июль 2020