Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Экономика

Темир жол: башталбай жатып созулган долбоор (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:32 0:00
Түз линк

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор катары кайрадан күн тартибине чыкты. Аталган темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси эмнеде? Өлкөнүн коопсуздугу үчүн тобокелчиликтер барбы? Курулуштун башталбай жатышына сырткы факторлордун таасири болуп жатабы?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор катары кайрадан күн тартибине чыкты.

Аталган темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси эмнеде? Өлкөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдиктер барбы? Курулуштун башталбай жатышына сырткы факторлордун таасири болуп жатабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Улан Кулов жана экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев катышты.

«Азаттык»: - Улан мырза, пандемия шартына карабай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу зарылчылыгы «Борбор Азия - Кытай» онлайн жыйынында айтылды. Президент бул долбоордун Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси бар экенин айтууда. Бул жолдун тагдыры кантип чечилүүдө?

Улан Кулов: - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Эксперттик топтор акыркы убакта эле үч жолу онлайн жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эксперттердин деңгээлинде темир жолдун багыты, темир жолдун эни жана кайра жүктөө станцияларын жайгаштыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.


«Азаттык»: - Мындан бир нече күн илгери «Кыргыз темир жолу» мекемесинин жетекчиси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат деп маалымат берген. Бирок ал маалымат көп өтпөй сайттан алынды, ага эмне себеп болду?

Улан Кулов: - Бул маалымат убагында туура эмес айтылып кеткен, ага түшүндүрмө бергенбиз. Чындыгында бул жол стратегиялык мааниге ээ. Ага эң жогорку деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Эксперттер катуу иштеп жатышат, сүйлөшүүлөр уланууда. Азырынча кызыкдар тараптар бир пикирге келе элек. Ошондуктан темир жолдун курулушунун башталышы тууралуу кайсы бир датаны айта албайбыз.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору жөнүндө мамлекет башчылары деңгээлинде демилге көтөрүлгөнүнө 20 жылдан ашты, убагында айрым келишимдерге кол коюлуп, иш баштала турган болду эле. Эмне үчүн бул долбоор башталбай созулуп келатат, маселенин себеби эмнеде?

Кайрат Итибаев: - Мен бул маселенин эки себебин көрүп турам. Биринчиден, кыргыз өкмөтүнүн даярдыгынын жоктугу. «Кыргыз темир жолу» – абалы өтө начар, алсыз мамлекеттик ишкана. Акционердик коом болуп да реформаларга бара алган жок. Кыргызстан эгемендигин алган 29 жылдан бери ал мекеме бир чакырым да темир курбады, алдыдагы беш жылда да курууга кудурети жетпейт.

Экинчи себеп, Евразия Экономикалык Биримдиги, Орусия жардам берет деп күтүп келатабыз. Анын үстүнө ЕАЭБдин мүчөсү Казакстан бул жолдун курулушуна кызыкдар эмес. Казакстан эгемен жылдарында 2,5 миң чакырым темир жолду өз күчү менен салды.


Бул темир жолдун курулушуна Кытай кызыкдар, Өзбекстанда кызыгуу бар. Анткени Өзбекстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү өсүүдө. Алар темир жол аркылуу товарларын сыртка чыгарууга абдан умтулууда. Кыргызстанга андай чоң пайда болчу нерсе көрүнбөй жатат. Болгону транзиттик жүк ташуудан жылына 200 миллион доллар акча алса болот деген болжол гана бар.

Биздин өлкөнүн аймагы аркылуу салына турган 260 чакырым темир жолдун каражаты эле 6 миллиард доллардын тегерегинде болууда. Кыргызстан ошончо акчаны насыяга алып кура алабы? Жок. Биздин чарбабыз чакан, анча суммадагы акчаны таба албайбыз. Ансыз да сырткы карызыбыз 4 миллиард доллардан ашып турганда дагы карыз алабызбы?

«Кыргызстандын аймагындагы кен байлыктарды өткөргүлө, биз силерге ыңгайлуу насыяларды беребиз» деп сунуштап жатышыптыр деп угуп калабыз. Эгер андай болсо Кыргызстандын эгемендигине доо кетет. Биздин экономикалык кызыкчылыгыбызга да туура келбейт. Ошондуктан бул темир жолдун Кыргызстан үчүн келечеги жок.

Акыркы убакта Орусия бул долбоорду колдойбуз деп келатат. Анткени Орусияга Батыштын санкциялары катуу болгондуктан мындан ары Кытай менен кызматташууга, башка өлкөлөргө чыгууга кызыкдар. Темир жолду курууда Кыргызстан Кытай менен бирдикте консорциум формасында кызматташса да жакшы болот эле.


Улан Кулов: - Биз орус тарап менен 2019-жылы ушул жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин гана эмес, Кыргызстандын түндүк-түштүгүн кошкон темир жолдун долбоорун да карап чыкканбыз. Орусия тарап бул долбоорго катышууга кызыкдар.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун наркы боюнча да изилдөөлөр, эсептөөлөр болгон. Орустар менен эсептеп чыккан акыркы жолку маалыматтар боюнча 6 миллиард доллардын тегерегинде акча керек болууда. Кытай тараптын эсебинде 4 миллиард долларга жакын болууда. Албетте Кыргызстан бул долбоорго акча салууга кудурети ченелүү, бюджетинде андай акча жок. Ошондуктан биз жеке-мамлекеттик өнөктөштүктүн негизинде жана башка варианттарды, моделдерди сунуштап жатабыз.

«Азаттык»: - Темир жолду курууга жеке компаниялардын кызыкчылыгы барбы, макулдук бергендер чыктыбы?

Улан Кулов: - Ооба, бир нече жеке компания кызматташууга даяр экенин айтышкан. Бул боюнча да Кытай, Өзбекстан, Орусия менен төрт тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Темир жол: башталбай жатып созулган долбоор (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:32 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG