Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Экономика

Баткенде Өзбекстан салган мектеп ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:08 0:00

Украина президенти Владимир Зеленский армиясынын аракетин жогору баалап, бирок, жакын арада Донбасcта жана Мариуполдо айыгышкан кармаштар болушу мүмкүн экенин эскертти. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Улуттук банк 31-мартта да валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.

Милиция социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскертүүдө. Былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 290дой факт катталган.

Кыргызстандын Британия тарап менен түзүлгөн жаңы макулдашуусуна ылайык, айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарга иштөө үчүн документтерди кабыл алуу башталды.

Эрлан Искендер уулу Англияда, Лондондон көп алыс эмес Колчестер шаарында алты ай иштеп келген. Ал өткөн жылы AGRI HR компаниясынын Орусиядагы филиалы аркылуу айыл чарба тармагына мезгилдүү жумушка орноштуруу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашуунун негизинде кеткен. Эрлан ал жакта кандай жумуштарды аткарганын "Азаттыкка" айтып берди.

"Баргандан кийин кайсы жумуштарга иштей турганыңды өздөрү айтат. Кээ бирөөлөр мөмө-жемиш бышкан учурда терип, жыйнап иштейт. Мен ар кандай иштерди жасап жаттым. Биз барганда жазгы сезон башталып калган. Биз күзгү сезонго даярдык көрдүк. Визанын мөөнөтү алты ай. Мен ошол мөөнөт бүткөнүнө 15 күн калганда Англиянын аймагынан чыгып кеттим".

Эрлан Искендер уулу.
Эрлан Искендер уулу.

Британияга бул программа менен барып келген соң алты айдан кийин кайра барып иштеп келүү мүмкүнчүлүгүн алат. Учурда Эрлан эки айдан кийин кайра барууну пландап жатат. Ал Англияга барганга чейин Орусияда иштечү. Эки өлкөнүн жумушчуларга мамилеси, маянасында айырма бар экенин билдирүүдө.

"Жумуш оор эле, жеңил иш жок да. Айыл чарба болгондон кийин жеңил деле иш эмес. Айлык саатына төлөнөт. Келишим боюнча 8 саат иштейсиң, андан ашып кетсе over time деп коет, ага кошуп төлөп берет. Ошентип алты айда 10 миң доллардан жогору таап келсең болот. Бирок бул дагы сезонго жараша. Негизгиси виза режимин бузбасаң, ар бир алты ай сайын сага чакыруу келип турат. Айлык, шарты, кепилдик бар. Европа болгон үчүн Орусиядагыдай ал жакта кысым жок. Мисалы, Орусияда иштеген мекендештердин көбү полициядан качып жүрсө, Англияда алардан кеңеш, жардам сурайсың", - деди Эрлан.

Британиянын мамлекеттик программасына ылайык, айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарга иштегени 18 жаштан жогорку курактагы кыргызстандыктар бара алат. Бул тууралуу эки өлкөнүн тиешелүү тармактары макулдашкан. Британия бул үчүн Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Британиянын AGRI HR компаниясынын Кыргызстандагы филиалы жарандарды айыл чарба тармагына мезгилдүү жумушка орноштуруу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашууга ылайык каалоочулардын документтерин кабыл ала баштады.

Аталган компаниянын Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Эшенкулова Англияда иштөө үчүн анкета толтургандардын саны 4 миңге жеткенин билдирди.

"Айыл чарба иштерине, бирок мал чарбага эмес. Көбүнчө жер-жемиш, жашылча өстүрүү тармагына жумушка барат. Малина, кулпунай, алма, помидор, капуста, картөшкө жана гүл өстүрүү жагы дагы бар экен. Бул иштер жыл бою жүрө берет экен. Анткени ачык талаада дагы, теплицада дагы иштешет. Бул жумушка баруу ниети барлар AGRI HR компаниясынын сайтына кирип, ден соолугу, соттолбогону тууралуу маалымдамалары баштаган зарыл документтерди тиркеп, тиешелүү анкетасын толтурат. Ошондон кийин онлайн маектешүү өтөт. Үчүнчү баскычында, дальтонизм (өң-түстөрдү таануу), манжалардын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн текшерет. Тандоо бүткөн соң, бизге Британия тарап "ушул жарандар тандоодон өттү, чакырабыз" дейт. Андан кийин тийиштүү мекемелер сапарды уюштуруп берет".


Бул иштерге алты айлык виза берилет. Программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин өз мекенине кайтып келүүгө милдеттүү. Кыргызстандын жумушчуларды Британиянын мамлекеттик программасына катышуу мөөнөтүн узартуу, жумуш ордуна берилген квотаны көбөйтүү ушул виза режимин сактоого көз каранды экенин адистер белгилеп жатат.

"Бир дагы бала качпай баарыбыз бир кишидей болуп барып, тартибибизди жакшы көрсөтүп келе турган болсок азыркы миң квота 3 миңге жетет, андан ары беш жылдык келишим менен иштөө мүмкүнчүлүгү ачылат. Кошуна өлкөнүн жарандары былтыр ушул программа менен барып, фермага барбай эле Лондондон аэропорттон эле качып кеткен. Бул компания ошол өлкө менен кызматташуусун токтотуп койду", - деди Эшенкулова.

Ал арада милиция социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти. Былтыр мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 290дой факт катталган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Улукбек Балагазыевдин айтымында, катталган фактылардын 44ү сотко жиберилген жана басымдуу бөлүгүн кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну убада кылып, алдап кеткендер түзөт.

ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга байланыштуу 32 кылмыш иши козголгонун айтты. Алардын ичинде Европага жумушка орнотууга убада бергендер дагы бар.

"Мигранттарды мыйзамсыз алып келүү же алып чыгууну уюштуруу боюнча "Алдамчылык" беренеси менен козголгон кылмыш иштердин тогузу сотко өттү. Калган иштер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Европага жөнөтөм деген боюнча төрт иш, Канадага - беш, Корея - бир, АКШ - 10 кишини жөнөтөбүз деген боюнча иштер бар. Латвия, Литва өлкөлөрүнө ишке орноштурам дегендер бар".


Макулдашуунун сыясы кургай электе AGRI HR компаниясынын атын сатып Британияга жөнөтүүгө убада кылган шылуундар пайда болгон. Алар Европага чыгууну каалагандардан 100 доллардан миң долларга чейин акча сураган. Милиция муну уюштургандарды аныктап, тергөө башталганын билдирүүдө.

Азырынча Корея жана Британия менен гана жумушчуларды жөнөтүү боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар. Британия 1000 квота бөлсө, Корея 1800 орун берген.

Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору былтыр 3254 адамды 12 өлкөгө ишке орноштурган. Алардын 590у Орусияга, 167 адам Түштүк Кореяга меморандумдун негизинде кеткен. Эң көбү, башкача айтканда 1510 адам Түркиядагы ишканаларга жумушка орношкон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Алар жумушчуларды 20дай өлкөгө жөнөтөт. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин билдиришинче, былтыр жалпысынан мындай 203 агенттикке уруксат берилген. 2022-жылдын эки айында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жана узартуу үчүн 33 арыз келип түшкөн.

2022-жылдын башталышы менен бир катар өлкөлөр COVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрүн жеңилдетип, жумушчуларды кабыл ала баштады.

Мындан улам чет өлкөгө жумушка барууну каалагандардын жана жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн ишканалардын саны да өскөн. Ошол эле кезде чет өлкөдөн иш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып, нааразы болгон учурлар да катталууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG