Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Экономика

"Кыргызстанда окуганыма сүйүнөм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:21 0:00

Алайдагы алыскы айылдардын бири - Талды-Суу. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте турган айылдын кышы узак, жашоо шарты катаал. Эки жыл мурун кыргыз бийлиги бул айылга Улуу жана Кичи Памирден келген 80ден ашуун кыргызды жайгаштырып, үй салып берген. "Данисте" Талды-Суу айылындагы памирлик кыргыздардын турмуш-турмушу менен таанышып келди.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге коюлганын жарыялады. Ага ылайык, Кумтөр кени толугу менен мамлекетке өткөнү, рекультивациялык фонддогу каражат Кыргызстанга берилери айтылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Президент Кумтөр кени толугу менен мамлекетке кайтканын айтып, өз ара доолордон баш тартуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирип кайрылуу жасады. Сиз бул билдирүүнү кандай кабыл алдыңыз?

- Мен Кумтөр боюнча ачык-айкындуулукту талап кылат элем. Анткени мындан 3-4 ай мурун Садыр Жапаров "Кумтөр бизге өттү" деп айткан болчу. Бүгүн расмий түрдө кол койдук деп жатат. Мен эле эмес, кыргыз эли кагаз жүзүндө кандай келишимге кол коюлганын көргөбүз келет.

Кумтөр маселесин Акылбек Жапаров башынан бери жакшы билет. Анткени ал депутат болуп турганда 2003-2004-жылдагы келишимди кыргыз элине жакшы келишим болду деп айткан болчу. 2009-жылкы келишим боюнча да Акылбек Жапаров эксперт болгон.

Ал ошондой эле сөздөрдү азыр дагы айтып жатат. Деги эле Кумтөр кени кыргыз элине иштешин биз дагы каалайбыз. Мен экологиялык маселени көтөргүм келет. Өзүңөр билгендей, уулуу калдыктар сакталган жайда 2 млн. тоннага жакын уулуу калдыктар жатат.

Эксперттердин, тоо кенчилердин, Экотехинспекциянын текшергени боюнча абдан коркунучтуу. Горизонталдык жактан жылып жатат. Карьердин түштүк чыгышындагы бөлүгүндө жарака бар. Андан сырткары экологиялык эң чоң катастрофага алып келчү маселелер көп. Биз ошол маселелерди карабай эле "алтын алабыз, 500 млн. доллар түшөт" деген сөздөрдү айтып жатат. Албетте, ошого ишенгим келет. Бирок экология маселеси кандай болот деп аябай кабатыр болуп жатам. Мөңгүлөрдү азыр деле талкалап жатышат.

Акылбек Жапаров трасттык фонд тууралуу да айтты. Бул фондунун акчасы рекультивация кылуу үчүн топтолгон болчу, келишимде ошондой эле. Эми 53 млн. долларды алып келип, Улуттук банкка коюп, дивиденд катары кетиребиз деп жатат. Менде бул акчанын дайынын таппай калабызбы деген коркунуч бар.

Бул акчага тийбеш керек. Алтын деген алтын, бирок экология жагы кандай болот, аны эч ким билбейт да. Аны Акылбек Жапаров дагы, Садыр Жапаров дагы билбейт. Экологиялык катастрофа болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан 53 млн. долларга тийбей, кокус кырсык болуп кетсе ошону жоюуга жумшаш керек. Ушундай бүдөмүк суроолорго Акылбек Жапаров кагаз түрүндө элге жооп берип койсо болмок.

- Экологиялык доодон баш тартуу деген эмнени билдирет? Экологиялык шарттарды сактоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?

- Экологиялык доодон баш тартуу дегендин өзү коркунучтуу нерсе. "Центерра" уулуу калдыктарды таштап, жерди ууландырып таштап кетип жатат. Менимче, булар кеткенине сүйүнүп жатат. Кудай сактасын, эгерде уулуу калдыктарды сактаган жай жылып, же жарылып кетсе, Петров көлү жарылып кетсе Кыргызстан эле эмес, Орто Азия үчүн да эң коркунучтуу апаатты алып келет. "Центерра" ошонун баарын бизге таштап, акчасын алып чыгып баса берди. Баш тартты дегенден кийин мындан ары биз - Кыргызстан "Центерра" компаниясына доо коё албайбыз. Анткени ушул кезге чейин туура эмес жасаган иштери үчүн алар жооп бербейт. Эгерде рекультивация кылгандан кийин кетире турган болсок, анда ал башка маселе болмок.


- Өкмөт мындан ары бюджетке 500 млн. доллар түшөрүн айтып, кыргыз экономикасы үчүн маанилүү иш болгонун айтып, буга чейин болбогондой шарт түзүлдү деп жатат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- 2003-2004-жылкы келишимде Кыргызстан Кумтөрдү жоготкон. Биз 15% гана акция алып, калганын сатканбыз. Башкарууну "Центеррага" бергенбиз. Ошондо дагы "бизге абдан пайдалуу, бардыгына "Центерра" жооп берет, бизге мынча акча түшөт" деп айткан Акылбек Жапаров болгон. Ошол нерсени бетке эле айталы. Мына, кагазда турат, ошону мен Жапаровго көрсөтөйүн.

2009-жылкы келишимди дагы аябай жакшы деп айткан болчу. Азыр дагы 500 млн. доллар түшөт деп жатат. Эми ал түшөбү, түшпөйбү аны дагы көрө жатарбыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG