Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Экономика

Зея: АКШ Кыргызстанга колдоосун улантат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Ал Кошмо Штаттар Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдой берерин билдирип, эки өлкө ортосунда даярдалып жаткан кызматташуу келишиминин келечеги тууралуу айтып берди.

Бажы кызматы. 2019-жыл.
Бажы кызматы. 2019-жыл.

"Эркечтам" аркылуу Кытайдан товар ташыган ишкерлер бажы төлөмдөрү өсүп, сырттан товар алып келүү кымбатка түшүп жатканына нааразы. Алар ташылып келген товардын көлөмүнүн азайышы ички базарлардагы баага терс таасирин тийгизгенин айтып, өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту. Бирок Бажы кызматы төлөм баасы өзгөргөн жок деп эсептейт.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын мүчөсү Эмил Султангазиев бажы төлөмдөрү көтөрүлгөндөн кийин Кытайдан товар ташуу азайып, баа кымбаттаганын билдирди.

“Мисалы, чарба буюмдарына тоннасына 700 доллар төлөп келсек, 4-апрелден тартып 900 долларга чыгарды. Аны Оштун бажысы эле көтөрүп жатат. Биз бир жүк ташыган автоунаага үч түрлүү чарба буюмдарын, идиш-аяктарды жана бут кийим товарларын жүктөсөк, ошолордун баарына 900 доллар төлөгүлө деп жатат. Бирок ал ар бир товарга ар башка төлөнөт. Мисалы, бир тоннага 150 доллар төлөй турган товарлар дагы бар. Ага карабай эле баарына 900 доллар төлөгүлө деп жатат. Биз макул эмеспиз”.

Оштогу ишкерлердин басма сөз жыйыны. 13-апрель, 2022-жыл.
Оштогу ишкерлердин басма сөз жыйыны. 13-апрель, 2022-жыл.

Ишкерлердин айтымында, ушул тапта Кытайдан товар ташыган жүзгө жакын автоунаа Кара-Суу районундагы бажы тарифтөө терминалында турат.

Ишкерлер аны жаңы тариф менен эсептөөгө макулдук бербей жатат. Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, президент Садыр Жапаровдон, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон бажы тарифтерин карап, төлөмдөрдү азайтууну өтүндү.

Кытайдан ташылган товарлар Борбор Азиядагы ири дүң-соода базары Кара-Сууга келип, анан башка аймактарга тарайт. Бул базарда коңшу өлкөлөрдөн келип соода кылгандардын саны мурдагыдай эмес. Ошондуктан ишкерлер реэкспорт эсебинен тиричилик кылуу жана пайда табуу кыйындаганын айтууда.

Ишкерлердин бири Исабай Сулайманов антпесе, товардын көлөмү ушул себептен улам азайып жатат деген пикирде.

“Ушул жылы Кытай тараптан Кыргызстанга “Эркечтам” бажы бекети аркылуу январь айында 1 694 контейнер, февраль айында 1 158 контейнер чыкса, март айында 1 522 контейнер чыгыптыр. Апрель айынын башынан бери болгону 285 контейнер чыгыптыр. Бул деген жүктүн кескин азайганын, ишкерлер, айдоочулар жумушсуз калганын түшүндүрөт. Бул айдоочу эле эмес, мамлекетке салык, бажы төлөм түшпөй калды дегенди түшүндүрөт. Ар бир жүк ташыган автоунаадан мамлекетке 30-50 миң доллардан каражат түшөт”.

Түштүк бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Муратов, бажы тарифи 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда кабыл алынган бойдон өзгөрбөгөнүн билдирип, ишкерлердин талабы маалыматтын жоктугунан айтылып жатканын белгиледи.

“Баарына бирдей тариф койду деген туура эмес. Ар бир товардын номенклатурасы өзүнчө. Тышкы экономикалык иш-чаралар деген бар. Ошондо ар бир товардын позициясы классификация болуп өзүнчө бөлүнөт. Мисалы, шым, футболка болсо, алардын өзүнчө бажы төлөмү бар. Баарына биригип бир тариф койду деген эч кандай мүмкүн эмес”.

Кыргызстанга Кытайдан азык-түлүктөн баштап, электроника, кийим-кече, керектүү буюм-тайымдар ташылып келет. Кытайдан жүк ташуу Нарындагы "Торугарт" жана Алайдагы "Эркечтам" өткөрмө бекеттери аркылуу кирет.

Өткөн айда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткени белгилүү болгон. Ага чейин коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам соода жүгүртүүнүн көлөмү кескин кыскарып кеткени айтылып келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка киришкенден тарта эле "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү зарыл экенин белгилеп келет. Оштогу ишкерлердин кайрылуусуна азырынча өкмөт тараптан реакция боло элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG