Соңку чек ара чырында Достук айылына бир нече снаряд түшкөн. Чачырандысы үйлөрдүн чатыр, дарбазаларын тешип кеткен. 17 миңдей жаран үйүн таштай качып, 13-апрелде алардын бир бөлүгү кайтып барды. Кооптонуудан улам бир сыйра кийимин, документтерин камдап азыр да качканга даяр турганын айтып беришти.
Экономика
шаршемби 13 Апрель 2022
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен түзүлгөн келишимден баш тартууга бийликти чакырды. 13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден орус армиясынын Украинадагы аракеттерин алгачкы жолу «геноцидге» теңеди.