Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Экономика

Кыргыз-казак чек арасы: кезек күткөн айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Жүк ташуучу унаалардын Казакстандын чек арасынан өтө албай, кезек күтүп турганына бир аптадан ашты. Кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат деп казак тарапты айыптоодо. Коңшу өлкөнүн бийлиги бул боюнча үн ката элек. Кабарчыбыз Токтосун Шамбетов Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетине барып келди.

"Ак-Тилек" бекетинен өтө албай тизилген оор жүк ташуучу машинелер.
"Ак-Тилек" бекетинен өтө албай тизилген оор жүк ташуучу машинелер.

Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек.

Кыргызстан Казакстанды айыптап, коңшу өлкө жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) шарттарын аткарбай жатканын айтууда. Казак бийлиги жүк ташуудагы маселеде комментарий бере элек.

Кезерип кезек күткөн айдоочулар

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынынын узундугу Нарын-Торугарт жолунда 6-7 чакырым, андан кийин өткөрмө бекетке чейин 2-3 чакырымды түзөт. Каз катар тизилген "фуралардын" ичинен айрыкча тез бузулуп кетчү товар жүктөгөндөргө кыйын болду. Улам муздаткычын иштетип коюп, кезекте турган Рустам кимге кайрыларын билбей жатканын айтты.

Рустам.
Рустам.

“Алар тараптан (ред: Казакстан) жүктүн ортосун ачык кылып жүктөгүлө деген шарт болгон. Мына, жүк толук көрүнгүдөй кылып салдык, эми алар жүктөрдү аңтаргыла деп жатат. Биздин мамлекеттен жардам сурайбыз, сураныч Казакстандан тоскоолдуксуз өткүдөй кылып бергилечи. Транзит менен бараткандарды эмнеге тосуп жатканын түшүнгөн жокмун. Биз ЕАЭБдин ичиндебиз, бардык документтерим толук. Канча күндөн бери ушинтип турабыз, эч ким жардам берген жок”.

Рустам токмоктук дыйкандардын пиязын жүктөп Орусияга баратат. Бирок, Казакстанга өтө албай турганына төрт суткадай болду. Күйүүчү майга, тамак-ашка кеткен акча бир топ болду. Эми ысыкта пиязы бузулуп кетсе, таптакыр чыгымга учурайт.

"Мен бузулуп кете турган пияз жүктөп чыккам. Беш күндүн ичинде Орусиянын Курск шаарына барып калышым керек болчу. Бүгүнкү күндө кошкондо төртүнчү күнү ушул жерде турам. Казакстанга жүк ташып өткөн досторум, алар ар бир машинени бир жарым саат дыкат карап жатат дешти. Аларда Салык кызматы абдан көп убакытты алат. Чын айтайын, алардын Салык кызматы акча бербесең, коё бербейт. 2000ден 10000 теңге чейин сурашат”.

Рустамдын сөзүн улай дагы бир айдоочу Турар Аскаров кепке кошулду.

Турар Аскаров
Турар Аскаров

“Солярканын баасын көрүп жатасыңар. Тамак-ашка эле бир топ акча кетти. Орозо айы болгондуктан кечинде айрымдар тамак алып келип берип жатышат”.

Чек арадан бардык документтер талап кылынган товар жүктөгөндөрдөн башка бош машинелердин деле өтүшү кыйын. Айдоочу Таалай Калыковду кепке тарттык.

“Автоунаа жүктөп баратам. Эл катары эле кезекте турабыз. Документтердин баары жайында. Мындай боло турган болсо дагы 4-5 күн турабыз го", - деди Таалай.

Кыргызстан Казакстанды айыптады

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 18-апрель, эртең мененки маалыматы боюнча 300дөй машине тыгында турат. Алардын арасында Орусия, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын жүк ташуучулары бар. Алфараби аттуу казакстандык айдоочу мындай деди.

Алфараби
Алфараби

“17 тонна жүк бар, бардык документ жайында. Казакстан тарап жакшы киргизбей жатат. Кыргызстан бир машинени ашып кетсе 10-15 мүнөттө киргизет. Казакстан жасалма тоскоолдук кылып жатат деп ойлойм. Мурда "Карасуда" мындай болчу эмес, эки аптадан бери ушундай башталды. Биз Казакстандын өкмөтүнөн эмне болду деп сурай албайбыз. Келбейт, кабыл албайт, Интернетке чыгара дагы албайбыз”, - деди казак айдоочусу.

"Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги жетекчилердин бири Элдос Абдыманапов тыгындан улам айрым бош автоунаалар жүргүнчүлөр өтүүчү "Кең-Булуң" бекетине жөнөтүлүп жатканын айтты.

“Биз тараптан эч кандай чектөө жок. Штаттык режимде өткөрүп жатабыз. Казакстан тарап эмне үчүн мындай болуп жатканына комментарий берген жок. Оор жүк ташыган машинелердин санын азайтуу үчүн ичи бош автоунааларынын баарын Токмоктогу “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүп жатабыз”.

Абдыманапов машинелер бир жума мурда көбөйө баштаганын, алардын саны 400гө чейин жеткен учурлар болгонун, азыр суткасына орточо 120-130 автоунаа өтүп жатканын кошумчалады. Ал эми Кыргызстанга 250дөй машине кирип жатат. Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан машине өткөрүүнү улам токтотуп коюп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр улам кайталанып жатат

“Казак тарап транспорт каражаттарын өткөрүүнү улам токтотуп коюуда. Мисалы, 18-апрелде саат 3:30дан 7:30га чейин машинелер өткөрүлгөн жок”,-деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Кыргызстан кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу жүздөгөн машинелердин тыгыны пайда болушуна негизинен Казакстан себепкер деп эсептейт. 18-апрелде “Азаттык” радиосуна экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз-казак жумушчу тобу өткөрмө бекеттеги абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтты.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Бул Казакстан тараптан болуп жатат. Бир тараптуу. Өзүнүн милдеттенмелерин аткарбай жатат. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн, премьер-министрибиз февраль айында барып жүргүзгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы жетишкендиктерди бир тараптуу аткарбай жатышат”.

Казакстан маал-маалы менен чек арадагы жүк ташууда ар кандай чектөө киргизип келет. Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Казакстан дооматтарга жооп бере элек

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын элчиси Дастан Дүйшекеевди кабыл алганда дагы бул маселе көтөрүлгөн. Ошол эле күнү Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Москва шаарында жолугушп, жүк ташуу маселесин талкуулаган. Анда Кожошев Казакстан менен болгон макулдашуу ишке ашпай жатканын айткан болчу. Тараптар 19-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда бул маселе боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме өткөрүүгө макулдашкан. Азырынча Казакстан жүк ташуучулардын маселеси боюнча комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG