Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапырт кризис коштогон 2022-жылдын март-июнь айларында валюта рыногундагы олку-солкулукка карабай Кыргызстандын банк секторунун маржасы (кирешеси) 343% өскөн. Каржы жаатындагы адистер банктар кырдаалдан пайдаланып ашкере сүткорлук менен алектенип жатканын, көмүскө валюталык рынокту жоюу зарыл экенин билдирүүдө. Расмий бийлик мындай жагдайды тышкы факторлор олуттуу таасир этип, банктардын чыгымы көп болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ишкер Жыргалбек Жоробек уулу куш этин сатуу менен алектенет. Анын бизнесинин аймагын Иран, Беларус, Литва, Түркия жана Европанын дагы бир катар өлкөлөрү түзөт.

Жыргалбек чет элдик валютаны накталай алууда банктардын 5% алымы ишкерлерге күч келтирип жатканын айтууда.

"Азыр накталай эмес келген акчаны ала албай жатабыз. Менин ишкерлигим импорт-экспорт болуп эсептелет. Менин товарларым үчүнчү өлкөлөрдөн келип, Бажы союзуна таркап атат. Бажы алымын алып, андан ары кетирип жатабыз. Беларус бизге доллар менен накталай эмес которуп берет. Банк болсо бизге бербей жатат. Суммадан 5% сурап атат. Анда бизге кереги жок болуп калат. Накталай албай жатабыз. Азыркы учурда бир варианттарды колдонуп атабыз. Мисалы, ишкер болгондуктан, башка өлкөлөрдөн дагы товар алып келип, аны Кыргызстандын ичинде колдонобуз. Иранда, мисалы, SWIFT которуу иштебейт. Бизге беларустар накталай эмес которуп берет, аны биз банктан ала албай, айла жок өз акчабызды ирандарга берип жатабыз. Алар биздин салык органдарына каттарды жазып берген. Аларда SWIFT иштебегендигине байланыштуу акчаны накталай алып кетүүгө уруксат деп. Беларустан келген акчаны кээде айла жок Литвага которуп, ал жактан товар алып атабыз. Бир жума болуп калды ирандыктар бизге Түркиядан эсеп ачып берип жатат. Эми үч тараптуу келишим боюнча биз Түркияга накталай эмес которуп беребиз, ирандыктар өздөрү ал жактан накталап алып чыгып кетишет".

«Экономика жай өсүп жаткан маалда банктар 343% киреше таап жатат»

Кардарлар менен ишкерлердин каккан коңгуроосун эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү да ырастап, банк сектору экономикалык оор кризиске карабай калктын жана ишкерлердин эсебинен эселеп пайда таап жатканын билдиришүүдө.

Адистердин талдоосунда банк секторунун 2022-жылдын январь айындагы таза кирешеси мурдагы жылдын январына караганда 50% өскөнүн көрсөткөн. Февралда өсүү 40% болгон. Муну алар Казакстандагы окуяларга байланыштырат. Ал эми, март айынан баштап банктардын кирешеси дагы чоң секирик менен өсүп келет. Мартта Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал тутанганда банк секторунун таза кирешеси 200%, апрелде 300%, ал эми май айында 350% өскөн.

Каржы иштери боюнча адис Арсланбек Кененбаев Кыргызстандын банк секторун талдап, алардын отчетторун изилдеп чыкканда, 2022-жылдын беш айында банктардын маржасы 343% өскөнүн көргөнүн айтат. Мындай көрүнүш 2022-жылдын март айынан июль айына чейинки аралыкта болуп жатат.

Талдоодо банктар мындай пайданы пайыздык же кредиттик кирешеден эмес, валюталык операциядан тапканы аныкталган. Кененбаев Улуттук банктын маалыматына таянып банктардын кредиттен тапкан пайыздык кирешеси 17,5% өскөн болсо, пайыздык эмес операциялык кирешеси 335% өскөнүн белгилейт.

Арсланбек Кененбаев
Арсланбек Кененбаев

"Бул жерде кандайдыр бир кылмыштуу жагдай жаралып жатат. Экспортерлор менен импортерлорго абдан кыйын болууда. Бардык ишкерлер конвертациядан ири каражатын жоготуп жатат. Конвертациялоо үчүн Казакстанга барууга туура келип жатат. Бул жердеги адекватсыз курстун айынан Казакстанга барып акча алмаштырып келип жатабыз. Теңгенин, доллардын жана евронун курсу ар дайым секирип тургандыктан ушундай түшүнүксүз кырдаал жаралууда. Ошондуктан, банктар маржаны көбөйтүштү. Доллардын, евронун, өзгөчө теңгенин сатуу-сатып алуу курсунун ортосунан он, жыйырма, отуз, алтымыш пайызга чейин маржа көрүп жатышат. Мындай жол менен алар өздөрүнүн тобокелдигин азайтып, бирок ири суммаларды иштетүүдө. Алар жоготкон жок, тескерисинче ири каражат иштеп алды. Бүт банктар мурунку жылдын беш айына караганда 20 млрд. сом ашыкча иштеп алды. Былтыр беш айда 6 млрд сом операциялык киреше тапкан болсо, быйыл 26 млрд. сом тапкан. Бул 250 млн. доллар. Беш эле айда. Эгерде жыл аягына чейин эсептей турган болсок, ушундай жагдай улана берсе, анда банктар валюталык операциялардан жарым миллиард доллардан ашык пайда табышат".

Банк секторундагы операциялык киреше акчаны накталоо, конвертациялоо жана валютаны сатуу-сатып алуу өңдүү операциялардан турат. Июль айынын башында коммерциялык банктар чет элдик валютаны накталоодо 3 пайыздан 5% чейин комиссия ала баштаган. Улуттук банк накталай чет элдик валютанын таңкыстыгы бар экенин, коммерциялык банктар чет элдик акча ташып келүүгө кеткен чыгымдарын жабуу үчүн комиссиялык үстөк пайыздар киргизилгенин жарыялаган.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, азыркы күндө накталай чет элдик валютаны сатып алуу менен сатуунун айырмасы бир сомду түзөт. Мекеме "канча финансисттер, көз каранды эмес эксперттер жана экономисттер болсо, ошончо ой-пикирлер болот" деп эсептеп, дүрбөлөңгө түшүүнү катачылык деп билдирет.

"Банктар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Мыйзам бузуулар тастыкталган болсо Улуттук банк мыйзам чегинде каралган чараларды көрөт. 2022-жылдын 1-июнуна карата коммерциялык банктардын пайыздык эмес кирешелери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 335% өскөнү менен банктардын пайыздык эмес чыгашалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 374% өскөнүн белгилей кетүү керек".

"Валюта сатып, кырдаалдан кыянат пайдаланып жатышат"

Эксперт Арсланбек Кененбаев банктар менен акча алмаштыруу жайларында кардарларга кош мамиле жасалып, жашыруун же бейрасмий курс менен иштөө практикасы көбөйүп жатканын айтууда. Анын пикиринде банк секторундагы мындай иштер мыйзам талаасынын алкагында жасалып жатканы менен рыноктук кырдаалга жатпайт.

"Баары мыйзам алкагында болуп жатат, бирок бул рыноктук кырдаалга жатпайт. Бизде жыйырмадай банк эле валюта сатып, кырдаалдан кыянат пайдаланып жатышат, ачыгын айтканда. Ошондуктан өкмөт менен Улуттук банк тез арада валюта биржасын түзүшү зарыл. Биржада акча алмаштыруу жайлары, ири мамлекеттик жана жеке компаниялар, жеке жактар, камсыздандыруу компаниялары жана пенсиялык фонддор банксыз эле валютаны сатып же сатып ала алгандай болушу керек. Ошондо азыркыдай валюта рыногунда чоң айырмачылык болбойт. Баарына жакшы болот", - дейт эксперт.

Кененбаев Кыргызстанда "көмүскө валюта базары" тамыр жайып баратканын, бул экономика үчүн кооптуу белги экенин белгиледи.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын валюта базарындагы олку-солку жагдайдын жаралышы Орусиядагы экономикалык кризистен улам болуп жатат.

Орусияга карата санкциялардын киргизилиши жана алардын эл аралык SWIFT системасынан чыгарылышы экспорттук-импорттук операцияларыга олуттуу таасир эткен. Орусиядан келген рубль менен экспортко чыгарган товардын балансы дал келбейт. Министрлик система бузулгандан бери, валютаны жеткирип, кайра алып келүүдө кыйынчылык болуп жатканын билдирди.

Борбор Азия лидерлеринин Чолпон-Ата саммити эмнеси менен өзгөчөлөндү? Дүйнө коомчулугу Украинадагы согушка байланыштуу туруксуз абалга кептелип турган учурда Борбор Азия мамлекеттери кандай чакырыктарды эске алууда? Азыркы кырдаал аймактын интеграцияланышына жол ачышы мүмкүнбү?

Бул жана башка суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издейбиз.

Талкууга Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, дипломат Бактыгүл Каламбекова, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов, саясат талдоочу Руслан Акматбек жана интернет аркылуу Казакстандан дагы бир саясат талдоочу Амиржан Косанов катышты.

- Эл аралык, жергиликтүү эксперттер бул жыйын Борбор Азия мамлекеттерин бириктирүүгө жасалган кадам катары баалап, айырмалуу чечимдер кабыл алынат деген ар кыл божомолдорду айтып жаткан. Бул төртүнчү жолугушуу мурдагыдардан эмнеси менен өзгөчөлөндү? Мааниси, күчү эмнеде болду?

Бактыгүл Каламбекова: Албетте, жолугушуу Кыргызстан үчүн эле маанилүү эмес, дээрлик Орто Азия чөлкөмүндөгү, Евразия, эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган окуя. Буга чейин консультативдик жыйынга камылгалар башталгандан бери түрдүү көз караштар, божомолдор айтылып, баалар берилип жатат. Бирок кезектеги бул жыйын тарыхый шарты, кабыл алынган документтери, көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугу жагынан мурдагы консультативдик жыйындардан айырмаланып турат. Азыркы жалпы эл аралык чөйрө регионалдык эле эмес, глобалдык процесстер түзгөн атмосфера дагы ушул окуянын саясий жана тарыхый маанисин ишарат кылууда. Ушунусу менен айырмаланат.

Консультативдик жыйындар өзүнүн улам жаңы кырларын ачып атат. Бара-бара уюмга, бирикмеге айланабы, аны учур көрсөтөт. Бирок бул зарыл деген шарт эмес. Себеби, биз интеграциянын түрлөрүн көрүп жатабыз. Анын да мыйзам ченемдери бар. Диалог платформасы - мобилдүү, оперативдүү. Азырынча бул формат өзүн актайт.

Амиржан Косанов.
Амиржан Косанов.

Амиржан Косанов: Менимче, аймактык интеграция болсо резонанстуу окуя болмок. Стратегиялык жагынан Евразия аймагындагы тууган, боордош мамлекеттер уюм түзүү аркылуу алга жылышы керек. Бул биздин тарыхый тагдырыбыз. Бирок бизде Орто Азия ынтымакташтыгы тууралуу сөз көп, иш жок. Анын үч себеби бар. Биринчиси - президенттердин амбициясы. Кезинде Назарбаевдин амбициясы тууралуу айтылды. Түркмөнстан президенти өзүнчө нейтралитет жарыялап алды. Тажикстандын президенти көп жагдайга байланыштуу Орусияга ыктай турганын билебиз. Кыргызстанда ар түрдүү бийлик алмашуу процесстери жүрдү. Мындай саясий амбиция көп нерсеге кедерги.

Экинчиси - Орто Азия аймагындагы мамлекеттердин башка уюмдарга мүчө болушу. Казакстан ЕАЭБ уюмуна мүчө. Анын башында Орусия турат деп эсептесек, Украинадагы жагдайды көрүп жатабыз, Орусия неоимпериялык саясатын жүзөгө ашырууда боордош калктардын тыгыз ынтымакташуусуна, тектеш калктардын күчтөнүүсүнө каршы болот.

Үчүнчү маселе – Кытай. Азыр Кытай чоң инвестициялык долбоорлор, кредиттер аркылуу биздин экономикага таасир этет. Казакстан 10 млрд. доллардан ашык кредит алды. Кандай себеп, кандай негиз менен алганы калкка айтылган жок. Казак айтат “суунун да сурагы бар” деп. Биз жараянды (Борбор Азиядагы) колдойбуз, бирок көптөгөн саясий жагдайлар аракеттин жемиштүү болоруна кедергисин тийгизип жатат.

Болот Жунусов: Орустар менен украиндер бир атадан чыккан түбү бир эл, менталитети жакын, генетикасы да окшош элдер бири-бирине кол көтөрүп жатышат. Ошондуктан экономикалык интерграциядан башка толук интеграциянын да кереги жок азыр. Аймактык кызматташуу, анын ичинде элдин бирине жакындашуусу керек. Азырынча алысыраак турганыбыз оң. Мисалы, Түркмөнстан кол коюп берип атса, түркмөн эли кандай жашап жаткандыгын биз билбейбиз.

"Борбор Азия буфердик зона эмес экенин белгилегиси келди"

Болот Жунусов: Бул саммит жаңы геосаясий кырдаалда өтүп жатат. Мисалы, Казакстан чоң сыноодон өттү, стабилдүү Өзбекстанда Каракалпакcтан маселеси чыкты. Аскердик операция деп аталган чоң согуш болууда. Муну жөнөкөй аскердик конфликт деп айтканга болбойт. Катуу жер титирегендей тектоникалык чоң процесс болуп жатат. Орусия дүйнөдөгү тартипти өзгөртөйүн деп аракет кылууда. Мына, 4-5 ай өттү, ар кандай өлкөлөрдүн ар кыл көз карашы бар экен. Батыштын, Американын гегемониясын өзгөртөбүз дегендер да көрүнүүдө.

Ушундай тектоникалык жылышуулар болуп жатканда сөзсүз беш өлкөнүн лидерлери бул саммиттин жаңы күн тартибин даярдашты. Балким, былтыр Түркмөнстанда макулдашылгандыр. Бирок бул жолку макулдашуунун мааниси бүгүнкү күнгө ылайык болуп жатат. "Бири-бирибизге кол көтөрбөйбүз, аскердик конфликт болбойт, сырттан күч колдонулса, бири-бирибизди колдойбуз" деген өңдүү саясий билдирүүлөр жасалды.

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Бактыгүл Каламбекова: Мамлекет башчылары тарабынан айтылган сөздөрдүн, талкууланган маселелердин, кабыл алынган документтердин көп багыттуу максаты бар. Биринчиден, ар бир мамлекеттин коомчулук үчүн айта турган билдирүүлөрү бар. Өз алдынча регионбуз, аймактын өз орду, мүмкүнчүлүктөрү, кыйынчылыктары бар. Биз көп нерсени көрдүк, эми күчтү бириктире турган, бирдиктүү аракет жасачу мезгил келди, эшиктин оозунда биз билбеген да коркунучтар пайда болду, канткенде коркунучтарды жеңип, жалпыга бирдей турмушту кура алабыз деген деген багыт берилип жатат.

Андан тышкары чөлкөмдөгү башка өлкөлөр, бизди курчап турган чөйрө үчүн да билдирүү берилди. Буга чейин Борбордук Азияны буфердик зона катары карашкан да. Исламисттик, экстремисттик, террордук ар кандай чакырыктарына, жаңы милдеттерине, жаңы кубулуштарына каршы Орто Азияга обьективдүү, субьективдүү себептерден эле буфердик зона деген ролду бөлүп коюшкан. Биз азыр буфердик зона болуп эле бирөөнүн кызыкчылыгын коргой турган, же кайсы бир мамлекеттердин маселесин чече турган жерге айлана турган аймак эмеспиз. Орто Азия мамлекеттеринин башчылары бул ирет биз дагы эгемендиктин 30 жылдык даамын татып калган өлкөлөрбүз деп, эл аралык саясаттын гана обьектиси эмес экендигин көрсөтө турганын эл аралык аренада белгиледи.

Руслан Акматбек: Биз көңүл бура турган негизги жагдай, Борбор Азия өзүнчө аймак болуп туруп, буга чейин бирдиктүү уюму жок экен. 1994-2002-жылдары курууга аракет кылып, Орусиянын кийлигишүүсү менен өз алдынча аймактык уюм болбой калган. Кайра эле постсоветтик Орусиянын таасир аймагы катары ЕАЭБ болуп, мурдагы эле СССРдин жаңы форматындагы мейкиндикте жашап калдык. Бирок бул ирет абал башка. Айтылып жаткандай бир топ окуялар болду. Украинадагы согуш биз өзүнчө аймакпыз деген жаңы түшүнүктү алып келип жатат окшойт. Казакстандагы, Өзбекстандагы окуялар дагы чочулатты. Азыр толук кандуу ЕАЭБден тышкары интеграциялык процесс башталды деп айтсак болот. Мындан дароо жыйынтык күтпөш керек. Мына Европа Биримдиги 50 жылда араң бирикти.

Байкасаңыздар, Өзбекстандагы, Казакстандагы окуялардан сабак алып, анализдеп, жаңы форматта жолугушуп, жаңы тарыхтын башаты катары карап жаткан сыктуу. Көтөргөн демилгелери, сунуштарынын өңүтү башкараак. Мисалы, Орто Азия элдеринин бөлүнүп-жарылуусуна бирге туруштук беришибиз керек деп атат. Жаңылбасам, Токаев, Жапаров бир аймактык маалымат аянтчасын түзүшүбүз керек деди. Бул мүмкүн. XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишим алдыга жасалган аябай чоң кадам. Мында механизм сунушталып жатат. Биригели, чогуу бололу, проблемаларды чогуу чечели дегени. Экинчи жагынан, Орусия проблемасын бир тууганы Украинага кол салуу аркылуу чечип атса, эртеңки күнү биз Кремлдин өзүм билемдигинин курмандыгы болуп кетебизби деген, Батыштын санкцияларына кабылып калабызбы деген чочулоолор бар.

Амиржан Косанов: Орток медиа түзүү маселеси тууралуу. Эми эртең ошондой түзөт дейли. Түрмөнстанда баарын тамаша деп жатса, Өзбекстан медиасы Каракалпакстанда үчүнчү күчтөр деп жатса, аны биз кантип кабылдайбыз? Казакстанда деле толук кандуу сөз эркиндиги бар деп айта албайбыз. Оппозицияга, гезиттерге, журналисттерге кысым көрсөтүүлөр бар. Арийне, Назарбаевдин учурунан Токаевдики жумшагыраак. Либерализм элементтери бар. Курултай кирип жатат, мыйзамдарга өзгөртүү кирүүдө, мажоритардык система кайтып келип жатат, дурус. Бир кадам болсо да алга жылуу бар. Бирок ортолук телеканал болобу, сайт болобу, портал болобу, бийликтин сөзүн сүйлөп, коомдун нааразылыгын жатса, анын кереги жок. Бул терең ойлоно турган нерсе.

Чакырыктар

- Борбор Азия лидерлердин демократиялык өнүгүүгө мамилеси кандай?

Болот Жунусов: Батыштын эксперттеринин Орто Азияда демократия болгон эмес, Кыргызстанда убактылуу пайда болуп, ошол бойдон токтоду дегендей пикирин окуп калдым. Биз ар кандай тажрыйбаны башыбыздан өткөрдүк парламенттик кыргызча башкаруунун оң-терс жактарын да көрдүк.

Болот Жунусов.
Болот Жунусов.

Туура, демократия дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жолу. Бирок, бизде Азияда салттуулук бар. Анан дин маселеси бар. Алжирде, мисалы, демократияга толук өтүп, мусулмандар партиясы жеңип чыккан шайлоодон кийин аскердик саясий элита каршы чыгып, эки-үч жыл жарандык катуу согушка кабылды. Биздин аймакта жүз жылдан кийин диний кишилер интеграция кылып коюушу ыктымал деген ой деле фантастика болбой калышы мүмкүн. Мындай тобокелдикти билим, агартуу жана экономиканы өзгөртүү аркылуу алдын алыш керек. Ошондо элде мамлекетке сый болот, саясий катмар өзгөрүшү керек.

Дегеле демократиялык өлкөлөр гана алдыга кетет дегенге да мен толук макул эмесмин. Эмне дегенде биз Аскар Акаевдин эксперименттери менен кетип, элибиз сыртка чыгып кетти, социалдык жоготуулар болду. Өзбекстан автократиялык жол менен баратып, экономика үчүн маанилүү заводдорду, инфраструктуралык маанилүү системаларды сактап калды. Муну да чоң иш деп баалаш керек. Биз баарын жоготуп алдык. Ошондуктан, баарынын дарысы бир деп айтууга болбойт. Ар бир аймактын өзгөчөлүгү бар.

Бактыгүл Каламбекова: - Албетте, өзүбүздүн коомчулукта деле демократиянын кандай экени тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Демократия ар бир мамлекеттин, элдин өз тагдырын өзү чечүүсү үчүн өзүнүн ички ресурстарын колдоно алуусу экен. Биз демократия куруп атабыз, силер жардам беришиңер керек деген болбойт экен. Аны тажрыйба көрсөттү. Коомчулуктун мунасасы болуп, ресурстарын жай-жайына коюп, жалпы мүдөө-тилек болгондо гана демократия өзунүн ишин аткарып, максатына жетсе керек.

Амиржан Косанов: - Албетте, ар бир элдин өз тандоосу бар. Бирөөнүн жашоосуна бирөө кол сала албайт. Бирок, кечириңиздер, Түркмөнстан сыяктуу мамлекетте атасынан баласына бийлик өткөрүлүп берилип атканы кандай демократияга жатат? Бул биздин туугандык сезимибизге көлөкө түшүрбөйт, бирок, Орто Азия чөлкөмүндө демократиялык принциптер орносо деген ой бар. Черчилл “демократия жакшы нерсе эмес, бирок адамзат андан артык эч нерсе ойлоп таба элек” деп атпайбы.

“Коңшуң тынч, санааң тынч”

Амиржан Косанов: Мирзиёев мырзанын айтканы - автократтардын өздөрүн коргоо тезиси. Президенттер элдин кыйналуу себебин айтпайт, сыртка шылтайт. Сыртта үчүнчү күчтөр, биздин мамлекетке каршы иш жургүзүп жатат, ошон үчүн биригүүбүз керек дешет.

Ал эми диний экстремизм, албетте, кооптуу. Экстремизм, диний агымдар чек арага карабайт, элдеги кыйынчылыкты, бийликке нааразылыкты, протестти, экономикалык жагдайдын начарлап баратканын пайдаланат. Мына, Казакстанда кезинде көрдүк, салафизм сындуу агымдардын жумушсуз жаштарды массалык түрдө катарына кошконун, кечээги кайгылуу окуяны. Бирок, кечээги окуяны биз, казактар мындай түшүнөбүз: бул террористтердин, бүлдүргүчтөрдүн иши эмес. Калк өзүнүн конституциялык укугун пайдаланып, көчөгө чыкты. Мылтык, каруу пайдаланган жок. Муну мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген күчтөр пайдаланып кетти. Тилекке каршы ага баа берилген жок. Ошондуктан, Рахмон айтып аткан Ооганстан факторун да эч ким жокко чыгара албайт. Бул ааламдык деңгээлдеги фактор болуп кетти. Анын ичинде Орто Азия мамлекеттери бирге кадам жасаса майнап чыгар эле.

Руслан Акматбек: Ооганстан абдан эле кооптуу биз үчүн. Айрыкча, Тажикстан үчүн. Чек аралаш эки өлкө тең (Тажикстан, Түркмөнстан) кеч келди саммитке, эки өлкө тең негизги документке кол койгон жок. (XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коӊшулук жана кызматташтык жөнүндө келишим). Анткени Ооганстан коркунучунда Орусиянын колдоосуна ишенишет.

- Кыргызстандын тышкы иштер министри эки өлкө башчыларынын кол койбогондугун техникалык гана себеп, башка себеп жок деп түшүндүрдү.

Руслан Акматбек: Түркмөнстан, Тажикстан өндүү авторитардык өлкөлөрдө процедуралык маселелерге анча деле маани беришпейт. Азыркы келишимде маани берилип жатышы да ойлондура турган маселе.

Бактыгүл Каламбекова: Ооганстандагы окуяларга чындыгында тыкыр көз салышыбыз керек. Чөлкөмдүк коопсуздук маселеси өтө курч болуп атат. Жамааттык коопсуздук маселесинде биз четте тура албайбыз. Тажикстан, Өзбекстан коңшуларыбыз. “Коңшуң тынч – сен тынч.” Алардын тынч болушуна кызыкдарбыз. Колдон келген жардамды кылышыбыз керек. Бирок, Ооганстан боюнча биздин президенттин сөзүндө да белгиленди, жалпы өнүгүүнү караган бардык документтерде дагы ошол фактор эске алынып жатат. Себеби, жан жагыбызда бир коркунучтун очогу бар. Ал кайсы мезгилде кантип тутанып кетет? Биз ага канчалык даярбыз? Албетте, өзүбүздүн аймактык бүтүндүгүбүздөн, эгемендигибизден, улуттук кызыкчылыгыбыздан тышкары коргонуу стратегиябыз коңшулардын коргонуу стратегиясына да үндөш болушу керек.

Экономикалык ич ара алака

Амиржан Косанов: Дипломат айым кооперация деп жакшы сөз айтып кетти, Американы ачуунун кереги жок, 30 жыл ичинде Орто Азия эли өз багытын аныктап алды. Ар бир мамлекеттин өзунүн мыкты-мыкты тармактары бар. Кыргызсан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын сырка чыгара турган экспорттук потенциалы бар. Казакстанда Кыргызстандын жеңил өнөр жайы тууралуу жакшы сөздөр айтылат. Бизде көп нерсе декларативдүү. Бирге бололу, тууганбыз, кандашпыз, боордошпуз деп кучакташабыз. Жолугушууларды уюштурабыз. Ар мамлекет өзүнүн потенциалын пайдаланып, ошол кооперациядан баштоо керек. Алыска товарды алып баруунун кереги жок.

Болот Жунусов: Орто Азия жабык экономикалык регион катары иштей албайт. Эки - үч позиция бар: мунай, карагай, болот өндүрүшүнө байланышкан реалдуу иштер башталса саясат басаңдайт эле. Биздин көзүрүбүз – Кытай менен илгертен калган Жибек жолун өнүктүрүү керек.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Руслан Акматбек: Соода-экономикалык кызматташтык болуп эле келатат. Биздеги проблема экономикалык кызматташтык көмүскө жолдор аркылуу жүрүп атат. 2011-жылы Кыргызстандан бир айда 600 фура мөмө-жемиш чыкчу. Эгер өлкөлөр бири-биринен пайда табуу көбүрөөк болмок. Бирок, кызматташтыктан жалаң эле проблема чыгып атат. Аткезчилик, соода-экономикалык алакадагы чектөөлөр көп. Аймактык өнүгүү маселесин 2015-жылы ишкерлер жыйынында биринчи жолу тажик ишкерлери көтөрүп чыккан. Ошондон баштап жалгыздан эмес, аймактык өнүгүү пайдалуу болот экен деген талкуулар чыккан. Тилекке каршы, бири-бирибизди жасалма чектөөлөр менен алыстатып жатабыз.

Болот Жунусов: Беш мамлекеттин саясий кызматташтыгы жакшы болуп жатат. Биз Азиябыз. Бизге – саясатчыларга, ишкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге старт деген команда керек. Бир нерсе жетпей атат. 30 жыл ичинде бири-бирибизден алыстап кеттик. Советтин таасиринен чыгып, өзүбүзчө коом курабыз деп, бири-бирибизди карабай калдык. Салыштырып айтсам, Орто Азиядагы бир шаардын ичиндеги бийик дубалдуу беш махалляда ар кимибиз өз ырыбызды ырдап, комузубузду чертебиз. Ортодо барьер бар. Бул – бажыдагы эмес, элдин менталитетиндеги барьер.

Ошондуктан, Орто Азия элинин карым-катышка көңүлү болушу керек. Бири-бирибиздин сырыбызды билбей, бирдеме болсо чырылдашып кетебиз. Рухий лидерлер жетпей атат. Саясий лидерлер ушул багытта бир программаны иштетиш керек. Макулдашууда коомдук уюмдардын карым-катышы жөнүндө да жобо жүрөт.

Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз:

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG