Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Экономика

Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Жогорку Кеңеште 29-июнда Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин ишине сын доомат көп айтылды. Ал тургай атайын комиссия түзүп, бул тармакты иликтеп чыгууну сунуштагандар да болду. Өкмөт өкүлү жагдайды өзү башкарган мекеменин каражаты, мүмкүнчүлүгү чектелүү экени, энергетика тармагында абалдын оордугу менен түшүндүрүп жатат.

"Энергетикада акча жок"

Парламентте айрым депутаттар энергетика тармагындагы бир катар иштер, берилген тапшырмалар жасалбай жатканын айтып чыгышты.

Министр Доскул Бекмурзаев айтылган дооматтарга жооп кайтарды жана өзү башкарган мекеменин чамасы чак экени, акча ал тургай кызматкерлердин айлыгына акча жетпей жатканы менен түшүндүргөнгө аракет кылды.

Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

"Биздин бюджетибизде 7,5 миллиард сом тартыш. Жаңы конуштардын баарын жазында жасап чыктык. Капиталдык ремонтко, айлыгыбызга акча жок. Эки айдан бери прокуратура ар бир тыйыныбызга чейин текшерип жатат. Азыр жетекчилер бир тыйынды чыгым кылгандан коркуп отурат. Өзүңөр көрүп жатасыңар, бүгүнкү күндө электр энергиясын 77 тыйындан, 50 тыйындан берип жатабыз. Ошонун баары энергетиктердин моюнуна түшүп жатат. Өз күчүбүз менен импортко акча төлөп жатабыз. Биз дагы көп проблемаларды ачык айтпай жатабыз. Биз көп эле нерсени жасап келатабыз. Бирок чынында эле мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп жатат".

Депутат Улан Бакасов министрди мекеменин ичиндеги чыгымды азайтууга чакырды. Ал энергетиктер кесиптик майрамын шаан-шөкөт менен белгилеген учурду мисал кылды.

"Доскул Жумагулович, акча жок деп айтып жатасыз. Энергетиктер көлдө салют аттырып, кайсы бир ырчыларды чакырып, кесиптик майрамыңарды кандай майрамдаганыңарды билебиз. Бүгүн интернетте "Чыгышэлектродо "20 миллион сом зыян аныкталды, мыйзамсыз сый акы берген" деген маалымат чыкты. Ошону элге бербейсиңерби? Бул жакта акча жок деп айтасыз, тигил жакта чыгаша кыласыздар. Силер өзүңөрдүн чыгымыңарды азайткыла".

Талкууда Бекмурзаев менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кайым айтышты. Өкмөттүн өкүлү Сыдыгалиев инисин жумушка коюуну суранганын жарыялады.

Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

"Мен ачуу чындыкты айтып коеюн. Бул жерде жеке кызыкчылыкты көздөгөн адамдар жумушун тарта албай койгон инилерин кызматка коюп бер дегендердин айынан кысымчылык чыгып жатат. Мына, Нурбек мырза (Сыдыгалиев -ред) отурат. Иниси "Чакан ГЭСте" иштеген. Жумушту тарта албай жатканынан иштен алып салганбыз".

Сыдыгалиев тууганын жумушка алуу тууралуу бир жыл мурда айтканын, бирок ошондон бери суранбаганын билдирип, дооматтарды четке какты.

"Бирөөнүн жумушту тарта албай жатканын айткандын ордуна өзүңүздүн деңгээлиңизди билип алыңыз. Сиздин деңгээлиңиз райондогу РЭСтин башчысынын деңгээли. Ушундан улам кызматкерлер, адистер жумуштан кетип жатат".

Парламентте министрге болушкан депутаттар да болду. Алардын бири "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов Бекмурзаевди мактады.

"Министрдин жоопкерчилигинен мурда анын ишин дагы карашыбыз керек. Мына, бүгүнкү күндө өкмөт эрдик кылып жатат. Өздөрүнүн каражатына Киров суу сактагыча ГЭС курганы жатышат. Мындай тарыхта болгон эмес. Биз кечээ Бюджет комитети ошону колдоп, каражатты колдонууга макулдук бердик. Министр бүгүнкү күндө жакшы иштерди кылып жатат. Анча-мынча жаман нерселерди айтпай, жакшы нерселерди дагы айта кетиш керек".

Деген менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүүдө кыйынчылыктар бар экенин моюнуна алды. Бирок иш ырааттуу журүп жатканына ишендиргенге аракет кылды.

"Акыркы 30 жылдан бери тарифти көтөрбөй келе жатабыз. Ошондуктан энергетика жетерине жетти. Биз дефицитин жаап берип жатабыз. Былтыр кышында дагы, жазында дагы жаап бергенбиз. Быйылкы кышты дагы жаап бергени жатабыз. Азыркы учурда энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Бүгүнкү күндө экономиканын толук иштеши үчүн электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиардга жакын кВт саатты түзөт, анын 3 млрд. кВт сааты учурдагы тартыштыкка, ал эми 3 млрд. кВт сааты келечектеги жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүүгө туура келет. Ушуга байланыштуу электр энергиясын иштеп чыгаруунун кубаттуулугун жогорулатуу турмуштук маанилүү милдет болуп саналат жана аны кыска мөөнөттө чечүү керек. Биздин программабыз бар. Иштер башталды", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров парламентте 30-июнда түшкө чейин Бекмурзаевдин жоопкерчилиги каралып, чечим чыгарын билдирген. 1-июлда энергетика министри Доскул Бекмурзаев оозеки эскертүү алганы маалым болду.

"Кыш жылуу болду, реформа жок"

Ушул жылдын башынан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына 50 тыйындан төлөп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун былтыр жыл аягында кол койгон жарлыгына ылайык, калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт жана бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес. Энергетика министрлиги эгерде керектөө 700 кВт/сааттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштарын эскерткен.

Былтыр октябрдан баштап электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.


Бекмурзаев бул кызматка мындан туура бир жыл мурда дайындалган. Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, бул убакыт аралыгында ал өзүн реформатор катары көрсөтө алган жок.

"Ал былтыр кызматка киришип жатканда, элдин, президенттин, өкмөттүн алдында кескин реформаларды жасарын, өзгөртөрүн убада кылган. Бирок аны аткарган жок. Энергетика тармагы азыр кризисте. Ага караштуу чоң ишканалар банкрот болуп, жыл сайын миллиарддаган чыгаша менен чыгып жатат. Андагы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү керек. Кыргызда "койчусу көп болсо, кой арам өлөт" деген жакшы сөз бар. Энергетика министрлиги түзүлгөндөн кийин Улуттук энергохолдинг жоюулушу керек эле. Бардык компанияларды бир компанияга бириктирип, ушул багытта иш алып барышы керек эле. Карапайым элге тарифти тийбеш керек. Себеби айлык, пенсия, жөлөк пул көбөйгөн деле жок. Алтын казгандарга, арак чыгаргандарга, цемент чыгаргандарга бааны жогорулатуу керек. Ошондо биз бюджеттеги дефицитти азайтмакпыз. Азыр эми жабдуулардын баары эскирди деп айтып жатат, маселе чечилбей жатканын тарифке байлап жатышат. Энергетика министри коррупция менен күрөшкөн жок".

Энергетика министри ишиндеги башкы жетишкендик катары бул тармактын кыштан олуттуу кризиси жок чыкканы менен менен түшүндүрүп келет.

Эксперт Эрнест Карыбеков бул жагдайды быйылкы кыштын жылуу болгону, электр энергиясын керектөө кыйла аз болгону менен түшүндүрдү. Ал дагы башкарууну өзгөртүп, оптималдаштырууга баруу керектигине токтолду.

"Адатта кышында Кыргызстанда суткасына 75 миллион кВт саат коротсок, бул кышта эң көп дегенде 50 кВт саат гана керектедик. Ушундан улам жеңил болду. Кыш жылуу болгондуктан кошуна мамлекеттер дагы электр энергиясын бизге берип жатты. Азыр Токтогул суу сактагычы толуп жатат. Эгер келерки кыш суук болсо кыйын эле болот. Соңку үч жылдан бери электр энергиясы импорттолуп жатат. Көп каражат ушул импорттолгон электр энергияга төлөнүп жатат. Экинчиден, өкмөт тышкы карызынын баарын өзүнө алган. Муну өзүнө которуп албашы керек эле. Реформа деп аны жарым-жартылай гана баштап коюшту. Мисалы, баягы эле ортомчулар отурат. Түзүмүн кыскартып, оптималдаштырууга барышы керек эле".

"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатат.

Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыкты.

Кыргызстандагы эң ири эки аэропортту чет элдик компанияга сырткы башкарууга берүү чечими даярдалып жатканы Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында белгилүү болду.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын жарыялаган.

Бул мамлекеттик-жеке өнөктүштүк алкагында ишке ашып, аба майдандарды жаңылоо максатын көздөй турганы айтылган.

Жапаровдун айтымында, түрк компаниясы эки жылдын ичинде аэропортторго 450 миллиондон 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, учуп-конуу тилкесин, жаңы аэровокзалын жана жүк терминалын курууну убада кылган.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Эгерде 24 айдын ичинде бул шарттарды аткарбаса, салынган инвестициянын баары кыргыз өкмөтүнүн карамагына өткөрүлөт.

Биз башкарууну 50/50 пайыз кылып, пайданы да тең бөлөлү деген оюбузду айттык. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Саясий чечим кабыл алынды, азыр юристтер жана экономисттер меморандумду карап жатат. Бир-эки жумада чечилсе, Ош жана Бишкектеги аэропортторго бир убакта киришет".


Акылбек Жапаров өкмөт "Манас" жана Ош аэропортторун Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңеш берүүсү менен сынак аркылуу сырткы башкарууга берүүнү көздөгөнүн, бирок конкурска катышууну каалаган башка чет элдик компаниялар Кыргызстандын шартына көнбөй койгонун кошумчалады.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги аэропортторду эч кандай сынаксыз эле түркиялык компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатат.

Акылбек Жапаров YDA INŞAAT компаниясы менен келишимдин мөөнөтү жана шарттары боюнча кеңири маалымат берген жок.

Аэропорттор 39 жылга башкалардын башкаруусуна берилет

Бир күн өтпөй Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул маселеге кайра көңүл буруп, тактоо киргизишти. Алсак, депутат Жанар Акаев "Манас" жана Ош аэропорттору түрк компаниясына 39 жыл мөөнөткө башкарууга берилип жатканын айтып чыкты. Акаевдин айтымында, аэропорттор боюнча ачык сынак өткөрүлбөй, жең ичинен анча белгисиз компаниянын тандалышы Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Азыр Министрлер кабинети "Манас" жана "Ош" аэропортторун 39 жылга берүү боюнча түрктөрдүн анча белгилүү эмес YDA INŞAAT деген компаниясы менен меморандум түзүү алдында турат. 39 жылга биздин аэропортторубузду сырткы башкарууга берип жатабыз. Бул абдан туура эмес. Анткени, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык Финансы корпорациясы келишим түзүп, анын алкагында ачык сынак өткөрүү каралган. Ага Германия, Нидерланддар, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч бир сынагы жок, тендерсиз стратегиялык эки объектибизди бергени жатабыз".

Депутаттын маалыматы боюнча, эки аэропортту түркиялык компанияга берүүгө өкмөт аралык комиссия, Тышкы иштер министрлиги каршы чыккан. Бирок өкмөттүн жетекчилиги бул корутундуларды эске албай туруп, ири объектилерди жеке компанияга берүүгө шашылып жатат.

Жанар Акаев келишимге кол коюлса, өлкөнүн кызыкчылыгы сакталбай калышы мүмкүн экенин белгилеп, президент менен атайын кызматтын башчысын бул маселеге көңүл бурууга чакырды.


Депутат коомчулукта күмөндүү суроолор болбошу үчүн эл аралык уюмдардын катышуусунда ачык сынактын негизинде аэропорттор сырткы башкарууга берилиши керек деп эсептейт.

"Манас" аэропортун иштетүүгө башка өлкөлөрдүн компаниялары кызыкдар экени тууралуу маалыматтар буга чейин айтылып жаткан.

Ушул айдын башында дал ушул маселе боюнча журналисттерге брифинг өткөрүлүп, анда Эл аралык финансы корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлү Эркин Асрандиев жети-сегиз мамлекеттин олуттуу компанияларынан сунуш түшкөнүн айткан.

“Кызыкдар инвесторлордун арасында Германиянын, Франциянын, Малайзиянын, Түштүк Кореянын, Индиянын, Түркиянын, Орусиянын жана Аргентинанын чоң компаниялары бар”.

Өкмөт бирди, министрлик башканы айтууда

Акылбек Жапаров "Манас" жана Ош аэропортторун YDA INŞAAT компаниясына берүү боюнча саясий чечим кабыл алынып, жакын арада меморандумга кол коюларын айтканы менен, тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы карама-каршы чыгууда.

Маселен, аталган аэропортторду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында тышкы башкарууга берүүнү уюштуруу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жүктөлгөн.

Мекеменин директору Равшан Сабиров аба майдандары боюнча ачык сынактын жыйынтыгы аягына чыга электигин жана түрк компаниясы тандала электигин билдирип жатат.

Равшан Сабиров
Равшан Сабиров

"Биз бул боюнча Эл аралык финансы корпорациясы аркылуу ачык сынак жарыялаганбыз. Ага дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчундагы аэропорттордун менежерлери катышкан. Ал иш-чара Бишкектеги "Орион" мейманканасында өткөн. Анда аэропортту дүйнөлүк стандартка шайкеш келтирүү, учуу-конуу тилкеси, тейлөө тармагы, аба ырайынын ар кыл шартында учуп-конууга шарт түзүү, Европа өлкөлөрүнүн "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча сөз болгон. Эки этаптан турган сынактын алкагында аэропортту башкарчу компания тандалышы керек. Ал эми Акылбек Жапаровдун соңку билдирүүсүнө мен комментарий бере албайм", - деп айтты Равшан Сабиров.


Дал ушундай эле жоопту "Азаттыкка" ачык сынакты уюуштурууга жооптуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов да берип, аэропорттор боюнча сынак өтө электигин ырастады.

Мындай жол менен "Манас" жана Ош аэропортторун сырткы башкаруу берүү боюнча өкмөт жетекчилиги менен тиешелүү органдардан эки ача пикир чыгып жатат.

Келишимдин шарттары кандай?

Ал тапта "Азаттыкка" кыргыз өкмөтү менен түркиялык YDA INŞAAT ишканасынын ортосундагы эки аэропортту тышкы башкарууга берүү боюнча меморандумдун долбоору деген кагаздар келип түштү.

YDA INŞAAT компаниясынын жазган каты
YDA INŞAAT компаниясынын жазган каты

Быйыл июнь айында иштелип чыккан делген долбоордо "Манас" жана Ош аэропортторун 39 жылдык мөөнөткө түрк компаниясынын башкаруусуна берүү каралган. Бул үчүн YDA INŞAAT 557 миллион доллар инвестиция салат. Бул каражатка аэропорттордун азыркы инфраструктурасын оңдоо, жаңы терминалдын имараты, жүк ташуучу терминал куруу, жерден кызмат көрсөтүү үчүн транспорт жана жабдыктарды алуу, жаңы кампаларды салуу пландалууда.

Түшкөн каражаттан алгачкы он жылда мамлекетке белгилүү бир сумма төлөнсө, кийинки теңме-тең бөлүнүшү керек.

Меморандумдун долбоорунда түрк компаниясы инвестиция үчүн кошумча нарк салыгынан, бажы төлөмдөрүнөн жана 10 жылга киреше салыгынан бошотулат.

YDA INŞAAT компаниясынын таржымалы

Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, YDA INŞAAT компаниясы 1993-жылы Түркияда негизделген. Курулуш, аэропортторду башкаруу, өнөр-жай объектилерин, жол, көпүрөлөрдү куруу тармагында иштейт.

Буга чейин компания Түркия, Казакстан, Орусия, Сауд Арабиясы, Ооганстан, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө бир нече долбоорду ишке ашырган. Алардын ичинде оорукана, жол салуу сыяктуу долбоорлор бар.

YDA INŞAAT ишканасы ишке ашырган долбоорлор. Схема компаниянын расмий сайтынан алынды.
YDA INŞAAT ишканасы ишке ашырган долбоорлор. Схема компаниянын расмий сайтынан алынды.

Ал эми аэропортторду оңдоо жана башкаруу жаатында Түркиядагы Даламан, Казакстандагы Актау, Түркстан жана Албаниядагы Влёра сыяктуу аба майдандарды оңдоп-түзөп, башкарганын көрүүгө болот. Булардын баары ошол өлкөлөрдөгү аймактык деңгээлдеги аэропорттор болуп саналат.

Эгер "Манас" аэропорту YDA INŞAATтын башкаруусуна өтсө, анда бул алардын колундагы баш калаада жайгашкан алгачкы борбордук аба майдан болуп калат.

"Манас"- маанилүү обьект

"Манас" жана Ош аэропорттору Кыргызстандагы эл аралык макамы бар эң ири аба майдандар. Эки аба майдан тең “Манас” ачык акционердик коомунун курамына кирет. Каржы жагынан дал ушул эки объект гана кирешелүү. Президент Садыр Жапаров өткөн жылы аэропорт 3 млрд. сом таза киреше менен чыкканын айткан.

"Манас” аэропортун тышкы башкарууга берүү жөнүндө демилге жаңылык эмес. Буга чейин тышкы башкарууга гана эмес, менчикке берүү тууралуу демилгелер көтөрүлгөн.


Мисалы, 2013-жылы Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешмеде аэропортторду орусиялык ишканаларга берүүгө кыргыз бийлиги кызыкдар экенин айткан. Көп өтпөй “Манас” аба майданын сатууга тендер жарыяланып, ага сегиз компаниядан сунуш түшкөн.

Бул коомчулукта бир топ каршылыктарды жаратып, чоң сумма сунуштаган Орусиянын “Роснефть” компаниясы аэропортту сатып алуудан баш тарткан. Кийинки бийликтин тушунда да ушундай аракеттер көрүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG