Күнүмдүк көртирлик, жеке пенделик турмуштан бийик ой жүгүртүп, жумурай-журт, келечек багытка серп сала, элдин уюткусу атыккан инсандардын жеке жашоосунун ой-кыры жалпы журтка маалым эмес, бирок, кызык экендиги айныксыз. Ал мыйзамченемдүү көрүнүш, талап экендигине дүйнөдөгү ири саясатчылардын, искусство, маданият ишмерелеринин, окумуштуулардын жашоосу, күнүмдүк иш ыргагы, жеке турмушу, сүйүүсү, азап-арманы тууралуу жазылган чыгармалар, тартылган сүрөттөр, кинофильмдер жакшы далил. Кыргызстандын мыйзам чыгаруу жаатында 1990-жылдан бери иштеп келе жаткан депутат Өмүрбек Текебаев он жылдан ашуун мезгилден бери эл өкүлү катары кандай маселе болбосун өз оюн ачык айтууга дилгир инсан. Саясатчылык көп кырдуу турмушунда ага ар күнү дем, күч берген кандай эрежеси бар? Ал тууралуу Текебаев өзү мындай дейт:
- Менин иш күнүм гезиттерди окуудан башталат. Жумушту баштаганча аналитикалык материалды үлгүрүп окуп, анан аларда айтылган ойлордон улам пайда болгон иштерди аткаруудан башталат. Бул жылдан-жылга, күндөн-күнгө кайталанып, көп жылдан бери калыптанган тартип.
Саясатчылардын сергек жашоосуна, жемиштүү иштөөсүнө таң эртеңден тарта спорттук машыгуусу дем берет деп көп айтышат. Спорттук машыгуу Өмүрбек Текебаевдин жигит кезинен ишке ашыра албай келе жаткан арманы:
- Мен көп жылдан бери машыгайын деп аракеттенип келатам. Чынын айтыш керек, күндө кийинки айга, кийинки дүйшөмбүгө же эртеңкиге калтырып жүрүп ушул убакка чейин машыга албай келатам.
Адам натыйжалуу иштеш үчүн дарыгерлер эртең менен аз, жеңил, бирок, кубаттуу тамакты жешин эскертип келишет. Маселен, Англиянын «темир айымы» мурунку премьер-министр Маргарет Тетчер ар күнү таң эртең саат беште туруп, сүттөгөн чай ичкен соң эки саат кыймылдабай майын чыгара иштеп, мыкты ойлорун ишке ашырганын айтып жүрүшөт. Текебаев эртең менен такыр даам сызбайт:
- Мен эртең менен тамак да, чай да ичпейм. Бул үч километр жерге жөө барып мектепте окуп жүргөндө эрте туруп, кечигебиз деп чуркаган учурдан, кийин ар дайым уйку канбай кеч туруп, лекцияга чуркаган студенттик курактан калган. Кийин мектепте иштеп жүргөндө деле үч километр жерге жөө барыш керек болгондуктан эртең менен тамак ичүүгө убакыт жок эле. Мына ушул тартип менде калыптанып калгандыктан эртең менен чай же башка тамак ичүү жок. Тураарым менен дароо жумушка киришүү же күнүмдүк турмуш менен алектенүү башталат.
Депутаттын айтымында, ар күнү эртең менен аткарчу бир иши бар. Ал - балдарын бала бакчага даярдоо:
- Алардын да туруктуу проблемасы бар. Алар тишин жуугусу келбейт же тургандан кийин көзүн жуугусу келбейт. Анан туруп эле эртеден кечке мультфильм көрсөткөн каналды коюп алышып, телевизордун жанынан чыккысы келбей ошол жерде калгысы келишет.
Анын эртең мененден кечке чейин ишке ашпай, мазесин алып келе жаткан арманы деле жоктой. Бирок, ар күнкү милдет мурунку күндөн калган иштин өтөлүнө чыгуу аракети колун байларын жашырган жок.
«Эми ойлор кырдаалга жараша, кечээ болгон окуяларга жана бүгүн күтүлүп жаткан окуяларга жараша болот».
Түстөн ак менен караны, мезгилден жазды жакшы көргөн депутат Текебаев ар күнү эртең менен костюм, галстук, көйнөгүн күтүлүп жаткан окуяга жараша тандап киет.
Ал эми күн сайын жашоосуна дем берип турган жалгыз өзөк өзүнүн тобокелге баруучулук батылдыгы менен ага түрткү берип турган ички туюму экен:
«Эл эмне деп ойлоп калат экен» - деген пикирден алыс болуш керек. Ашынган консерватор, ашынган авангардист да болуунун зарылдыгы жок. Биринчи кезекте өзүңдүн туруктуу, так позицияң болуш керек. Ошол позиция, ошол принцип эч качан адаштырбаган маяктай дайыма алдыга алып кетет. Бирок, ошол маякты жалгыз аң-сезим менен ээрчиш кыйын. Бул жерде сезим жана ички туюм менен гана аракет кылыш керек деп ойлойм».