Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

ЖОРЖ СОРОС: «КЫРГЫЗСТАНДА КӨЗГӨ КӨРҮНӨРЛҮК ЖЫЛЫШТАРГА ЖЕТИШҮҮГӨ РЕАЛДУУ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»


Сапар Орозбаков, Бишкек Жорж Сорос шаршембиде, Кыргызстандагы өзүнүн иш сапары бүтөөр алдында «Азаттык» радиосунун, «Слово Кыргызстана» жана «Республика» гезиттеринин, «АКИ-пресс» жана «Ассошиейтед-пресс» маалымат агенттиктеринин өкүлдөрүн кабыл алып, Кыргызстандын азыркы абалы жана келечеги тууралуу ой бөлүштү. «Бул жакка мен өтө пессимисттик маанай менен келдим эле. Президент менен сүйлөшкөндөн кийин менде бир аз үмүт пайда болду. Менин оюмча, 2 жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк жылыштарга жетишүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк бар», - деди белгилүү финансист жана филантроп журналисттер менен жолугушканда.

Жорж Сорос өзүнүн Кыргызстанга келгендеги максатын «Борбордук Азиядагы Америка университетине колдоо көрсөтүү» деп түшүндүрдү. Анын айтымында, университетке жардам иретинде 15 млн. доллардан турган фонд түзүлүп жатат. Ал өзү бул фондго 5 млн. доллар берээрин айтты. 10 млн. долларды болсо АКШнын өкмөтү берет. Ал университеттин жатаканасын курууга дагы 2 млн. доллар берээрин кабарлады. Жорж Сорос бул университет жөнүндө өтө жылуу пикир айтты.

- Бул университет сөз жана маалымат эркиндигинин аркасы менен академиялык деңгээлге жетти. Ал буга президент сөз эркиндигин жактаган үчүн гана жетишти, - деди Жорж Сорос. Ал Кыргызстанда көз карандысыз экономикалык институт ачуу тууралуу ниети бар экендигин жана бул жөнүндө президент менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Институт экономикалык саясатты жана стратегияны иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзөт.

- Бул институтка Гайдар, Ослунд, Домбровский, Бальцерович өңдүү чет өлкөлүк эксперттер тартылат. Бирок ал Кыргызстандын институту болот, - деди Жорж Сорос.

Таанымал финансист мурдагы жолугушууларында өлкөдөгү абал тууралуу кескин пикир айтканы бар. Мисалы, шейшемби күнү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда ал Кыргызстандын келечегин «бүдөмүк» деп, грек трагедиясы менен салыштырган болчу. «Борбордук Азиядагы демократиялык өнүгүүгө жетишерлик көңүл бөлбөй жатат» деп, ал өнүккөн өлкөлөрдү сындаган. Журналисттер менен жолугушуусунда да Сорос өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон көмүскө күчтөр бар экенин, анын таасирин азайтыш үчүн маалымдуулукту күчөтүш керек экенин белгиледи.

- Менин оюмча, региондо коррупция кеңири тамыр жайган. Ал ар кандай деңгээлде жана ар кандай сыпатта. Казакстанды ала турган болсок, албетте, ал өлкөдө бийлик өз абалынан кыянатчылык менен пайдаланат, бирок профессионалдык жактан алып караганда анын квалификациясы жогору. Ал эми Кыргызстанга келсек, бул жердегилердин көпчүлүгү коррупцияланганы аз келгенсип, иши да натыйжалуу эмес, - деди белгилүү финансист. Соростун ою боюнча, экономикага зыян кылып жаткан коррупция жоюлса, Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырып кетиш анча деле кыйын эмес. Ал ушул маселеде жалпы коомчулуктун чечкиндүүлүгү зор роль ойноорун белгилеп, өзүнүн жаңы ачканы жаткан институтуна көп үмүт кылаарын белгиледи. Жорж Сорос америкалык куралдуу күчтөрдүн Кыргызстанга жайгашышын Кыргызстан үчүн оң фактор катары баалады.

- Бул жерде америкалык куралдуу күчтөрдүн келип жайгашышы Кыргызстанга пайдалуу. Анткени АКШ өкмөтү мыйзамдын үстөмдүгү жана экономикалык өнүгүү сыңары башка демилгелерди да колдойт, - деди Жорж Сорос. Кыргызстанда болгон 3 күн ичинде ал өз көз карашын кардиналдуу болбосо да, бир аз өзгөрткөнү байкалат.

- Бул жакка мен өтө пессимисттик маанай менен келдим эле. Президент менен сүйлөшкөндөн кийин менде бир аз үмүт пайда болду. Менин оюмча, 2 жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк жылыштарга жетишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар, - деди Жорж Сорос. Ал бул үчүн соттун көз карандысыздыгын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маанилүү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG