Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

КЫТАЙДА БАРЫМТАДА ЖАТКАН КЫРГЫЗДАР


Үстүбүздөгү жылдын июнь, июль айларында Кытай Эл Республикасынын Шинжаң уйгур автоном районунда барымтада жаткан Кыргызстандын 4 атуулу Нарынга чектеш чек араны бузуп качып келишкен.

Бул жөнүндө Нарындагы Тайлак баатыр атындагы 92832 номерлүү чек ара аскер бөлүгүнүн командири, подполковник Чолпонбек Турусбеков «Азаттыкка» буларды баяндады:

- Быйыл өзгөчө жыл болуп атат, чек араны бузган адамдар боюнча. 27-июнда биздин чек аранын участкасында чек ара бузулган. Бузган кишилер - Кыргыз Республикасынын үч атуулу, экөө нарындык жигиттер экен, бирөө болсо Оштон болот экен. Бул жигиттер чек араны бузуп Кыргызстанга келген себеби - Кытайда Шинжаң уйгур автоном районунда барымтада жүрүшүптүр. Булар атайын даярданышып, биздин чек аранын жолдорун байкап, чек араны бузуу схеманы тартып алып, үч күн жол жүрүп, биздин чек арадан өтүп келишкен. 3 жигит 27-июнда өткөн. Бирөөсү 2,5 жыл Кытайда барымтада жүргөн, орустар айткандай, «долговой ямада», бир жигит 1,5 жыл, үчүнчү жигит 7 айдай жүргөн. 15-июлда дагы бир баланы кармадык, ал дагы чек араны бузуп «СуперМАЗ» маркасындагы автомашинада кузовдун үстүнө атайын ящикти даярдап, ошонун ичине жашынып келатканда кармадык. Ал айтып атат, эки жылдан ашык ошол жерде болуптур. Кул болуп эле калышкан булар.

Подполковник Турусбековдун айтымында, учурда коңшулаш Кытай мамлекетинде барымтада көптөгөн мекендештерибиз жатышат:

- Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунда биздин атуулдар бар. Биздин маалыматыбыз боюнча, 90-100дөй киши Кашкарда, Артушта, берирээк жерде турган өткөөл соода базасында биздин атуулдар карыз барымтасында жатышат. Арасында кыз-келиндер да бар.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун долбоорунун директору Дамира Осмоналиева буларды кошумчалады:

- «Бирөөдөн карыз, товар алып, анан барымта катары туугандарын же тааныштарын таштап жүрүшөт» деген маалымат бар, бизде. 100-150 киши барымта формасында Кытайда калган. Бирок бул так эмес, себеби бул кылмыштын түрү жабык мүнөздө болгондуктан, жапа чеккендердин санын так айтуу абдан оор.

Ал эми эки жылдан ашык Кытайда барымтада жаткан Нарын районунун тургунунун бир туугандарынын айтуусу боюнча, алардын иниси темир өткөргөн жакын туугандарына алданып, анын карызы үчүн ошол жактагыларга барымтада калган. Атын айтууну каалабаган, барымтада жаткан жигиттин туугандарынын айтуусуна караганда, анын инисин, ата-энесин ортого салып, «ошол жакта иштейсиң, 100 доллардан 200 долларга чейин айлык төлөп беребиз» деп, документтерин бүтүрүп алып кетишкен. Өз жерине мыйзамды бузуп качып келген мекендештерибизге укук коргоо органдары кандай чара көрүшөт?

- Биринчи үч жигиттен эч жакка кетпестиги тууралуу тилкат алдык, шаардын ичинде тергөө өткөрүлүп атат. Төртүнчү жигитти УККга өткөрүп бердик, ал жигиттен дагы ошондой тилкат алынып, тергөө жүрүп атат. Бул 4 жигит - биздин мамлекетибиз үчүн кылмышкерлер эмес. Булар аткезчилер же рецидивисттер эмес, - деген оюн айтты Нарындагы чек ара аскер бөлүгүнүн командири Чолпонбек Турусбеков.

Анын пикиринде, Кытайда барымтада жаткан мекендештерибизди өз жерине кайтаруу жана мындан ары мындай окуяларга жол бербеш үчүн Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районуна Кыргызстандын өкүлчүлүгүн ачыш керек. Азыр Нарында дагы бир барымтадагы жигиттин апасы ушул чек ара аскер бөлүгүнө жардам сурап кайрылууда.

XS
SM
MD
LG