Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

АВИАЦИЯ ТАРМАГЫНДА КӨЙГӨЙ КӨП


2001-жылы «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому менчиктештирилип, натыйжада ««Манас» аба майданы», «Кыргызстан аба жолдору» жана «Кыргызавианавигация» аттуу 3 компания пайда болгон. Талдоочулардын айтымында, менчиктештирүүдөн кийин деле атуулдук авиациянын абалы оңолуп кеткен жок.

Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон тартып авиация тармагынын абалы начарлай баштады. Совет бийлигинен кийин «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясынын менчигине өткөн учактар эскирди. Кошумча тетиктер жана күйүүчү-майлоочу май чет өлкөдөн ташылып келгендиктен, алардын баасы көтөрүлүп, буга жараша белет баасы да кымбаттады. Натыйжада калктын басымдуу бөлүгүнүн учак менен жол жүрүүгө алы келбей, алыскы Баткен, Нарын, Ысыккөлгө аба аркылуу жүргүнчүлөр ташылбай калганына көп болду. Баткен аймагынан Жогорку Кеңешке шайланган депутат Ташболот Балтабаевдин айтымында, республиканын эң алыскы облустарынын бири болгон Баткенге учактардын каттабай калганына 2 жыл толду. Балтабаев «жакын арада Бишкек-Баткен авиакаттамынын кайра калыбына келишине көзүм жетпейт» дейт:

- Мына эки жылдан бери Баткенге учак каттабай калды. Мен бул маселени тынымсыз көтөрүп келатам. Транспорт жана байланыш министрлиги «биз губернатордун суранычы менен Баткен аба майданын облустук бийликке өткөрүп бердик» дейт. Мен буга таңгалдым, анткени, жазарга кагаз таппай отурган облустук бийлик кантип учак учурат – буга акылым жетпейт!

Бийлик өкүлдөрү «кыргыз авиациясында көйгөйлөр болгону менен, соңку жылдарда жакшы жылыштар бар» деген пикирлерин айтышууда. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Авиация департаментинин башчысы Тимур Муратовдун пикиринде, токтоп калган ички авиакаттамдар кайра калыбына келе баштаганын билдирди.

- Жабылып калган көп ички каттамдар ачылган жана ачылып жатат. Мисалы, Ысыккөлдөгү «Тамчы» аба майданы быйыл ачылды. Ал эми Нарын шаарындагы аба майданы, буюрса, эки-үч күндүн аралыгында ачылып калат.

«Тамчыдагы» аба майданы быйыл 9-августта ачылган жана келерки жылдын апрель айына карата ал «Боинг» үлгүсүндөгү учактарды кабыл алууга даярдалууда.

7-октябрда Кыргызстандагы атуулдук авиациянын 70 жылдык салтанатында премьер-министр Николай Танаев авиация тармагынын бир катар көйгөйлөрү бар экендигин белгилеп, учактарды жаңылоо иши башкы маселе экендигин айтты:

- Бир катар маселелерди чечүү милдети турат. Алардын бири – эскирген учактарды жаңыларына алмаштыруу жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү ишин жакшыртуу.

«Кыргызстан аба жолдору» акционердик коомунун вице-президенти Шакир Жангазиевдин айтымында, Совет өкмөтү кулагандан кийин Кыргызстандын менчигине 100дөн ашуун учактар өткөн. Бирок ушу тапта алардын 10дон ашыгы гана абага көтөрүлөт дейт Шакир Жангазиев:

- «Кыргызстан аба жолдорунда» жалпы учактардын саны 100дөн ашчу. Азыркы талапка жооп берген ондон ашуун учак азыр кызматка жарап жатат. Эгер кошумча дагы учак керек болсо, токтоп тургандарын оңдоп, учурса болот. Бирок ага каражат керек.

Айтмакчы, 2001-жылы «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому менчиктештирилип, натыйжада ««Манас» аба майданы», «Кыргызавианавигация» жана «Кыргызстан аба жолдору» деген үч компания пайда болгон. Шакир Жангазиевдин айтымында, «Кыргызстан аба жолдору» өткөн жылды 20 млн. сом таза киреше менен жыйынтыктаган. Бирок быйыл андай киреше жок. Шакир Жангазиев:

- Биринчи жарым жылдыкта Ирактагы согуштун таасиринен жана Кытайдан чыккан өпкө кагыны оорусунун кесепетинен улам чыгымдарыбыз жабылбай калды, киреше алган жокпуз.

«Кыргызстан аба жолдору» учактардын эскилигинен жана күйүүчү майдын кымбаттыгынан жапа чегип жатса, өз алдынча бөлүнүп алган «Манас» аба майданынын мойнунда миллиондогон долларлык карыздар бар. Анткени Кыргызстан Жапониянын Эл аралык кызматташтык банкынан «Манас» аба майданын оңдоп чыгууга 30 жылдык мөөнөт менен 55 млн. доллар алган. Карызды «Манас» аба майданы өз күчү менен төлөй алабы же республикалык бюджетти жардамга чакырабы – бул азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG