Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

ПАРЛАМЕНТ ӨЛҮКТӨРДҮ МЫЙЗАМСЫЗ ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА САТУУ МАСЕЛЕСИН КАРАДЫ


24-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлүктөрдү мыйзамсыз пайдалануу жана сатуу боюнча маселени карады. Бул маселени жыйынга алып чыккан депутаттар «Кыргыз медициналык академиясы багар-көрөрү жок адамдардын сөөктөрүн мыйзамсыз пайдаланып, аларды Германияга сатып келген» дешти. Ал эми Кыргыз медициналык академиясынын жетекчилери болсо «өлүктөр илимий иш үчүн гана пайдаланылган, бир да өлүк сатылган эмес» деп атышат.

Кыргыздын салтында, дегеле мусулманчылыкта адамдын сөөгүнө өтө этият мамиле кылышат. Бирок Германиянын Гейдельберг универститетинин пластинацияны ойлоп тапкан профессору Гюнтер фон Хагенс медицинада чоң ачылыш жасаганы менен сыймыктанат. Айта кетели, пластинация - адамдын денесин атайын суюктуктун жардамы менен бальзамдап катыруу. Ал дене медициналык окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралы катары кызмат кылат.

1996-жылы Кыргыз медициналык академиясы менен Германиянын Гейдельберг шаарындагы Пластинация интститутунун ортосунда өлүк консервалоо жана аны медициналык максатта пайдалануу, ал үчүн Кыргызстандан өлүктөрдү Германияга жөнөтүп туруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Кийин Медициналык академиянын алдында Пластинация борбору да ачылган.

Кыргыз медициналык академиясынын операция жана топографиялык анатомия кафедрасы түрмөлөрдөн, ооруканалардан багар-көрөрү жок, сурап алары жок адамдардын денелерин алып келатат. Алсак, 1998-жылдын январынан тартып 2003-жылдын июнуна чейин түрмөлөрдө каза тапкан 2500 кишинин 315и Медициналык академияга берилген. Мындан тышкары, Медициналык академия өлкөдөгү ооруканалардан, анын ичинде Чымкоргондогу ооруканадан жана Республикалык патологоанатомикалык бюродон да каза болгон адамдардын денелерин алып келген жана алып жатат. Чымкоргондогу оорукана 157 өлүктү Медициналык академияга берген. Ал эми 1996-жылдан ушул күнгө чейин Германияга 35 миң тонна адам денелери жөнөтүлгөн. Алар бажыдан «окуу куралы» катары документтештирилет экен.

Бул маселени парламенттин отурумуна алып чыккан депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, Медициналык академия Германияга жөнөткөн өлүктөр мыйзам боюнча Кыргызстанга кайра пластинация катары жиберилиш керек эле, бирок иш жүзүндө анын көбү ошол жакта калууда:

- Гюнтер фон Хагенстин ондогон миллион долларынын тагдыры тууралуу сөз болуп, анын тагдыры чечилип жатат. Анткени, Кыргызстандан башка мамлекеттердин бардыгы Хагенске эшигин жапкан. 2000-жылы Кыргызстандан кырктай өлүк жөнөтүлгөн, ал эми 2001-жылы 217 өлүк кеткен, ошолордун бири да кайра кайрылып келген эмес.

Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, Кыргыз медициналык академиясынын муздаткычында сакталып турган өлүктөрдүн арасынан 10 адам киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган:

- Он өлүктүн жаракаты бар болуп чыкты. Демек, аларды бирөөлөр өлтүргөн. Анан кандайдыр түшүнүксүз себептер менен Медициналык академиянын жертөлөсүнө түшүп калган да, Германияга даярдала баштаган.

Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, бул жерде чоң акча айланып жатат, анткени Хагенстин адам денелеринен уюштурган көргөзмөсүнө Германияда бир күндө 10-20 миң адам кирет жана анын белет баасы - 15-20 евро. Бул көргөзмөнү 12 млн. адам көргөн жана «анда кыргызстандыктардын өлүктөрү да пайдаланылган» деген маалыматтар бар.

«Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндөгү» мыйзамдын 52-беренесине ылайык, «анатомиялык тартуу» деген түшүнүк бар. Ал боюнча, адам көзү тирүүсүндө өзүнүн денесин медициналык максат үчүн пайдаланууга уруксат берип, керээз калтырып кете алат. Мындан тышкары, киши колдуу болбой, өз ажалынан каза тапкан, бирок жаны чыккандан тартып 30 күнгө чейин ким экендиги таанылбай жана жерге берүүчү жакын ага-туугандары табылбай калган адамдын сөөгү да мыйзамга ылайык «анатомиялык тартуу» катары саналат. Бирок туугандары, сурап алаары бар адамдардын сөөктөрү деле Кыргыз медициналык академиясында пайдаланылып, жок болуп кеткен учурлар аз эмес экен. Алсак, 2000-жылы 24-январда Бишкектин тургуну Кеңешбек Жаналиев үйдөн чыгып кетип, дайынсыз жок болот. Анын тууган-уруктары милиция, оорукананын баарын тинтип, өлүү-тирүүсүн билбей кала беришет. Быйыл гана депутат Акбөкөн Таштанбеков Кеңешбек Жаналиевдин Медициналык академия аркылуу жок болуп кеткенин билип, маркумдун туугандарына кабарлаган. Кеңешбек Жаналиевдин бир тууган иниси Нарынбай Мамакеевдин айтымында, анын агасы алгач акыл-эсин жоготуп, №4 ооруканага түшүп, ошол жерден каза тапкан. Жаналиевдин туугандарына № 4-оорукананын дарыгерлери «бизге андай адам түшкөн жок» деп жооп беришкен. № 4-ооруканадан Жаналиевдин сөөгү Медициналык академияга жеткирилип, ал жерден жок болуп кеткен. «Ушул күнгө чейин агамдын сөөгүн таппай жатабыз», - дейт Нарынбай Мамакеев.

Депутаттардын алдында сөз сүйлөгөн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү быйыл бул иштерге тиешеси бар бир катар адамдарга каршы кылмыш иши козголгонун маалымдашты.

- Патологоанатомиялык бюронун жетекчиси Ж. Турганбаевге каршы кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөөсү бүтүп, иши сотко өттү. Дагы бир факты боюнча, 110 өлүктүн негизинде, анын ичинде, киши колдуу болгондор боюнча да, Улуттук коопсуздук кызматы түрмөлөрдүн жетекчилеринин жана ал жерде иштегендердин үстүнөн кылмыш иштерин козгоду, - деди башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев.

Башкы прокурор сөз кылган Жума Турганбаев - Республикалык патологоанатомиялык бюронун жетекчиси. Бюро Германияга 98 өлүк жиберген.

Паламентте сөз сүйлөгөн Гюнтер фон Хагенс Кыргызстандан эч бир өлүк сатып албаганын, эч кимге өлүк үчүн акча төлөбөгөнүн айтып, бул маселени көтөрүп чыккан депутат А.Таштанбековду «профессионал алдамчы» деп трибунада туруп айыптады.

- Менин көргөзмөмдө Кыргызстандан бир да дене жок. Мен муну мурдагы маалымат жыйынында да айткам, - дейт Гюнтер фон Хагенс.

Депутаттар «бул жерде кылмыш ишин козгоого бир катар негиздер бар» деп, маселени укук коргоо органдарына тапшыруу тууралуу токтом кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG